Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-октябры № 711 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча улуттук маалымат базаларын түзүү жана мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу концепциясы жөнүндө Чечимди бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Интеллек-туалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөткоюу боюнча улуттук маалымат базаларын түзүү жана мамлекеттер аралыкмаалымат алмашууну уюштуруу концепциясы жөнүндө тиркелген Чечим беки-тилсин. 2. Жогоруда аталган Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелерди атка-руу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине,Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөл-сүн. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КөзкарандысызМамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынынушул Чечимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жо-болорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов