Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-октябрдын № 727 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында электрометаллургия заводун куруу жөнүндө Республиканын курулуш комплексин сорттуу металл прокаты менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «SСRАР МЕТАLL INDUSTRY» жоопкерчилиги чектелген шериктигинин (Казакстан Республикасы) жана «Регстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында долбоордук кубаттуулугу жылына 100 мињ тонна орто сорттогу металл прокатын чыгаруу боюнча электрометаллургия заводун куруу долбоорун жүзөгө ашыруу жөнүндө сунуштары жактырылсын. 2. Электрометаллургия заводунун курулушу кыргыз-казак «Металлопрокат» биргелешкен ишканасы акционердик коомунун өздук каражаттарынын жана алар тарткан инвестициялык жана кредиттик каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн катышуусуз каржылана тургандыгы белгиленсин. 3. «SСRАР МЕТАLL INDUSTRY» жоопкерчилиги чектелген шериктигинин (Казакстан Республикасы) жана «Регстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун ар жыл сайын өндүрүлгөн металл прокатынын өздүк наркы боюнча 5 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү андан ары бөлүштүрүү үчүн бөлүп берүү тууралуу сунушуна макулдук берилсин. 4. «SСRАР МЕТАLL INDUSTRY» жоопкерчилиги чектелген шериктигине жана «Регстан» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - электрометаллургия заводунун электр менен жабдуу тышкы тармактарын долбоорлоону жана курууну «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коому менен макуллашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүү; - электрометаллургия заводун куруу долбооруна көз карандысыз экологиялык экспертиза жургүзүү; - Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында электрометаллургия заводун курууну 2007 - жылдын экинчи кварталында баштоо менен 2007- жылдын декабрь айында заводдун биринчи кезегин (металлургия цехин) ишке киргизүүнү жана 2008-жылдын декабрь айында заводду толук (металл прокат цехи менен) ишке киргизүүнү камсыз кылуу; - курулушту долбоорлоо менен бир эле мезгилде жүргүзүү; - «Металлопрокат» биргелешкен ишканасы акционердик коомуна жумушка инженер-техникалык кызматкерлердин жана жумушчулардын кеминде 90 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандарынан тартуу. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктүлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов