Бишкек шаары2006-жылдын 20-марты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Индия-кыргыз маалымат технологиялар борборун" түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү МЕМОРАНДУМУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Индия Республикасынын Өкмөтү, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле-лерди жана маалымат технологиялары тармагындагы эки тараптуу кызматташ-тыкты андан ары чыњдоо ниеттерин эске алып, Индия Республикасынын Өкмөтүнүн Бишкек шаарында "Индия-кыргыз маа-лымат технологиялар борборун" түзүү аркылуу Кыргыз Республикасындагымаалымат технологияларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү сунушун баса белгилеп, ушул максатты ишке ашыруу үчүн Индия Республикасынын Өкмөтү КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө 47,80 млн. рупий өлчөмүндөгү грант бөлүп берүүчечимин кабыл алгандыгын көњүлгө алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: Көз караш Борбор программалык камсыздоону иштеп чыгууда жана окутууда жогор-ку чеберчилик институту болуп, билим берүү тармагына олуттуу салым ко-шушу керек. Мындан тышкары, ал: жогорку тажрыйбалуу адистерди даярдайт жана ишке орноштуруу үчүнмүмкүнчүлүк түзөт; Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жана экспорт аркылуукирешелердин көлөмүн көбөйтүү максатында компьютер технологиялары тар-магындагы дүйнөлүк дењгээлдеги адистерди даярдайт; электрондук өкмөттү түзүүгө көмөктөшөт. Максаттары жана милдеттери - кыска мөөнөттүү компьютердик курстарды өткөрүүнү камсыз кылуу; - мамлекеттик кызматкерлерди маалымат технологияларына үйрөтүү; - Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү мекемелериндеги Маа-лымат технологиялар факультетгеринин окутуу методдорун өркүндөтүү; - дизайн жана программалык камсыздоону иштеп чыгууга окутуунунжањы методдорун өткөрүп берүү; - долбоордун толук программасы боюнча тренингдерди өткөрүү: дизайнжана иштеп чыгуу, тестирлөө, ылайыкташтыруу, өндүрүп чыгаруу, ишке кир-гизүү, тейлөөнү камсыз кылуу ж.б.; - маалымат базасы, веб-дизайн, Интернет технологиялары ж.б. неги-зинде программалык камсыздоо боюнча өзгөчө долбоорлорду ишке ашыруу. 1-статья. M/s HTM (International) Ltd Жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК)Индия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Аткаруучу агенттик болуп сана-лат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги(КР ТжКМ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Аткаруучу агенттикболуп саналат. 2-статья. Индия Республикасынын Өкмөтү техникалык экспертизаны, компьютердикжабдууларды, программалык камсыздоону, электрондук тармак системасын,Индия Республикасында стажировкаларды өткөрүүнү, тренингдерди жанакурстарды өткөрүү үчүн маалымат технологиялары тармагындагы индиялыкэксперттерди жиберүүнү өзүнө камтыган толук пакетти берүүгө макул. Долбоордун сунушталып жаткан аталышы "Индия-кыргыз маалымат техно-логиялар борборун түзүү". Индия Республикасынын Өкмөтү: 1. Кыргыз Республикасында программалык камсыздоо жана маалыматтехнологияларын өнүктүрүү боюнча тренинг борборун түзүүгө көмөктөшөт; Борбордо пландаштырылган курстарды өткөрүү үчүн зарыл болгон шай-мандарды, тиешелүү программалык камсыздоону, операциялык системаларды,тармактык элементтерди, компьютердик жабдууларды алып келет; 3. Борбордогу Кыргыз факультети үчүн трениг уюштуруу жана өткөрүүүчүн мөөнөтү 84 киши-айга барабар болгон убакытка маалымат технология-лары боюнча индиялык 13 экспертти жөнөтөт; 4. 10 кыргызстандык адисти Индияда жалпысынан 48 киши-аймөөнөтүнүн ичинде окутат. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Борборго төмөнкүдөй жардам көрсөтүшүкерек: 1) керектүү бош аянты, жасалгасы, байланышы, электр энергиясы, су-усу, ошондой эле жылыткычы, кондиционери ж.б. бар имарат бөлүп берүү; 2) офистик эмерек, ошондой эле офистер, класстык, факультативдикбөлмөлөр үчүн зарыл болгон тийиштүү жабдуулар ж.б. менен камсыз кылуу; 3) Борборду түзүү жана иштетүү үчүн керектүү болгон бардык анык-талган нормаларды аткарууга жана уруксаттарды алууга көмөктөшүүнү кам-сыз кылуу. 4) Индиядан келген эксперттерге төмөнкүдөй жардам көрсөтүлөт: I) турак-жай, офис, транспорт жана медициналык тейлөө; II) коммуникациялык тейлөө, визаларды алууга көмөктөшүү, эмгекиш-аракеттерин жүргүзүүгө тиешелүү уруксат алуу ж.б.; III) англис тилиндеги котормочулар жана адистердин иштөөсүнөкөмөктөшө турган ар кандай башка жардамдар; 5) Борбордун ишкердигинин гранттын каражаттарына жүргүзүлгөнбөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында алына турган салыктардан жанатөлөмдөрдөн бошотулат. Индиялык гранттын каражаттарынын эсебинен им-порттолгон жабдуулар жана материалдар салыктардан жана бажытөлөмдөрүнөн бошотулат. 6) Борборду башкаруу үчүн жергиликтүү персоналды ишке тартуунукамсыз кылат. 7) Борбордун күнүнкү башкаруусун жана иштөөсүн камсыз кылат жанааны тейлөөгө кеткен чыгашаларды жабат. 4-статья. Борбордун жумушчу тилдери болуп орус жана англис тилдери саналат,бардык программалык камсыздоо, окутуучу материалдар жана окутуу англисжана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 5-статья. Тараптар долбоорду ишке ашырууга тиешелүү майда-бараттарды анданары макулдашуу жана ушул өз ара түшүнүшүү Меморандуму боюнча маселелер-ди чечүү үчүн бири-бири менен үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүп ту-рушат. Ушул максатта эки Тараптын тењме-тењ өкүлдөрүнөн турган Жетекчи-лер кењеши түзүлөт. Жетекчилер кењешинин толук курамын эки Тарап макул-дашып тузөт. 6-статья. Өз ара түшүнүшүү Меморандуму кол коюлган күндөн тартып, ал эмиКыргыз Республикасы үчүн тиешелүү ички мамлекеттик жол-жоболор аткарыл-гандан кийин күчүнө кирет. 7-статья. Ушул Меморандумду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон долбоорду аткаруумөөнөттөрү, жабдуулардын, программалык камсыздоонун, тармактык элемент-тердин өзгөчөлүктөрү ж.б. майда-чүйдөлөр өзүнчө Тиркеме менен таризде-лет. Бишкек шаарында 2006-жылдын 20-мартында эки түп нускада, ар бирикыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей юридикалык күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн