Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №475 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-октябры № 746 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калктыжана аймактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарууүчүн, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамле-кеттик тутумун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Тиркелгендер: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунунбирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо жана өзгөчө кырдаалдардын ал-дын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутумунун функциялык ту-тумчаларынын тизмеси бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты жа-на аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо тармагындагы функцияларды 3айлык мөөнөттүн ичинде макулдашсын жана министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын арасында бөлүштүрсүн. 3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мам-лекеттик тутумуна кирген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, адми-нистрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жа-на жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 3 айлык мөөнөттүн ичиндефункциялык тутумчалар жөнүндө жоболорду иштеп чыгышсын жана аныкталгантартипте бекитишсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 746 токтому менен бекитилген Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун мамлекеттик бирдиктүү функциялык тутумчаларынын ТИЗМЕСИ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Коомдук тартипти коргоо боюнча функциялык тутумча. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Функциялык тутумчалары: - өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана болжолдоо; - опурталдуу гидрометеорологиялык кубулуштарды байкоого алуу, бааберүү жана болжолдоо; - өрттүн алдын алуу жана өчүрүү; - Кыргыз Республикасынын аймактарындагы потенциалдуу опурталдууобъекттердеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу; - өзгөчө кырдаал зонасында адамдарды издөө жана сактоо боюнча иштикоординациялоо; - суу ташкындарына каршы иш-чаралар жана Кыргыз РеспубликасынынӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы гидротехникалык курулма-лардын коопсуздугу; - өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды издөө жана сактоо учурундаиздөөчү жана авариялык-сактоочу кызматтардын ишин уюштуруу жана коорди-нациялоо. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө кырдаалдардыналдын алуучу жана жоюучу функциялык тутумчасы. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Функциялык тутумчалары: - медициналык ресурстардын резерви; - санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө; - Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды жоюу учурунда медици-налык-санитардык камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги Функциялык тутумчалары: - байланыш жана кабарландыруу, уктуруу түйүндөрү, жалпы пайдала-нуудагы байланыш түйүндөрүнүн каналдары; - өзгөчө кырдаалдарды жоюуну транспорттук камсыз кылуу; - жолдор-көпүрөлөр менен камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги Функциялык тутумчалары: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөржай министрлигинин карамагындагы гидротехникалык курулмалардын коопсуз-дугун камсыздоо; - калктуу конуштардын чегинен тышкарыдагы жана Кыргыз Республика-сынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин ка-рамагындагы турган коллектордук-дренаждык тутумдар менен камтылган айылчарбалык айдоолорду кыртыш алдындагы суулардын дењгээли көтөрүлүшүнөнсактоо; - айыл чарба малдарын жана өсүмдүктөрдү коргоо. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги Функциялык тутумчалары: - материалдык ресурстарды эсепке алуу; - туризмдин коопсуздугун камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Министрликтин иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жанажоюу боюнча иштерди финансылык камсыздоо боюнча функциялык тутумча. Кыргызжилкоммунсоюз Кыргызжилкоммунсоюздун иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдыналуу жана жоюу боюнча функциялык тутумчалары. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик Мамлекеттик агенттиктин иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдыналуу жана жоюу боюнча функциялык тутумчалары. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Мамлекеттик материалдык резервдин функциялык тутумчасы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Агенттиктин иш чөйрөсүндө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуубоюнча функциялык тутумча. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын иштөө чөйрөсүндө өз-гөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун функциялык тутумчалары.