Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-октябры №735 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы «3 G WCDMA\UMTS» стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна сынамык конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы «3 G WCDMA\UMTS»стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугунасынамык конкурс долбоорун натыйжалуу өткөрүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы «3 G WCDMA\UMTS»стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугунасынамык конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин. 2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы №588 «Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы «3 G WCDMA\UMTS»стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугунаконкурс өткөрүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - бүткүл текст боюнча «1-ноябрында» деген сан жана сөз «27-ноябрында» деген санга жана сөзгө алмаштырылсын. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов