ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 738 «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-октябры № 738

 

          КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине

   өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

     Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                    корутундусу тууралуу

  

   Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-

пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1.  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењешинин  депутаты

Р.М.Ирсалиев    тарабынан    демилге    кылынган     "Кыргыз

Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген

корутундунун негизинде макулдук берилсин.

   2.  Бул  токтом  Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењешине

жиберилсин.

  

   Премьер-министр                             Ф.Кулов

  

  

   20-октябры 2006-жыл №23-22646

  

                                      Кыргыз Республикасынын

                                            Жогорку Кењешине

                                                           

        "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине

   өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

     Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                         корутундусу

  

   Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-

пунктуна   ылайык  Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтү   Кыргыз

Республикасынын  Жогорку  Кењешинин  депутаты   Р.М.Ирсалиев

тарабынан  демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-

жаза   кодексине  өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө"   Кыргыз

Республикасынын  Мыйзам  долбоорун карап  чыгып,  аны  кабыл

алууга төмөнкүдөй сунуштарды эске алуу менен макулдук берет.

   Кыргыз    Республикасынын   Мыйзамынын    сунуш    кылган

долбоорунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-

статьясына  өзгөртүү  киргизүү болжолдонот,  анда  18  жашка

чейинки куракта кылмыш жасаган адамга өзгөчө оор кылмыш үчүн

эркинен  ажыратуу  мөөнөтү он жылдан ашпашы  керек  экендиги

каралат.   Мындан   тышкары  кылмыштардын   топтому   боюнча

жазаларды  же  өкүмдөрдү дайындоодо эркинен  ажыратуунун  эњ

жогорку мөөнөтү дагы он жылдан ашпашы керектиги белгиленет.

   Бирок, аталган Кодекстин 13-статьясына ылайык өзгөчө  оор

кылмыштарга  атайылап  жасалган кылмыштар  кире  тургандыгын

көњүлгө алуу керек, ал үчүн Мыйзамда он жылдан ашык мөөнөткө

эркинен ажыратуу же өлүм жазасына тартуу жазасы каралган.

  

   Премьер-министр                               Ф.Кулов