Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 29-сентябры N 706
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA/UMTS" стандартындагы
радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу
укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
15-августундагы N 588 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-декабрындагы N 879 "Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы 3 G "WCDMA\UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна пилоттук конкурс өткөрүү жөнүндө" токтому
Үчүнчү муундагы мобилдик байланыш 3 G "WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү мүмкүнчүлүгүн техникалык-экономикалык талдоону эске алуу менен жана жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы N 588 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышы "үчүнчү муундагы стандарт" деген сөздөрдөн кийин "мобилдүү байланыш" деген сөздөр менен толукталсын;
- токтомдун бүткүл тексти боюнча:
"3 G WCDMA/UMTS" деген сөздөр "3 G "WCDMA/UMTS" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "5-октябрь" деген сөз "1-ноябрь" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пунктта:
экинчи абзацтагы "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- биринчи эки жылдын ичинде Чүй облусу боюнча мобилдүү байланыш тармагын түзүү жана эксплуатацияга киргизүү, мында башка региондор боюнча тармакты бир эле мезгилде өнүктүрүүгө оператордун ниеттенүүлөрү чектелбейт;
- биринчи эки жылдын ичинде "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын республиканын айыл региондорунда жайгашкан 100 байланыш бөлүмдөрүндө керектүү уюштуруу техникалары жана интернет-байланыш менен камсыздалган коомдук жеткиликтүүлүк боюнча иштеген борборлорду түзүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- конкурстан утуп чыккан оператор 200 млн. сомго чейинки өлчөмдө болгон радиоэлектрондук каражаттардан жыштыктардын диапазонун бошотуу үчүн зарыл болгон финансылык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмени өзүнө алат;";
бешинчи - он биринчи абзацтар алтынчы - он экинчи абзацтар болуп эсептелсин;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- конкурстан утуп чыккан оператордун тармагында министрликтер менен ведомстволордун муктаждыктары үчүн ички тармакты түзүүнү (кеминде 1000 номер) камсыздоо;";
жетинчи абзац алып салынсын;
сегизинчи жана тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- биринчи эки жылдын ичинде мобилдүү байланыш тармагындагы адистерди окутууну жана даярдоо курстарын мүмкүн жогорку окуу жайлардын биринин базасында уюштуруу;
- экинчи жылда рыноктун керектөөлөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында 3 G стандартындагы мобилдүү байланыш аппараттарын кошо алганда мобилдүү (уюктук) байланыштын телефон аппараттарын чыгарууну (чогултууну) уюштуруу";
онунчу абзацта "бардык" деген сөз алып салынсын;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 3 G "WCDMA/UMTS" жумушчу диапазонундагы жыштыктардын тилкелерин бөлүү үчүн старттык баа 40 млн. сомду түзөт. Конкурстун жеңүүчүсү көрсөтүлгөн сумманы конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 20 күндүк мөөнөттө төлөйт;";
- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин чыгымдарынын орду конкурс өткөрүү жөнүндө жободо аныкталган өлчөмдө конкурска арыз берүүчүлөр тарабынан толтурулат.";
- 3-10-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 4-11-пункттар деп эсептелсин;
- 7-пунктта "12-00 саат" деген сөздөр "(кошо алганда)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктта:
биринчи абзацта "5" деген сан "6" деген санга алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Конкурстун катышуучуларына сунуш кылынган шарттар жарыялангандан кийин ачылган арыздар эксперттик топко берилет. Эксперттик топтун курамы жана иш тартиби үчүнчү муундагы 3 G "WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссия тарабынан аныкталат.";
- 9-пунктта "иштерди аткаруу графигин кабыл алуу" деген сөздөрдөн кийин "(милдеттүү шарттар жана сунуштар)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги (макулдашуу боюнча) үчүнчү муундагы 3 G "WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна пилоттук конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону 2006-жылдын 10-октябрына чейин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов