Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 10-октябры №725 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2006-жылдын 11-июлунда Сеул шаарында кол коюлган аба катнашын орнотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "2006-жылдын 11-июлунда Сеул шаарында кол коюлган аба катнашын ор-нотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасы-нын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун 20-статьясына ылайык мамлекетичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынынэларалык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдикукуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизин-де Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "2006-жылдын 11-июлунда Сеул шаарында кол коюлган аба катнашынорнотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республика-сынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министриаталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-ган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Премьер-министр Ф.Кулов