Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 26-сентябры № 692
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка
аскердик бирикмелеринде анык аскердик жана альтернативдик
(аскерден тышкары) кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөп
бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик
(аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлерин запаска
бошотуу, ошондой эле 2006-жылдын октябрь-декабрында
жарандарды анык аскердик жана альтернативдик
(аскерден тышкары) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу
жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик мил-
деттүүлүгү жөнүндө" жана "Альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөө
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу иретинде жана Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-сентябрындагы N 451
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик
бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик
эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын кызматкерлерин запаска
бошотуу жана 2006- жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу
жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынын
белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик
(аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлери 2006-жылдын октябрь-декабрь
айларында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскер-
дик бирикмелеринин катарынан запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги чакырылган күнгө ка-
рата 18 жашка толгон, чакырылуусун создуктурууга укугу жок жарандарды,
ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун жоготкон чакыруу ку-
рагындагы улуу адамдарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана
башка аскердик бөлүктөрүнө анык аскердик, ошондой эле Кыргыз Республи-
касынын министрликтеринде жана административдик ведомстволорунда, ишка-
наларында, мекемелеринде жана уюмдарында альтернативдик (аскерден тыш-
кары) кызмат өтөөгө 2006-жылдын октябрь-декабрында чакырууну уюштурсун.
3. Чакырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүткөн же түрдүү себептер
менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө белгиленген мөөнөттө
чакырылбаган чакырылуучу улуу курактагы жарандар анык аскердик кызматка
биринчи кезекте чакырылууга тийиш экендиги белгиленсин.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарынын жетекчилери жарандарды анык аскердик жана
альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүү үчүн:
- облустарда, райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларын
түзүшүп, аларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн зарыл болгон меди-
циналык мүлк жана аспаптар менен жабдылган чакыруу (чогултуу) пункттары
менен камсыз кылышсын;
- жарандардын чакыруу участокторуна уюшкандыкта келишин камсыз кы-
луу чараларын көрүшсүн;
- чакыруу комиссияларынын иштешин камсыз кылуу үчүн автотранспорт,
техникалык кызматкерлер жана тейлөө кызматчыларын бөлүп беришсин;
- төмөнкүлөр үчүн зарыл акча каражаттарын бөлүп беришсин:
канцелярдык товарларды алуу (бланка продукцияларын даярдоо), чакы-
руу участкаларында, республикалык жана облустук чогултуу пункттарында
чакырылгандардын тиричилигин, тамактануусун, маданий эс алуусун уюшту-
рууга;
чакыруу комиссиялары жиберген чакырылгандарды медициналык тек-
шерүүгө жана дарылоо жүргүзүүгө;
чакырылгандарды чакыруу участкаларына жана чогултуу пункттарына
чейин жеткирүүгө;
республикалык жана облустук чогултуу пункттарынын коммуналдык кыз-
матына акы төлөөгө;
- техникалык кызматкерлерди жана автотранспорт бербеген учурда ас-
кер комиссариаттарына техникалык кызматкерлерди күтүү жана транспорттук
кызматтарга чыгымдарды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын
эсебинен зарыл акча каражатын бөлүүнү карашсын;
- чакыруу участокторунда, чогултуу пункттарында жана чакырылуучу-
ларды салтанаттуу узаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кы-
лышсын.
5. Республикалык чакыруу комиссиясынын негизги жана резервдик ку-
рамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- жарандарга кийинкиге калтыруу мөөнөтүн берүүнүн же чакыруудан
бошотуунун, ошондой эле альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка жи-
берүү жөнүндө чечимдин тууралыгын текшерүү;
- чакырылуучулардын аскерлердин түрү боюнча тиешелүү талаптарды
эске алуу менен багытталышынын тууралыгын контролдоо;
- жарандардын райондук (шаардык) жана облустук чакыруу комиссияла-
рынын аракеттерине даттанууларын кароо.
7. Чакыруу комиссияларынын мүчөлөрүнүн, врачтардын, техникалык
кызматкерлердин жана тейлөө кызматындагы адамдардын иштеген мезгилинде
алардын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акылары сакталаары бел-
гиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- чакырылгандарга медициналык текшерүү жүргүзүү үчүн квалификация-
луу адис врачтарды жана медициналык орто кызматкерлерди зарыл санда
бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылу-
учуларды кезексиз стационардык (амбулаториялык) текшерүүнү жана дары-
лоо-алдын алуу мекемелеринде дарылоону камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги райондук (шаар-
дык) аскер комиссариаттарына жарандарды анык аскердик жана альтернатив-
дик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө чакыруу жүргүзүүдө, анык аскердик
жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөдөн качып жүргөн
адамдарды издеп табууну уюштурууда, ошондой эле аларды Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууда жардам жана көмөк
көрсөтүшсүн.
10. Кыргыз Республикасынын жарандарын анык аскердик жана альтерна-
тивдик (аскерден тышкары) кызматка чакыруу жүргүзүүнү контролдоо Кыргыз
Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-
юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 26-сентябрындагы
№ 692 токтомуна
тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын
КУРАМЫ
Абдирахманов А.С. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Уюштуруу-мобилизациялоо башкы
башкармалыгынын аскерлерди чакыруу жана комп-
лектилөө башкармалыгынын начальниги, комиссия-
нын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Караталов Б.О. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери
боюнча бөлүмүнүн референти;
Каримов Р.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин ички аскер штабынын медициналык кызматынын
начальниги;
Шахнабиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин дарылоо-алдын алуу башкармалыгы-
нын башкы адиси;
Ташпаев А.А. - Чүй облустук мамлекеттик администрациянын укук
коргоо органдары жана коргонуу секторунун баш-
чысы.
Республикалык чакыруу комиссиясынын резервдик
КУРАМЫ
Иманалиев Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Уюштуруу-мобилизациялоо башкы
башкармалыгынын аскерлерди чакыруу жана комп-
лектилөө башкармалыгынын начальнигинин орун
басары, бөлүмдүн начальниги, комиссиянын төра-
гасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Асанходжаев Р.Г. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери
боюнча бөлүмүнүн эксперти,
Салимжанов 3.3. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин ички аскер штабынын күжүрмөн кызмат баш-
кармалыгынын начальнигинин орун басары - кадр-
лар, өздүк курамды комплектилөө жана эсепке
алуу кызматынын начальниги;
Тойматов С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин дарылоо-алдын алуу башкармалыгы-
нын башкы адиси;
Орозбаков А.Э. - Чүй облустук мамлекеттик администрациянын укук
коргоо органдары жана коргонуу секторунун же-
тектөөчү адиси.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев