Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-сентябры № 695
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Интеллектуалдык менчик жаатында тартип
бузууларга каршы аракеттенүү маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 17-августундагы № 340 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы №
93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жа-
атында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык
комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы ара-
кеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомго
тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы ара-
кеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобонун 6-пункту
төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистри эсептелет.".
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы №
340 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 27-сентябрындагы
№ 695 токтомуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Интеллектуалдык менчик жаатында тартип
бузууларга каршы аракеттенүү боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик
боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун
басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык
жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу
жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы (ма-
кулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-
циясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология инсти-
тутунун директору (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев