Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-октябры N 714 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2007-жылга базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынаналынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын2007-жылга базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орунбасары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешикараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-йындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов