Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-сентябрындагы
№ 688 токтому менен
бекитилген
Жарылгыч материалдарды колдонууда келип
чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн
тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо "Өнөр жайлык багытгагы жарылгыч материалдар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясында каралган жарылгыч ма-
териалдарды (мындан ары - ЖМ) колдонууда алардын ээлеринин ортосунда
келип чыгуучу талаштарды чечүүнүн тартибин белгилейт.
2. Жарылгыч материалдарды колдонууда алардын ээлеринин ортосунда
даярдоо, ташуу, сатуу, сактоо жана түздөн-түз колдонуу (жардыруу иште-
рин жүргүзүүдө кооптуу зонанын чектеринде коопсуздукту камсыздоо
бөлүгүндө) процессинде талаш-тартыштар келип чыгышы мүмкүн.
3. ЖМны сактоодо (түздөн-түз колдонуу жерлеринен тышкары) ташууда
жана сатууда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын ички иштер органда-
ры тарабынан, ал эми калган талаш-тартыштар - функционалдык милдеттер-
дин чектеринде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органы
тарабынан чечилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык чечилбеген талаш-тартыштар сот
тартибинде чечилет.