Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-сентябры № 654
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.А.Сабиров
сунуш кылган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбооруна тиркел-
ген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 12-сентябры № 17-10/213
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин депутаты А.А.Сабиров киргизген Кыргыз Республикасынын Салык ко-
дексинин долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен төмөнкү негиз-
дерден улам аны кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Каралып жаткан Кодекстин долбоорунун көпчүлүк жоболору жалпысынан
Кыргыз Республикасынын Президенти түзгөн атайын комиссия иштеп чыккан
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-мартындагы № 212
"Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексин (Салык
кодексин) колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын жана Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодекси-
нин (Салык кодексинин) долбоорлору тууралуу" токтому менен Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилген Кодекстин долбоору-
нун жоболоруна окшош же бирдей. Ошону менен бирге эле салык алууга ка-
рата мамилелерде олуттуу өзөктүк айырмалар бар.
Сунуш кылынган долбоордун көп жоболору салык мыйзамдарынын колдо-
нуудагы эрежелерин олуттуу өзгөртөт жана азыркы түзүлгөн шарттарга туу-
ра келбейт. Айрым жоболору салыктык негизди азайтып, айрым салыктар са-
лык мейкиндигинен таптакыр чыгарылып салынгандыгын айтпаганда да, айрым
салыктардын ставкаларын жүйөөсүз төмөндөтүп, ошондой эле салык кызматы-
нын укуктары бир кыйла кыскарып калгандыгы киреше түшүрүүгө өтө терс
таасир тийгизет.
Мындан тышкары Кодекстин каралып жаткан долбоору Кыргыз Республи-
касы эл аралык каржылоочу донорлордун, атап айтканда ЭВФнын, Дүйнөлүк
банктын жана башкалардын алдында алган көптөгөн милдеттенмелерин бузаа-
ры сунуш кылынган документти кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгынын
абдан маанилүү себеби болуп саналат.
Албетте, Кодекстин сунуш кылынган долбоору салык төлөөчүлөргө ка-
рата бир кыйла салык жењилдиктерин караган, бирок мында бюджеттин кире-
ше бөлүгүн кыскартуучу олуттуу шарттар эске алынган эмес, бул салык са-
ясатын туура жүргүзүү үчүн зарыл принциптердин тењ салмагын бузат. Бул
бюджеттин сарптоо бөлүгүн аткарууда терс натыйжаларга алып келет.
Алсак, бюджеттин киреше бөлүгүнүн салыктык негизи бир кыйла кыска-
рат, атап айтканда:
- КНС наркы 20дан 15 пайызга чейин азаят - бюджет мындан 2,5 млрд.
сомдой жоготот;
- автомобиль жолдорун пайдалануу салыгы, ФПЛЧСка чегерүүлөр, таш-
танды ташып чыгуу салыгы, машина коюу жыйымы салык мейкиндигинен чыга-
рылат - бюджет мындан 1,7 млрд. сомдой жоготот;
- сатуудан түшкөн салыкты төлөөчүлөрдүн чөйрөсү кыскарат (КНС тө-
лөөчүлөр чыгарылат) - бюджет мындан 0,4 млрд. сомдой жоготот;
- пайда салыгы, жеке киреше салыгы (бул салыктар боюнча ставкалар
10 пайызга чейин кыскаргандыгына карабастан), КНС ж.б. боюнча кошумча
жењилдиктер жана чыгаруулар берилген - бюджет мындан 0,05 млрд. сомдон
0,2 млрд. сомго чейин жоготот.
Бул сунуштардын бардыгы бюджеттин кирешелеринин 4,65 млрд. сомдон
4,8 млрд. сомго чейин олуттуу азайышына алып келет.
Ушуну менен бирге төмөнкүлөргө көњүл буруу керек.
Долбоордун 2-статьясынын жоболорунда салык жењилдиктерин алыш үчүн
эл аралык келишимдерди же башка эл аралык актыларды ратификациялоо ка-
ралбаган. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык эл
аралык келишимдер же башка эл аралык актылар ратификациялоосуз эле кү-
чүнө кире алат. Ошентип, күчүнө кирген кандай гана болбосун эл аралык
макулдашуу ратификациялоосуз эле айрым чарбакер субъекттерге салык же-
њилдиктерин берип кое алат. Мында бул долбоордун 4-статьясынын 3-бөлү-
гүндө жекече мүнөздөгү салык жењилдиктерин берүүгө тыюу салынат деп ай-
тылган. Салык алуу максатында ратификациялоо Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењеши же Кыргыз Республикасынын Президенти чечим кабыл алуучу
өлкө үчүн айрыкча маанилүү жана пайдалуу эл аралык келишимдер боюнча
башка ыкманы колдонууга уруксат берүүнү караштыраарын белгилеп коюу ке-
рек. Ушуга байланыштуу каралып жаткан статья бюджеттин акталбаган жого-
тууларына да алып келет.
Долбоордун 4-статьясынын 10-бөлүгүндө "бүдөмүк" жана "карама-кар-
шылыктар" деген эмне экендиги аныкталбаган. Бул терминдерди абдан
кењири чечмелөөгө мүмкүн болгондуктан, алар такталмайынча коррупцияла-
шууга өбөлгөлөр түзүлүп калат.
15-статьянын жоболорунда салык боюнча укук мамилелерине, бажы ор-
гандары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин
Борбордук казыначылыгы жана анын органдары бюджетке салыктарды жана
жыйымдары эсептөө жана алуу, ашыкча төлөнгөн салык жана жыйым суммала-
рын эсептөө жана кайтаруу маселелеринде, салык жана бажы органдарынан
тышкары белгиленген тартипте салыктарды жана (же) жыйымдарды кабыл ал-
ган жана талап кыла алган, ошондой эле алардын салык төлөөчүлөр жана
жыйым төлөөчүлөр тарабынан төлөнүшүнө көзөмөлдүк кылуучу мамлекеттик
аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруучу-тескөөчү органдарынын катышуучулары жөнүндө айтылган эмес.
19-статьянын 8-бөлүгүндө төлөнгөн кирешелердин суммалары тууралуу
маалыматты жылына бир жолу - 1-февралдан кечиктирбей берүү сунуш кылы-
нат. Бул ошондой эле долбоордун 25-статьясында да айтылган. Колдонууда-
гы Кодексте мындай маалымат ай сайын берилет.
20 жана 21-статьяларда салык кењешчиси, адвокат жана аудитор гана
эмес, ошондой эле каалаган жак салык өкүлү боло алат. Жарандык келишим-
дик мамилелердин бул чөйрөсү жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынууга
тийиш, ошондуктан долбоордо салык кењешчисинин укуктарын санап отуруу-
нун зарылдыгы жок.
Мындан тышкары бул статьяларда карама-каршылыктардан алсак, салык
кењешчилери, адвокаттар жана аудиторлор 20-статьянын 2-бөлүгүндө эскер-
тилген, ага ылайык алар салык төлөөчүнүн салык өкүлдөрү боло алышат.
Бирок, андан ары Кодексте басым салык кењешчилерине гана жасалган. Мын-
да 21-статьяда салык кењешчиси салык төлөөчүнүн өкүлү катары катуу
аныкталган. Демек, бул статья адвокаттар менен аудиторлордун салык тө-
лөөчүнүн кызыкчылыгын коргоо боюнча укуктарын олуттуу чектейт.
22 жана 24-статьялар (2-бөлүк) салык төлөөчүлөрдүн укуктарын жана
милдеттерин чектейт, анткени салык төлөөчү Салык кодексинин тийиштүү
бөлүмдөрүндө каралган дагы башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу
мүмкүн.
Кодекстин долбоорунун 29-статьясы салык кызматынын ишинин бардык
жагдайларын толук ачып берген эмес. Мисалы, Салык кызматынын түзүмүн
жана милдеттерин, бажы органдарынын, жергиликтүү салык органдарынын жа-
на башкалардын укуктарын жана милдеттерин алсак болот.
32-статьяда салыкты өз убагында төлөбөөнү колдогон нормалар кирип,
салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн тийиштүү жоопкерчилик карал-
баган. Алсак, ар бир күн үчүн 0,05% өлчөмүндө үстөк салуу (аталган дол-
боорго ылайык) чындыгында салык төлөөчүгө мамлекеттин жењилдетип кредит
беришин (жылдык 18%) билдирет. Азыркы учурда колдонуудагы салык мыйза-
мына ылайык салык төлөбөгөндөргө пайыздардан (үстөктөн) тышкары төлөн-
бөгөн ар бир ай үчүн 5% өлчөмүндө айып салынат.
33-статьядагыдай эле 34-статьяда да Кыргыз Республикасынын Адми-
нистрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин жана Кылмыш-жаза кодекси-
нин анык бир статьяларына шилтеменин зарылдыгы жок, анткени алар өзгөр-
түлүшү жана алып салынышы мүмкүн болгондуктан чечмелөөдө бүдөмүктүккө
жана карама-каршылыкка, ошондой эле мыйзамдардын карама-каршылыгына
алып келет. Мындан тышкары аталган статьянын шарттары боюнча жоопкерчи-
лик дароо эки Кодекс боюнча келип чыгып, бул Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына каршы келет.
Долбоордун 36-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчүгө тиеше-
лүү маалыматты ал тургай салык кызматынын башка кызматкерине ал өзүнүн
кызматтык милдеттерин аткарган учурда да, ошол салык төлөөчүнүн жазуу
түрүндөгү макулдугу менен гана ачууга болот. Бул жобо салык кызматынын
кызматтык милдеттерин аткарууда айрым бир (кээде өтө алгыс) кыйынчылык-
тарды туудурат.
Долбоордун "Салык төлөөчүнү каттоо" деп аталган III бөлүмүн жалпы-
сынан караганда резидент эместерди каттоо тартиби, салык төлөөчүлөрдүн
каттоосунан чыгаруу, салык төлөөчүнү бир чөлкөмдөн экинчисине көчкөндө
эсепке алуу ж.б. сыяктуу айрым жоболор жоктугун белгилөө керек.
38-статьянын 3-бөлүгүндөгү нормаларга ылайык жарандардын бардык
категориялары, анын ичинде жањы төрөлгөндөр, киреше албагандар, ошондой
эле кирешелеринен бирдиктүү ставка боюнча төлөө булагында 10 пайыз өл-
чөмүндө салык алынуучу жактар да катталат. Бул норма максатка ылайыксыз
жана азыркы учурда чындыгында аткарылбайт (мисалы, МСИнин маалымат ба-
засында бардык балдарга карата алар бойго жеткиче улам чоњоюп турган
маалыматтар камтылууга тийиш, буга жараша ал маалыматтар 18 жыл бою
пайдаланылбайт).
Долбоордун 42-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык салыктын ар башка түр-
лөрү боюнча салык карыздарын төлөө кезеги салык төлөөчү тарабынан анык-
талат. Буга жол берүүгө болбойт, төлөөнүн кезектүүлүгүнүн эрежеси Ко-
дексте так айтылууга тийиш.
Долбоордун 44-статьясына ылайык салык милдеттенмеси төлөм докумен-
тинде көрсөтүлгөн убакытта аткарылган болуп саналат. Азыркы учурда са-
лык милдеттенмеси Казначылыктын учурдагы эсебине акча каражаттары келип
түшкөн күнү аткарылган болуп эсептелет. Сунуш кылынган редакцияга да
макул эмеспиз, анткени Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы ми-
нистрлиги азыркы учурда колдонуудагы тартипти өзгөртүүгө техникалык
жактан даяр эмес.
54-статьяда салыктар боюнча ашыкча төлөө суммаларын салык карызын
төлөө эсебине эсептөөгө мүмкүндүк берген норма жок.
60-статьяда:
- 1-бөлүктө текшерүүлөргө карата эч жүйөсүз беш жылдык мораторий
киргизилген. Салык кызматы текшерүүлөрдү пландоодо салык төлөөчүлөр та-
рабынан салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдарды аткарбоо ыктымалды-
гын мүмкүн болушунча эске алууга тийиш;
- 2 жана 3-бөлүктөрдө жогоруда аталган себептер боюнча тек-
шерүүлөргө 5 жылдык чектөөнү киргизүү да өзүн актабайт;
- башка бөлүктөр боюнча: Салык кодексин салык кызматынын ишмерди-
гин жөндөөчү маселелер менен оордотуунун зарылдыгы жок. Салык кызматы
майнаптуу иштөөгө жетишүүгө жана салык көзөмөлүндөгү артыкчылыктарды өз
алдынча аныктоого тийиш.
61-статьянын 5-бөлүгүндө салык органынын демилгеси боюнча текшерүү
мөөнөтүн токтотууга тыюу салынган катаал норма жөнсүз каралган. Текше-
рүү мөөнөтүн токтотуу мүмкүнчүлүгү салык төлөөчүлөргө да, ошондой эле
салык органдарына да өз ара макулдашуу боюнча берилүүгө тийиш.
70-статьянын 2 жана 5-бөлүктөрүнүн жоболору өтө эле бюрократтал-
ган. Аталган нормаларга ылайык ар бир документке суроо-талап түзүү за-
рылдыгы келип чыгат. Бирок, текшерүүнүн жүрүшүндө кайсы документтерди
кароо зарылдыгын, ал эми кайсынысы каралбастыгын дароо аныктоого мүмкүн
эмес.
79-статьянын 4-бөлүгүнө ылайык ишкердик кылбаган жеке адамдар кас-
са ыкмасын пайдалануу менен эсеп жүргүзүүгө милдеттүү. Жеке жактарды
касса ыкмасы боюнча эсеп жүргүзүүгө милдеттендирүү максатка ылайыксыз
деп эсептейбиз.
Жогоруда аталгандан тышкары жалпы жана атайын бөлүктөрдө
төмөнкүдөй зарыл нормалар жок:
- салык төлөөнү кийинкиге калтыруу жана мөөнөтүн узартуу тартибин
жөнгө салуучу;
- салык отчетторун берүү мөөнөтүн узартуу;
- салык эрежесин бузгандыгы үчүн салык жазаларын колдонуу жол-жо-
болору;
- рейддик текшерүүлөрдү, хронометраждык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- салык отчетун электрондук түрдө берүү ж.б. 112-статьяда салык
амортизациясынын нормалары жөнсүз жогорулатылган.
"Пайда салыгы" деп аталган бөлүмдө РППУ түзүүгө банктардын чыгарып
салуулары, чыгарып салынбачу чыгымдар каралбаган.
"Социалдык салык" деген XI бөлүм боюнча: аныктамага ылайык салык
катары акысыз төлөм түшүнүлөт. Ошентип, "салыктын" жекече камсыздануу
эсебине жана милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна кетүүчү бөлүгү
акырында пенсия же медициналык кызмат көрсөтүү түрүндө кайтарылат жана
салык катары таанылышы мүмкүн эмес.
195-статьяга ылайык импортко карата КНС Салык кызматына төлөнөт.
Администрациялоо көз карашынан алганда бул аткарылбайт. Мындан тышкары
бул норма импортер салык төлөөчүгө терс таасир тийгизет, анткени им-
портко КНСти Салык кызматына төлөө товарларды бажыдан өткөрүүнү создук-
туруп коет.
211-статьянын 3-бөлүгүндө айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдөн КНС
алуу сунуш кылынган.
211-статьянын 3-бөлүгү акциздик салыктын ставкасын учурдагы жыл
бүткөнгө чейин өзгөртүүгө тыюу салат. Бул норма кандайдыр бир даражада
өлкөнүн экономикалык абалын кыйындатышы мүмкүн, себеби Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү салык ставкаларын тышкы экономикалык кырдаалга жараша
акциз салыгынын негиздик ставкаларынын чегинде өзгөртүү укугуна ээ бо-
лууга тийиш.
"Жер казынасын пайдаланууга салык" деген XIV бөлүм жалпысынан кен
иштетүү компанияларынан салык алуудагы эл аралык стандарттарга ылайык
келбейт. Мындан тышкары, каалагандай белгиленген роялти ставкалары эко-
номикалык жактан жөнсүз. Аны аныктоо жана администрациялоо механизми
бонустун табиятына жооп бербейт. Мунун бардыгы кирешелердин бюджетке
кем түшүүсүнүн жогорку ыктымалдыгына шарт түзөт. Бонус менен роялтини
администрациялоо системасы татаал, чиеленишкен жана карама-каршы. Салык
алуу максатында терминология иштелип чыкпаган.
"Мүлк салыгы" бөлүмүндө жер участкаларын коммерциялык пайдалануу-
нун бирдиктүү коэффициенти жөнсүз белгиленген, бул чоњ аянттарды ээле-
ген өнөр-жай ишканаларына, ошондой эле кен ишканаларына терс таасир
тийгизет.
"Патент негизинде ишмердик кылуу" деп аталган 57 жана
"Жөнөкөйлөтүлгөн салык алуу" деп аталган 58-главалар Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү милдеттенме катары кабыл алган эл аралык каржы донорлору-
нун талаптарына ылайык келбейт.
Мындан тышкары жалпы мүнөздөгү бир катар сын пикирлер бар:
- карама-каршы нормалардын көптүгү;
- Кодекстин бүткүл тексти боюнча туура эмес шилтемелер;
- салык алуу максатындагы айрым терминдер жок;
- кайталанма жоболор бар;
- жоболордун көпчүлүгүндө так нормалар жок жана эки башка чечмелөө
бар.
Ошентип, Салык кодексинин сунуш кылынган вариантында юридикалык
документ катары да, Кыргыз Республикасынын салык системасын андан ары
реформалоо жагынан да көптөгөн олуттуу кемчиликтери бар. Айрым жоболор
кароого жана кабыл алууга татыктуулугуна карабастан, канткен менен
алардын көп бөлүгү ошондой эле Мамлекеттик бюджетти аткаруу көз карашы-
нан алганда да ылайыксыз, анткени аталган долбоор кабыл алынган учурда
бюджеттин киреше бөлүгү жылына 4,6 млрд. сомдон ашык жоготмокчу.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин аталган долбоорун кабыл
алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов