Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-сентябры №682 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын зонасына киргендик үчүнавтотранспорттон акы алууну тартипке салуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40«Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуменен бекитилген «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобоготөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 31-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтаргаалмаштырылсын: «Биосфералык аймакка кире беришке экологиялык посттор коюлат жанаавтотранспорттун киргени үчүн жыйым алынат. Жыйымды «Ысык-Көл»биосфералык аймагынын Башкы дирекциясынын атайын ыйгарым укуктууоргандары аныкталган тартипте алышат. Автотранспорттун киргени үчүнжыйымдын өлчөмдөрүн «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын Башкы дирекциясыиштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнчамамлекеттик органы бекитет. «Ысык-Көл» биосфералык аймагына киргенде төмөнкүлөрдөн жыйымалынбайт: - региондун тургундарынын Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин биосфералык аймактагы органдарында аныкталган тартиптекаттоого алынган транспорт каражаттарынан; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана аларгатењештирилген адамдардын, жаратылышты коргоонун жана токой чарбанынэмгек сињирген кызматкерлеринин транспорт каражаттарынан; - мамлекеттик башкаруу органдарынын бул аймакта кызматтык иштербоюнча жүргөн кызмат адамдарын тейлеген транспорт каражаттарынан(командировкалык жана кызматтык күбөлүктөрү болсо); - укук коргоо органдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнчамамлекеттик органдын структураларынын кызматкерлеринин транспорткаражаттарынан; - аскердик кошуундардын атайын ташууларды аткарган транспорткаражаттарынан; - балдарды жайкы эс алуу лагерлерине уюшкандыкта ташыганавтобустардан; - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигиКыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органыменен бирдикте бекиткен тизмеге киргизилген, Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлиги бекиткен график боюнча Ысык-Көл жана Нарын облустарынын калктуу конуштарына баруучу автобустукмаршруттарда туруктуу рейстерди аткарган чоњ автобустардан.». 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 263«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40«Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту депэсептелсин. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов