Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-сентябры № 666 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун өткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Окмотунун
2008-жылдын 10-июль № 372 токтомунда,
2008-жылдын 29-декабрындагы № 729) Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммити КыргызРеспубликасында 2007-жылы өтө тургандыгына байланыштуу, кичи терминалдыжана кичи перронду жанаша аймагы менен андан ары пайдалануу максатында,ошондой эле "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалында жана кичиперронунда оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө бөлүнгөн кыскамөөнөттү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети "Манас" эл аралык аэропорту"ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы"Авиация департаменти"мамлекеттик ишканасынын балансында турган кичи тер-миналды перрону жана аянты 12,49 га жер участогу менен рынок наркындатөлөө мөөнөтүн 2009-жылдын аягына чейин жылдыруу менен сатсын.(Кыргыз Республикасынын Окмотунун
2008-жылдын 10-июль № 372 токтомунда,
2008-жылдын 29-декабрындагы № 729) 2. "Манас" эл аралык аэропорту" төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - расмий делегацияларды тейлөө үчүн кичи терминалды, кичи перрондужана ага жанаша аймактарды реконструкция жүргүзүү жана иштерди2007-жылдын 25-майына чейин бүткөрүүнү камсыздоо; - геодезиялык жана инженердик-изилдөө иштерин, кичи терминалда жа-на кичи перрондо долбоорлоо-оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүбоюнча заказчы катары чыгуу жана подрядчыларды аныктоо; - 2006-жылдын 30-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик-тин Мамлекеттик картографиялык кызматы менен кичи терминалдын жана кичиперрондун топографиялык-геодезиялык иштерин аткарууга техникалык тап-шырма берүү жана келишим түзүү; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында-гы Авиация департаментин жайгаштыруу үчүн "Манас" эл аралык аэропорту-нун аймагында жай берүү. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик агенттик "Манас" эл аралык аэропортунун кичитерминалында жана кичи перронунда долбоорлоону жана оњдоо-калыбына кел-тирүү иштерин параллелдүү жүргүзүүгө заказчыга уруксат берсин, долбоор-ду макулдашууну камсыз кылсын. 4. "Кыргызгииз" ачык акционердик коомуна "Манас" эл аралык аэро-порту" ачык акционердик коомуна отчетторду берүү менен "Манас" эл ара-лык аэропортунун кичи перронунун районунда 2006-жылдын 30-сентябрыначейин инженердик-изилдөөлөрдү жүргүзүү сунушталсын. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик долбоор-лоо менен удаалаш оњдоо-калыбына келтирүү иштеринин шарттарын эске алууменен "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна геодезиялыкжана инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүүнү долбоорлоодо, оњдоо-калыбынакелтирүү иштерин жүргүзүүдө жана "Манас" эл аралык аэропортунун кичитерминалы менен кичи перрону үчүн материалдарды, инвентарларды жанабашка жабдууларды сатып алууда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык бир булактан сатыпалуу ыкмасын колдонууга уруксат берсин. 6. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине "Кант цемент-шифер комбина-ты" ачык акционердик коому менен бирдикте "Манас" эл аралык аэропорту"ачык акционердик коому берген графикке ылайык оњдоо-калыбына келтирүүиштерин жүргүзүү үчүн 7500 тонна М-500, 2000 тонна М-400 маркасындагыцементти үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу сунуш кылынсын. 7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Ма-нас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна 2006-жылдын биринчижарымында жана 2007-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чет өлкө-лүк Экономикалык Кызматташтык фондунун (OECF) ортосундагы Макулдашуугаылайык берилген займ жагынан каралган төлөмдөрдү (негизги карыз жанаэсептелген проценттер боюнча төлөмдөр) бир жыл алты айга кийинкиге жыл-дыруу мөөнөтүн берсин. 8. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна2005-2006-жылдар үчүн финансы-чарбалык иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюн-ча акциялардын пакетинин мамлекеттик үлүшүнө эсептелген дивиденддердитөлөө жагынан бир жыл алты айга кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берсин. 9. "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-рлигинин алдындагы Авиация департаменти жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2002-жылдын 12-декабрындагы N 848 токтомунун 4-пункту күчүнжоготту деп табылсын. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-ларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов