Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Бул Жобо "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясында каралган жардырууишиндеги жарылгыч материалдарды (мындан ары - ЖМ) жана приборлорду алыпкоюунун тартибин белгилейт. 2. Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды жана приборлорду алыпкоюу жол-жобосу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт: - жарылгыч материалдар менен иштөөгө укуктуу ишкана жоюлганда; - персоналдын ЖМны пайдалануусу үчүн ишканада колдонмо жок болсо; - анын ээсинде тийиштүү лицензия же башка уруксат берүүчү доку-менттер жок болсо; - юридикалык жак ЖМны багыты боюнча колдонбосо же алардын сакталы-шын камсыз кылбаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган башка учурларда. 3. Алгачкы этапта курамында мамлекеттик администрация, ички иштероргандарынын жана өнөр жайлык коопсуздук тармагынын өкүлдөрү болгон ко-миссия тарабынан ЖМны убактылуу алып коюу жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн ко-миссиянын төрагасы өнөр жайлык коопсуздук тармагындагы органдын өкүлүболуп саналат. ЖМны убактылуу алып коюу жана аны сактоо үчүн уруксатыжана орду бар тийиштүү уюмдун убактылуу сактоосуна өткөрүп берүү актыменен таризделет. Комиссия өнөр жайлык коопсуздук тармагында аткаруу бийлигинин ата-йын ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин буйругу менен дайындалат. 4. Көрсөтүлгөн жарылгыч материалдарды колдонуудан алып салуужөнүндө маселени биротоло чечүү ал материалдарды кийин сатып, түшкөнкирешени мамлекеттик бюджетке жиберүү менен сот тартибинде ишке ашыры-лат. Сот органдарына ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн материалдардыкомиссиянын төрагасы жиберет.