Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №642
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы Техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүү боюнча комиссиянын Жобосу I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасындагы Техникалык жөнгө салуу системасынөнүктүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия), техникалык жөнгө салуу,Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунуннегиздери жонүндө"
Мыйзамын (мындан ары Мыйзам) жүзөгө ашырууну камсызкылуу, соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды азайтуу жаатындамамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондойэле техникалык жөнгө салуу жаатында ишке ашырылып жаткан чараларды Бүткүлдүйнөлүк соода уюмунун жана башка эларалык жана аймактык уюмдардынстандартташтыруу боюнча эрежелери жана сунуштамалары менен шайкеш келтирүүмаксатында түзүлгөн. 2. Комиссия өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жанаушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Комиссиянын ишмердигине жетекчиликти Төрага, ал жокто -анын орунбасары жүргүзөт. 4. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министрлигитехникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органы катары КомиссиянынСектретариаты болуп эсептелет. II. Комиссиянын милдеттери Комиссиянын негизги милдеттери: - техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүүгө байланыштуу жанабиргелешкен чечимди иштеп чыгууну талап кылган маселелерди кароо; - Комиссия кабыл алган чечимдердин жана сунуштардын аткарылышынамониторинг жасоо; - техникапык регламенттердин жана техникалык жөнгө салуу боюнча башкадокументтердин долбоорлорун иштеп чыгуу программасын даярдоодо КыргызРеспубликасынын аткаруу бийлигинин органдарынын жана башка кызыкдаруюмдарынын макулдашкан ишмердигин камсыз кылуу; - техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү аналитикалык материалдардыдаярдоону уюштуруу. III. Комиссиянын укуктары жана иш-милдеттери Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу: - мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ата мекендик жана четэлдик эксперттерди (макулдашуу боюнча), башка кызыкдар тараптарды тартууменен убактылуу жумушчу топторду түзүүгө; - техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүү маселелери боюнчасунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынынөкмөтүнө кароого киргизүүгө; - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынан жана башкауюмдарынан Комиссияга таандык иштер боюнча материалдарды жанамаалыматтарды белгиленген тартипте суроо жасоого жана алууга; - Комиссиянын отурумунда министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрунКомиссияга таандык маселелер боюнча угууга жана тиешелүү чечимдерди кабылалууга; - Комиссиянын алдында турган тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгонбашка аракеттерди жүзөгө ашырууга. Комиссиянын мүчелөрү милдеттүү: - Комиссиянын отурумдарына катышууга; - ушул Жобо менен жүктөлгөн милдеттерин жана иш-милдеттерин сапаттуужана өз убагында аткарууга. IV. Комиссиянын курамы Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу мененбекитилет. V. Комиссиянын иштөө тартиби 1. Комиссиянын отурумдары Комиссия мүчөлөрүнүн макулдуулугу менен арбир кварталда бирден кем эмес өткөрүлөт. Отурум өткөрүү күнү жана ордуТөраганын макулдугу менен (ал жокто анын орун басарынын) КомиссиянынСекретариаты тарабынан аныкталат. 2. Комиссиянын мучөлөрүнүн кӨпчүлүгү же анын Төрагасынын (ал жоктоанын орун басарынын) демилгеси боюнча кезексиз отурум чакырылышы мүмкун. 3. Комиссиянын отурумунда карала турган маселе боюнча материалдарсунуш кылып жаткан тараптын жетекчиси кол койгон коштомо каты мененкөрсөтүлөт жана ал кирген документ катары Комиссиянын катчылыгы тарабынанкаттоодон өткөрүлөт. 4. Отурумга тиешелүү материалдарды даярдоону Комиссиянын Секретариатыжүргүзөт. 5. Комиссиянын отурумунун күн тартиби жана материалдары Комиссиянынкезектеги отурумуна он күн калганга чейин жөнөтүлөт. 6. Отурумдун күн тартиби катышып жаткан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөйкөпчүлүгү менен кабыл алынат. Комиссия мүчөлөрунүн сунуштары боюнчаотурумдун күн тартибине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 7. Комиссиянын отуруму, ага катышып жаткан Комиссия мүчөлүрүнүн жалпысанынын үчтөн эки бөлүгүнүн кем эмеси катышкан учурда гана чечим кабылалууга укуктуу. Кворум болбой калган учурда отурумга катышып олтурганКомиссия мүчөлөрүнүн макулдугу боюнча Төрага (ал жокто анын орун басары)белгилеген күнгө которулат. 8. Отурумдун күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча Комиссиянын чечими,ага катышып жаткан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгу менен кабылалынганда гана мыйзамдуу деп эсептелинет. 9. Комиссиянын чечими протокол түрүндө катталат, ага Төрага (ал жоктоанын орун басары) кол коет. 10. Чечимди кароонун жана кабыл алуунун жүрүшүндө Комиссиянын мүчөлөрүтарабынан айтылган өзгөчө пикирлер протоколго милдеттүү түрдө киргичилетже Комиссия мүчөсүнүн коштомо каты менен өзүнчө документ катарыкөрсөтүлөт. 11. Протоколдор Комиссиянын катчылыгы тарабынан жүргүзүлөт. Протоколдункөчүрмөлөрү Комиссиянын мүчөлөрүнө алардын талаптары боюнча берилет. 12. Комиссиянын чечими кызыкдар органдарга жана адамдарга кат түрүндөКомиссиянын катчылыгы тарабынан жеткирилет. 13. Комиссиянын кароосуна жиберилген иш кагаздары, ошондой элежыйындардын протоколдору 3 жылга чейин сакталуута тийиш. VI. Комиссиянын жоопкерчилиги Комиссия милдеттерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн КыргызРеспубликасынын Президентинин астында жооп берет.