Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-сентябры № 693
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын
токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин
улуттук планын бекитүү жөнүндө
"2005-2015-жылдарга Улуттук токой программасын бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 858 ток-
тому менен бекитилген 2005-2015-жылдарга Улуттук токой программасын иш-
ке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын
өнүктүрүү иш-аракеттеринин тиркелген улуттук планы жана аны ишке ашыруу
боюнча пландык тапшырмалар бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик министрликтер,
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры менен бирдикте көрсөтүлгөн Иш-аракеттердин улуттук планынын иш-чара-
ларын аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. "2001-2005-жылдарга мамлекеттик "Токой" программасын бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-ноябрындагы №
715 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жана Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чар-
басы боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов