Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-сентябры №669 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Өзгөртүп жабдылган жүргүнчүлүк автомобиль транспортту коопсуздуктун шарты боюнча нормативдик талаптарга ылайык келтирүү жөнүндө Жүргүнчүлүк автомобиль транспорттун кыймылын тартипке салуу жана коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30- декабрындагы № 639 "Продукциянын милдеттуу түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукциянын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы № 2106 позиция менен толукталсын: -----------------------------------------------------------------------|2106 |Жалпы |8702101190 |ГОСТ Р41.52-2001|МБ, |1 || |пайдалануудагы, |8702101990 |(Пр.ЕЭК ООН N52)|ЭКГ, |2 || |сыйымдуулугу |8702109190 | |ПБ, |КМС || |чакан |8702109990 | |ЭБ |804: || |автотранспорт |8702901190 | | |2000 || |каражаттар |8702901990 | | |боюнча|| | |8702903190 | | | || | |8702903990 | | | |----------------------------------------------------------------------- ". 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жүргүнчүлүк транспортко өзгөртүп жабдылган автомобилдерди транспорт каражаттын коопсуздуктун талаптарына ылайыктыгын ырастоо боюнча аккредиттелген органдын корутундусун алгандан кийин гана мамлекеттик каттоого алсын жана Мамлекеттик автомобилдик инспекция органдарынан техникалык кароодон өткөну жөнүндө белгилесин. 3. Кыргыз Респубикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартташтыруу жана метрология институту менен бирдикте жүк автомобилдерди жүргүнчүлүк автотранспорт каражатка өзгөртүп жабдуу боюнча ишти жана аларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобилдик инспекциясынын органдарында каттоонун тартибин эки айлык мөөнөттө текшерсин. Текшерүүнүн жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин Аппаратына берсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жана курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов