Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-сентябры № 683 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Италия Республикасы жана Лихтенштейн Княжествосу менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун кењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: - № 6 тиркеме төмөнкүдөй редакциядагы зскертүү менен толукталсын: «Эскертүү: Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.К.Жумалиевге өлкөлөрдү айкалыштырып иштегендиги учун кызматтык маянасына 20 процент өлчөмүндөгү үстөк белгиленсин.». 2. Бул токтомдун 1-пунктунда каралган устөк аталган адам айкалыштырып иштөө боюнча кызматка дайындалган күндөн тартып төлөнөөрү белгиленсин. Премьер-министр Ф.Кулов