Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-октябры N 710
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун
коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-декабрындагы N 605 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын медициналык билим берүүчү жана илимий уюмдарынын морфологиялык кафедраларын окуу жана илимий максаттарда пайдалануу үчүн кадавердик (өлүк) материал менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө макулдук берилсин:
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы N 605 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри ушул мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын
сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 14-январы, N 3) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
44-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"44-статья. Анатомиялык тартуу, анатомиялык материал, анатомиялык
препарат.
Эмгекке жарамдуу адам ыктыярдуу түрдө, жазуу жүзүндө мурас кат аркылуу жасаган өзүнүн денесин (анын бөлүгүн, органдарын жана ткандарын) окуу процессинде жана илимий изилдөөлөрдө пайдалануу үч-үн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарына бериши анатомиялык тартуу деп эсептелет. Жаран анатомиялык тартуу жөнүндө мурас катты нотариалдык тартипте жасоого укуктуу, ал мурас калтыруучу тарабынан көзү тирүүсүндө, аны жасагандан кийин каалаган учурда, мурас калтыруучу каза болгондон кийин анын туугандары тарабынан 30 сутканын ичинде сот тартибинде жокко чыгарылышы мүмкүн. Анатомиялык тартууну пайдаланууга укук медициналык кызматкерлер мурас калтыруучунун биологиялык өлүмүн ырастап, өлгөн адамдын туугандарына кабар берилгенден 30 күн өткөндөн кийин, эгерде алар анатомиялык тартуу жөнүндө мурасты соттук тартипте талашпаса келип чыгат. Анатомиялык тартуу жөнүндө маалыматтар жарыя кылынбайт. Анатомиялык тартууну жасоо тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Күч колдонулбастан каза болгон (соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу болгондо) жана коюу үчүн туугандары 20 сутканын ичинде талап кылбаган адамдардын сөөктөрү окуу процессинде жана илимий изилдөөлөрдө пайдалануу үчүн анатомиялык материал катарында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарына берилиши мүмкүн. Сөөктөрдү анатомиялык материал катары таануу тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Окуу процессинде жана илимий изилдөөлөрдө пайдаланылуучу анатомиялык материал анатомиялык иштетүүгө алынат (бальзамдоо, препараттоо ж.б.) жана анатомиялык препарат сапатына ээ болот. Анатомиялык препарат Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын билим берүү жана илимий ишинин булагы болуп кызмат кылат жана менчиктин башка түрлөрү менен бирдей корголот.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти