Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-сентябры № 688 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө, жардыруу иштеринде жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө, жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын жоболорун жана "Техникалык регламенттер күчүнөкиргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу техникалыкжөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 токтомун атка-руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдаргауруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жобо; - Жардыруу иштеринде жарылгыч материалдарды жана приборлорду алыпкоюунун тартиби жөнүндө жобо; - Жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштар-ды чечүүнүн тартиби жөнүндө жобо. 2. "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык подразделе-ниелери тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бе-китүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февра-лындагы № 103 токтому менен бекитилген, Аткаруу бийлик органдары жанаалардын структуралык подразделениелери тарабынан берилүүчү уруксатберүүчү документтердин реестрине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-лор киргизилсин: - "Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мам-лекеттик инспекция" (Мамкентехкөзөмөл) бөлүмүндө: графанын 2 жана 3-пункттарында "Кооптуу өндүрүштүк объекттердинөнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" дегенсөздөр "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 4-пунктта "(кен жана геологиялык кен чалгындоо долбоорлорунан тыш-кары)" деген сөздөр алып салынсын; - бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын: "-------------------------------------------------------------------- |5|Өнөр жайлык коопсуздук |"Кооптуу өндүрүштүк объекттердин | | |экспертизасын жүргүзүү |өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" | | |укугуна уруксат |Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |-|--------------------------|-------------------------------------| |6|Жарылгыч материалдарды |"Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч | | |колдонууга байланыштуу |материалдар жөнүндө" Кыргыз | | |иштерге адамдарды |Республикасынын Мыйзамы | | |киргизүүгө уруксат | | --------------------------------------------------------------------". 3. "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын-дагы Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамле-кеттик инспекциянын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 166 токтому менен бекитилген КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жайлыккоопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция жө-нүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 7-пунктта: - экинчи абзац "кооптуу өндүрүштүк объекттер" деген сөздөрдөн ки-йин ", ошондой эле билим берүүчү эмес мекемелерде кооптуу өндүрүштүкобъекттердин кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо үчүн;" дегенсөздөр менен толукталсын; - пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "- жарылгыч материалдардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт; - жарылгыч материалдарды кайтаруунун түрлөрүн, курамын, санын,постторду жайгаштырууну жана кампаларды кайтаруу тартибин, жардырууишинде жарылгыч материалдар менен приборлорду даярдоонун юридикалык жа-на жеке жактардын чарбалык иш-аракети үчүн керектүү санын макулдашат; - транспорттун ар кандай түрү менен өнөр жайлык багыттагы жарылгычматериалдарды Кыргыз Республикасына ташып келүүнүн (ташып чыгуунун) жа-на Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча анын транзитинин тартибинкөзөмөлгө алган уюмдардын сакташына контролдукту камсыз кылат; - пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү, ошондой элеотун-энергетика комплекстери боюнча долбоорлорду түзүүдө жана ишке ашы-рууда техникалык, технологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук нормалары-нын эрежелерин сактоого мамлекеттик контролду ишке ашырат; - жер алдындагы объекттерде жана көзөмөлгө алынуучу уюмдарда жар-дыруу иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик өрт көзөмөлүн уюштурат жана ишкеашырат; - авариялардын себептерин жана өнөр жайлык багыттагы жарылгыч ма-териалдар жоголгон учурларда техникалык териштирүү жүргүзүү тартибинбелгилейт, авариялардын себептерин жана кырдаалдарын, өндүрүштүк жара-кат алуу жана көзөмөлгө алынуучу уюмдарда өнөр жайлык маанидеги жарыл-гыч материалдар жоголгон учурларын (жарылгыч материалдарын ташуу учур-ларын кошпогондо) техникалык териштирүүнү ишке ашырат, ошондой элеалардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгууну контролдойт; - анын компетенциясына кирген иш-аракет чөйрөсүндө мамлекеттикстатистикалык отчеттуулукту өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат,жарылгыч материалдарды колдонуу боюнча мамлекеттик статистикалык отчет-туулукту белгиленген тартипте жалпылоону жана берүүнү камсыз кылат; - көзөмөлгө алынуучу уюмдар кооптуу өндүрүштүк объекттерде өнөржайлык коопсуздук талаптарын сакташына өндүрүштүк контролду ишке ашыру-унун белгиленген эрежелерин аткарышын текшерүүнү камсыздайт; - кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалыктүзүлүштөрдү, жабдууларды, имараттар менен курулмаларды коопсуз эксплу-атациялоо кызматынын мөөнөтүн узартуу тартибин аныктайт; - долбоорду иштеп чыгууда Мамкентехкөзөмөлдүн иштерин республика-лык бюджеттен каржылоо жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды иштепчыгат жана ар жыл сайын берет; - кооптуу өндүрүштүк объекттерде отун-энергетика комплексинин про-дукцияларынын, имараттардын, курулмалардын жана техникалык түзүлүштөр-дүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декаб-рындагы № 639 токтому менен бекитилген ылайык келиши милдеттүү тастык-талууга тийиш болгон продукциялардын тизмесинин 384-394 позициясынаылайык нефтепродуктуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттүүталаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт."; - 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- бузуу мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузуулардычеттетүүнү талап кылууга; - көзөмөлгө алынуучу уюмдар тарабынан өндүрүлүүчү жана (же) саты-луучу кооптуу продукциялар жөнүндө таламдаш жактарга жана потенциалдуукеректөөчүлөргө түздөн-түз же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ка-барлоого; - ажыратууга (сатууга) жана (же) башка жактарга продукцияныөткөрүп берүүгө тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдикактыларында каралган аракеттерди көрүүгө.". 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов