Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-сентябры № 673 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жалпыбилим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө"2006-жылдын 12-июлундагы № 372 Жарлыгына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары 2006-жылдын сентябрынан тартып бардык мамле-кеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класста-рынын окуучуларына тамак-аш уюштурушсун. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги рес-публиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептер-дин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамак-ашын уюштурууга кошумча кара-жат бөлсүн. 3. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2006-жылдын сентябрынантартып жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү шаар-лардын жалпы билим берүүчү мектептеринде 1-4-класстардын окуучуларынынтамак-ашын камсыз кылышсын. 4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы би-лим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө тир-келген жобо бекитилсин. 5. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын башчылары ишти Кыргыз Республикасынынмамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучу-лардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө тиркелген жобого ылайык уюштурушсун. 6. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу-чулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 24-апрелиндеги № 293 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштарсаясаты министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов