Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-сентябры № 672 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Менчик жењил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсациянын нормалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 193-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Ишканалар жана мекемелер продукциянын (жумуштардын, кызматкөрсөтүүлөрдүн) өздүк наркына өз кызматкерлеринин жеке менчик жењил ав-томобилдерди кызматтык сапарларга пайдаланганы үчүн компенсацияга кет-кен чыгымдарды төмөнкүдөй чектик нормалар боюнча киргизишери белгилен-син:-----------------------------------------------------------------------|Автомобилдин маркасы |100 км жол үчүн|| |компенсациянын || |нормасы (сом) ||-----------------------------------------------------|---------------||"ВАЗ" ("ВАЗ-2121" ден башкасы) |254,8 ||-----------------------------------------------------|---------------||"ГАЗ", "УАЗ", "ВАЗ-2121" |367,7 ||-----------------------------------------------------|---------------||"Москвич" |295,0 ||-----------------------------------------------------|---------------||"Мерседес" |437,8 ||-----------------------------------------------------|---------------||"Ауди" |350,3 ||-----------------------------------------------------|---------------||"Форд" |361,5 ||-----------------------------------------------------|---------------||"БМВ" |381,8 ||-----------------------------------------------------|---------------||"Лада 110" |282,8 ||-----------------------------------------------------|---------------||"Вольво" |338,8 ||-----------------------------------------------------|---------------||"Фольксваген" |289,5 |----------------------------------------------------------------------- 2. Жаратылыштык-климаттык шарты өзгөчө (бийик тоолуу, барууга кы-йын, жашоо шарты түзүлбөгөн, суу жок, алыс) райондордо жайгашкан ишка-наларга жана уюмдарга көрсөтүлгөн нормаларды 10 процентке чейинкөбөйтүп пайдаланууга уруксат берилсин. 3. Төмөнкүлөр белгиленсин: - компенсация ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкер-лерине алар жеке менчик жењил автомобилин кызматтык сапарларга пайда-ланганы үчүн төлөнөт. Төлөө алардын өндүрүштүк (кызматтык) ишке байла-ныштуу жумуштары алардын кызматтык милдеттерине жараша такай жолжүрүүгө байланышкан учурда болот; - таблицада көрсөтүлбөгөн жеке менчик жењил автомобилдерди пайда-лангандык үчүн компенсация ал автомобиль техникалык параметрлери (кый-мылдаткычынын көлөмү куб.см менен) автомобилдин кайсы классына тењешти-рилиши мүмкүн болсо, ошол өлчөмдө төлөнөт. 4. Жеке менчик жењил автомобилин кызматтык сапарга пайдаланганкызматкерлерге компенсация төлөө үчүн негиз ишкананын, уюмдун жана ме-кеменин жетекчисинин буйругу болот, анда мындай компенсациянынөлчөмдөрү каралат. Кызматкерге төлөөчү компенсациянын өлчөмүндө кызматтык сапаргапайдаланылган жеке менчик жењил автомобилди эксплуатациялоо үчүн 100 кмжолго кетүүчү чыгымдар (эскиришинин суммасы, күйүүчү-майлоочу материал-дарга, техникалык тейлөөгө жана утурумдук ремонтко чыгымдар) эсепкеалынат. Автомобилдин амортизациясына чегерүү каралган жок (анткени ав-томобилди пайдалануунун мөөнөтү өтүп кеткен болушу мүмкүн), ошондой элезапастык тетиктерге да чегерүү каралган жок (алардын автомобилге ишжүзүндө керектелишин эске алуу зарылдыгына байланыштуу). 5. Кызматкерлер компенсация алуу үчүн ишкананын, уюмдун, мекеменинбухгалтериясына менчик автомобилдин техникалык паспортунун аныкталгантартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тапшырышат. Жеке менчик жењил авто-мобилди кызматтык сапар үчүн ишеним кат боюнча пайдаланган кызматкергекомпенсация ушул токтомдо белгиленген тартипте төлөнөт. 6. Компенсация айына бир жолу, календарлык күндөрдүн санына кара-бастан төлөнөт. 7. Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жеке менчик жењил автомо-билин кызматтык сапарга пайдаланган кызматкерлерине компенсация ушултоктомдун 1-пунктунда каралган нормалар боюнча төлөнөт. 8. Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жеке менчик жењил автомо-билин кызматтык сапарга пайдаланган кызматкерлерине компенсация төлөөүчүн чыгымдар транспорттук каражаттарды кармоого каралган ассигнование-лердин чегинде жумшалат жана тийиштүү мекемелер, уюмдар үчүн бул мак-саттар боюнча бекитилген сарптоолордун сметасынан ашпайт. 9. Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине компенсацияжогору турган башкаруу органдарынын (уюмдарынын) уруксаты менентөлөнөт. 10. Күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 31-декабрындагы №641 "Жеке менчик жењил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдаланган-дык үчүн компенсациянын нормалары жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-октябрындагы №488 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 31-декабрындагы N 641токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому. Премьер-министр Ф.Кулов