Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-октябрындагы № 728 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айылдык кењешинин тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин20- статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн Кыргы Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айылдык кењешине Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен 30,0 га, анын ичинде 17,43 га сугат аянтын, 16,47 га – кайрак жерди, 0,96 га – көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерди берүү жөнүндө жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча Республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына өткөрүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин; - ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунун курулушуна пландаштыруу жана жумушчу документтерин аларда жалпы пайдалануудагы автожолдорго бөлүнгөн тилкенин чектеринен сырткары социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен иштеп чыксын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов