Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы № 715 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин символикасы жөнүндө ЖОБО 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары -Министрлик) символикасы Министрликке тиешелүүлүгүн көрсөткөн расмийайырмалоочу символ болуп саналат. Символика Министрликтин жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн башкасимволдорун түзүүгө негиз боло алат. Символика Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин жана анынорун басарларынын, Министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери-нин кабинеттеринде жайгаштырылат. Символиканын сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер ми-нистри аныктаган тартипте төмөнкүлөрдө жайгаштырылышы мүмкүн: - Министрлик жана анын структуралык бөлүмдөрү ээлеген имараттарменен курулмаларда; - транспорттук жана атайын каражаттарда, кызмат шаймандарында; - айырмачылык белгилеринде; - Министрликтин борбордук аппаратынын жана Кыргыз Республикасынынчет өлкөлөрдөгү мекемелеринин коопсуздук кызматынын кызматкерлерининформалык кийиминде; - кызматтык документтерде; - Министрликтин кызматкерлеринин өздүк күбөлүктөрүндө; - Министрликтин жана ведомстволук уюмдардын заказы боюнча чыгарыл-ган жана даярдалган басылма, жарнамалык-маалыматтык жана сувенирдикпродукцияда; - Министрликтин сыйлыктарында жана белектеринде, ошондой эле Кыр-гыз Республикасынын тышкы иштер министринин чечими боюнча башка учур-ларда. 2. Министрликтин символикасынын сүрөттөлүшү. Министрликтин символикасынын көркөм идеясын чагылдырган дизайндыннегизги элементи болуп стилдештирилген жер шарынын фонунда ромбтүрүндөгү сүрөттөлүштү пайдалануу саналат. Ромб түрүндөгү сүрөттөлүш жана кыргыздын улуттук оймо-чиймелериндекөп кездешкен декоративдик мотив боз үйдүн капталдарын түзүүчү жыгачторчону (кереге көздү) билдирет. Кереге көз боз үйдүн каркасы жана бай-ланыштыруучу звеносу болуп кызмат кылат жана туруктуулук менен бир ка-лыптуулукту символдоштурат. Ромбдун борборунда түндүктүн чамгарагы түрүндөгү оймо-чийме эле-мент эмблемага улуттук колорит берип, ошондой эле адамдардын кызыкчы-лыктары менен мамлекеттик кызыкчылыктардын кесилишин жана айкалышынсимволдоштурат. Жер шарынын стилдештирилген сүрөттөлүшү жалпы адамзаттык үйдү сим-волдоштурат, анын борборунда жалпы конструкциянын байланыштыруучу зве-носу болуп саналган декоративдик ромб түрүндөгү элемент жайгашкан. Министрликтин символикасынын негизги идеясы төмөнкүдөй: боз үйдүнконструкциясында ромб түрүндөгү кереге көз байланыштыруучу элемент бол-гондой эле, жалпы адамзаттын үйү болуп саналган жер шарында жана эларалык мамилелерде Министрлик мамлекеттер ортосундагы туруктуу жанадостук байланыштарды камсыз кылуучу орган болуп саналат. Символиканын фондук түсү болуп орточо каныккан көк түс "тынчтыктынтүсү" тандалган, мындай түс Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын жүргүзүүдөар дайым тынчтыкка жана гумандуулукка умтулгандыгын мүнөздөйт. 3. Министрликтин символикасын башка мамлекеттик органдар, юридика-лык жактар жана жеке адамдар пайдалана албайт. Аны бурмалоого, бузуугажана башка ушундай мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоого жол берилбейт. Жо-горуда аталган иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.