Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 18-сентябры, №676
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Буудай» ачык акционердик коомунун натыйжалуу иштешин
камсыз кылуу боюнча чаралар жөнундө
«Буудай» ачык акционердик коомунун финансы-экономикалык абалын
жакшыртуу жана өндүрүштүк кубаттуулуктарын сарамжалдуу пайдалануу,
мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети «Буудай» ачык акционердик коомун «Буудай-Токмок»,
«Буудай-Каракол», «Буудай-Карабалта» ачык акционердик коомдоруна бөлүү
жолу менен кайрадан өзгөртүп түзүү жөнүндө маселени «Буудай» ачык
акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна
белгиленген тартипте киргизсин.
2. «Буудай-Токмок», «Буудай-Каракол», «Буудай-Карабалта» ачык
акционердик коомдорунун акцияларынын уюштуруу чыгарылышын мамлекеттик
каттоо үчүн бир жолку комиссиялык жыйым ар бир ачык акционердик коомдон
беш мињ сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жана «Буудай-Токмок»,
«Буудай-Каракол», «Буудай-Карабалта» ачык акционердик коомдору белгиленген
тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен «Буудай»
мамлекеттик ишканасынын ортосунда мурда түзүлгөн 2003-жылдын 30-
сентябрындагы № 1-12/3 00903-ДО Карыз милдеттенмесин жана Күрөө жөнүндө
келишимди баардык милдеттенмелер боюнча пропорциялуу укук улантуучулук
менен кайрадан түзсүн.
4. «Буудай» мамлекеттик ишканасын кайрадан өзгөртүп түзүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 70
токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсыи.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жана Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов