Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 18-сентябры № 674
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-
замынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь
продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик
агенттиктин директору көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов