Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2006-жылдын « 18 » -сентябрындагы № 677 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бирикмесинин, бөлүгүнүн же мекемесинин Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 1. Кыргыз Республикасынын Коргоо. Министрлигинин бирикмесинин, бөлүгүнүн жана мекемесинин Күжүрмөн туусу (мындан ары - аскердик бөлүк) - аскердик багыттагы өзгөчөлүктөрүн, аскердик бөлүктүн тарыхын жана синирген эмгегин, айырмалоочу, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине таандык экендигин көрсөтүүчү өзгөчө ардак белгиси. Күжүрмөн туу аскердик ар - намыстын, каармандыктын жана дањктын символу болуп эсептелет, ар бир аскер кызматчысына Ата-Мекенди коргоонун каармандык салттары жана ыйык милдети жөнүндө эскертип турат. 2. Аскер бөлүгүнүн күжүрмөн туусу кызыл түстөгү бархат (жибек) кездемеден жасалган узундугу 1450 мм, туурасы 1100 мм өлчөмдөгү тик бурчтуу формада болгон кездемеден турат. Кездеменин бет жагында «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ» деген жазуу жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин символика белгиси, арткы жагында - «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ» жана аскер бөлүгүнүн символика белгиси жайгашкан. Символика белгисинин туурасынын кездеменин туурасына карата катышы — экиден бир. Бардык сүрөттөлүштөр жана жазуулар сары (алтын) түстө. Туунун кездемесинин четтери үч жагынан сары (алтын) түстөгү чачы менен жээктелген. Туунун таягы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун таягы кочкул күрөњ түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында — никелденген фигуралуу учу бар, анын борборунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символика белгиси жайгаштырылган. Туунун боосу эшилген, учтарында эки чачысы бар сары (алтын) түстөгү жибектен жасалган. Боонун узундугу 2700 мм. Боо туунун учунун төмөн жагына бекитилет, анын кесиктеринин узундугуна карата катышы - үчтен эки. 3. Күжүрмөн туу атайын жабдылган жайда (№ 1 пост), гербдуу мөөр басылып чапталган айнек капкактын астындагы секичеде сакталат жана салтанаттуу иш-чараларда алып чыгарылат. 4. Күжүрмөн туу аскер бөлүгүнүн аталышы жана номери өзгөрүшүнө карабастан бардык учурда аскер бөлүгү тарабынан сакталат. Бул учурда аскер бөлүгүнүн аталышын жана номерлерин өзгөртүүлөр Күжүрмөн тууну тапшырууда берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасына киргизилет. Аскер бөлүгү кайра түзүлгөн, өзгөртүп аталган жана баш ийүүсү өзгөргөн учурда Күжүрмөн туу, ошондой эле анын сыйлыктары жана ардактуу аталыштары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин чечими боюнча калтырылышы мумкун. 5. Аскер бөлүгү таратылган учурда Күжүрмөн туу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жашыруун бөлүмүнө аны андан аркы сактоо үчүн өткөрүп берилет. 6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бирикмесинин, бөлүгүнүн же мекемесинин Күжүрмөн туусун башка органдар жана адамдар пайдаланууга болбойт. Аларды бурмалоого, бузууга жана ушундай мүнөздөгү башка иш- аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда аталган иш-аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.