Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы N 475 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы №746 токтому менен бекитилген
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутумун (мындан ары - бирдиктүү тутум) уюштуруунун жана анын иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
2. Бирдиктүү тутум өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатындагы маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жөнүндө" Мыйзамында каралган ыйгарым укугуна кирген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын бириктирет.
3. Бирдиктүү тутум функционалдык жана аймактык тутумчалардан туруп, республикалык, региондук, аймактык, жергиликтүү жана объектилик деңгээлдерде колдонулат.
4. Бирдиктүү тутумдун функциялык тутумчалары министрликтер, мамлекеттик комитеттер, адмиңистрациялык ведомстволор тарабынан бул органдардын иш чөйрөсүндө калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында ишти уюштуруу үчүн түзүлөт.
Функциялык тутумчалардын уюштурулушу, күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамы, ошондой эле алардын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери тарабынан бекитилчү алар жөнүндөгү жоболор менен аныкталат.
5. Бирдиктүү тутумдун аймактык тутумчалары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алардын аймактарынын чегинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн түзүлөт жана бул аймактардын администрациялык-аймактык бөлүнүшүнө ылайык топтордон турат.
Аймактык тутумчалардын уюштурулушу, күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамы, ошондой эле алардын иш тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрациялары белгиленген тартипте бекитүүчү алар жөнүндөгү жоболор менен аныкталат.
6. Бирдиктүү тутумдун ар бир деңгээлинде координациялык органдар, туруктуу иштей турган башкаруу органдары, күч жана каражаттар, финансылык жана материалдык ресурстардын резерви, байланыш, кабарландыруу жана маалыматтык камсыз кылуу тутумдары түзүлөт.
7. Бирдиктүү тутумдун координациялоочу органдары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия;
- аткаруу бийлигинин республикалык органдарында - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча комиссия;
- аймактык деңгээлде (Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын аймактарында) - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча комиссия;
- жергиликтүү деңгээлде (айыл өкмөттөрүнүн аймактарынын чегинде) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча комиссия;
- объект деңгээлинде - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча комиссия.
Республиканын тийиштүү регионунун чегинде (түндүк, чыгыш, түштүк) өзгөчө кырдаалдардан калкты коргоо жаатында аткаруу бийлигинин аймактык жана жергиликтүү органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу боюнча функцияларды жана милдеттерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин региондор аралык башкармалыгы белгиленген тартипте ишке ашырат.
8. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча комиссияларды түзүү, кайра өзгөртүп түзүү жана анын ишин токтотуу, персоналдык курамын бекитүү жана алардын компетенциясын аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын чечимдери менен ишке ашырылат.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча комиссиялардын компетенциясы жана ыйгарым укуктары алар жөнүндөгү жоболордо же аларды түзүү жөнүндөгү чечимдерде аныкталат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча комиссияларын ал органдардын жана уюмдардын тийиштүү жетекчилери жетектейт.
9. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча комиссиялардын негизги милдеттери болуп алардын ыйгарым укуктарына ылайык төмөндөгүлөр эсептелет:
а) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
б) бирдиктүү тутумдун башкаруу органдарынын жана күчүнүн иш-аракетин координациялоо;
в) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы маселелерди чечүүдө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында бузулган жана талкаланган турак жайларды, турак жай жана коммуналдык чарбалардын объекттерин, өндүрүш жана инженердик инфраструктураларды калыбына келтирүү жана куруу учурунда аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча тийиштүү комиссияларга башка милдеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын чечимдери менен жүктөлүшү мүмкүн.
10. Бирдиктүү тутумдун туруктуу иштөөчү башкаруу органы болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- региондук деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин региондор аралык башкармалыктары;
- аймактык жана жергиликтүү деңгээлдерде - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыктары жана бөлүмдөрү;
- объект деңгээлинде - уюмдардын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында маселелерди чечүүгө атайын ыйгарым укугу бар структуралык бөлүмдөрү же кызматчылары.
Бирдиктүү тутумдун туруктуу иштөөчү башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлөт жана өз ишин аткарат.
Бирдиктүү тутумдун туруктуу иштөөчү башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктары алар жөнүндөгү жоболордо аныкталат.
11. Бирдиктүү тутумдун күнүмдүк башкаруу органдары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистүү кырдаалдарды башкаруу борбору;
- региондук-аймактык деңгээлде - бирдиктүү нөөмөтчү - диспетчердик кызматтар.
12. Бирдиктүү тутумдун башкаруу органдары кырдаалдарга жараша стационардык же көчүп жүрүүчү, пайдаланууга дайым даяр абалда кармалып туруучу башкаруу пункттарында жайгаштырылат.
13. Бирдиктүү тутумдун күчтөрүнө жана каражаттарына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн атайын даярдалган күчтөрү жана каражаттары (мындан ары - функционалдык жана аймактык, объектилик тутумчалардын түзүмдөрү), өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга арналган ыктыярдуу сактоочу кошуундар жана коомдук бирикмелер кирет.
Бирдиктүү тутумдун күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
14. Бирдиктүү тутумдун ар кандай деңгээлдеги күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамына өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн арналган дайыма даярдыктагы күчтөр жана каражаттар (мындан ары - дайыма даярдыктагы күчтөр) кирет.
Дайыма даярдыктагы күчтөрдүн негизин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү жана 3 суткадан кем эмес убакыт бою өзгөчө кырдаалдар зонасында авариялык-сактоочу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн атайын техника, жабдуулар менен жабдылган кызматтар жана кошуундар түзөт.
Республикалык деңгээлдеги дайыма даярдыктагы күчтөрдүн жана каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Аймактык тутумчалардын дайыма даярдыктагы күчтөрүнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан бекитилет.
Аймактык тутумчалардын дайыма даярдыктагы күчтөрүнүн курамын жана структурасын аларды түзүүчү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана коомдук бирикмелер аларга жүктөлгөн милдеттерге жараша аныкташат.
15. Кыргыз Республикасынын бардык же көпчүлүк аймактарында авариялык-сактоочу жумуштарды жүргүзүүгө жана аракеттерге катышкан функциялык жана аймактык тутумчалардын, объектилердин, ыктыярдуу сактоочу кошуундардын жана коомдук бирикмелердин, авариялык-сактоочу кызматтардын, жарандык коргонуунун авариялык-сактоочу бөлүмдөрүнүн, сактоо кызматынын, ошондой эле өрттөн сактоонун бардык түрлөрүнүн ишин координациялоону белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын аймактарында функциялык жана аймактык тутумчалардын, объектилик, ыктыярдуу сактоочу түзүмдөрдүн жана коомдук бирикмелердин тутумчаларынын ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин региондор аралык башкармалыктары, шаардык жана райондук башкармалыктары ишке ашырат.
16. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүн, башка кызматтарды жана кошуундарды өзгөчө кырдаалдарды жоюуга тартуу төмөндөгүдөй ишке ашырылат.
- аталган кызматтар жана кошуундар тейлеген объекттерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун пландарына ылайык;
- башка объекттерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу учурунда өз ара аракеттенүүнүн пландарына ылайык;
- аталган кызматтардын жана кошуундардын ишине жетекчилик кылган аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана коомдук бирикмелердин чечимдери боюнча.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүн жана башка кызматтарды жана кошуундарды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өзгөчө кырдаалдарды жоюуга тартуу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде эл аралык укуктун нормаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылат.
Авариялык-сактоочу коомдук кошуундар өзгөчө кырдаалдарды жоюуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катыша алышат жана бирдиктүү тутумдун тийиштүү органдарынын жетекчилиги алдында иштешет.
17. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, коргоо жаатында милдеттерди аткарган башка аскерлердин, аскердик түзүмдөрдүн жана органдардын күчтөрү жана каражаттары өзгөчө кырдаалдарды жоюуга Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган тартипте тартылат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, анын ичинде аймактык органдарынын күчтөрү жана каражаттары өзгөчө кырдаалдарды жоюуда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка нормативдик актылары аркылуу аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык колдонулат.
18. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу жана бирдиктүү тутумдун башкаруу органдарынын катарына кирген уюмдардын кызматкерлерин даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте уюштурулат.
Өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында калкты даярдоо үчүн методикалык жетекчиликти жана контролдоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырат.
19. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн жана башка кошуундардын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана аларды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө даярдыгы аттестациянын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүүчү текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталат.
20. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн төмөндөгүлөр түзүлөт жана пайдаланылат:
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис жумуштарды камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык баалуулуктардын запасы;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын финансылык жана материалдык ресурстарынын резервдери.
Финансылык жана материалдык ресурстардын резервдерин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруунун органдарынын нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн материалдык ресурстарынын резервдеринин номенклатурасы жана көлөмү, ошондой эле аларды түзүү, сактоо, пайдалануу жана толтуруу үчүн контроль аларды түзүүчү орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
21. Бирдиктүү тутумду башкаруу бирдиктүү тутумду башкаруу органдарына, күчтөрүнө жана калкка маалыматтарды жана кабарлоо сигналдарын жеткирүүнү камсыздоочу күчтөрдү, байланыш жана кабарлоо каражаттарын, маалымат берүү тармактарын, жалпы пайдалануудагы байланыш тармагынын каналдарын жана ведомстволук байланыш тармактарын уюштуруучулук-техникалык жактан бириктирүүдөн турган байланыш жана кабарлоо системаларын пайдалануу менен ишке ашырылат.
Өзгөчө кырдаалдар учурунда кайсы гана болбосун байланыш түйүнүн жана байланыш каражаттарын артыкчылык менен пайдалануу, бул түйүндөрдү жана байланыш каражаттарын пайдаланууну токтото туруу жана чектөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
22. Бирдиктүү системада маалыматтык камсыз кылуу маалыматтарды алмашууну, даярдоону, анализдөөнү жана маалыматты берүүнү камсыз кылуучу техникалык системалардын, байланыш жана кабарлоо каражаттарынын, автоматташкан маалыматтык ресурстардын жыйындысы сыяктуу автоматташкан маалыматтык-башкаруу системасын пайдалануу менен ишке ашырылат.
Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө, анын ичинде өрткө байланыштуу кабарларды кабыл алуу үчүн калктуу конуштардын телефон түйүндөрүнүн баарына бирдей "101" номери берилет.
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында маалыматтарды топтоону жана алмашууну аткаруу бийлигинин республикалык органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырышат.
Аталган маалыматтарды берүүнүн мөөнөтү жана түрү аткаруу бийлигинин республикалык органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан белгиленет.
Чет мамлекеттер менен маалыматтарды алмашуу эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат.
23. Бирдиктүү тутумдун чегинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча аракеттердин республикалык планынын, региондук пландардын, ошондой эле аткаруу бийлигинин республикалык органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын аракеттеринин пландарынын негизинде ишке ашырылат.
Бирдиктүү тутумдун чегинде аракеттерди пландаштырууга уюштуруучулук-методикалык жетекчилик кылууну Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырат.
24. Объектилерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдар пайда болуу коркунучу жок кезде бирдиктүү тутумдун башкаруу органдары жана күчтөрү күндөлүк иш-аракеттин режиминде иштейт.
Өзгөчө кырдаалдар мүмкүн болуучу же пайда болгон аймактарда аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын же өзгөчө кырдаалдарды жоюуга ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечимдери менен бирдиктүү тутумдун тийиштүү башкаруу органдары жана күчтөрү үчүн иштөөнүн төмөндөгүдөй режимдеринин бири белгилениши мүмкүн:
а) жогорку даярдыктагы режим - өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу учурунда;
б) өзгөчө кырдаал режими - өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жана аларды жоюу учурунда.
25. Аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын жетекчилеринин бирдиктүү тутумдун тийиштүү башкаруу органдары жана күчтөрү үчүн жогорку даярдыктагы режимди же өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүү жөнүндөгү чечимдери менен төмөндөгүлөр аныкталат:
а) жогорку даярдыктагы режимди же өзгөчө кырдаал режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар;
б) өзгөчө кырдаал пайда болуусу мүмкүн болгон аймактын чеги же өзгөчө кырдаалдын зонасынын чеги;
в) өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн тартылган күчтөр жана каражаттар;
г) өзгөчө кырдаалдан калкты коргоону камсыз кылуу же аны жоюу үчүн иштерди уюштуруу боюнча чаралардын тизмеси;
д) өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга жооптуу кызмат адамдары же өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерге жооптуу жетекчи.
Аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын жетекчилери бирдиктүү тутумдун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн айрым бир аймакта тийиштүү режимде иштеши киргизилгендиги, ошондой эле калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө массалык маалымат каражаттары жана байланыштын башка каналдары боюнча калкка кабарлоого милдеттүү.
26. Тийиштүү аймактарда жогорку даярдыктагы режимди же өзгөчө кырдаал режимин киргизүү үчүн негиз болгон кырдаалдар жоюлган учурда аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын жетекчилери бирдиктүү тутумдун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн белгиленген режимин алып салат.
27. Региондук, республикалык жана трансчегаралык өзгөчө кырдаалдар пайда болуу коркунучу болгондо же пайда болгон учурда бирдиктүү тутумдун тийиштүү функциялык тутумчаларынын башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иштөө режими өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен белгилениши мүмкүн.
28. Бирдиктүү тутумдун башкаруу органдары менен күчтөрү жүргүзүүчү негизги иш-чаралар болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
а) күндөлүк иштөө режиминде:
- айлана чөйрөнүн абалын изилдөө жана өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатында маалыматтарды белгиленген тартипте топтоо, иштеп чыгуу жана алмашуу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча максаттуу жана илимий-техникалык программаларды жана чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- бирдиктүү тутумдун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттерин пландаштыруу, даярдыгын уюштуруу жана алардын иш аракеттерин камсыз кылуу;
- калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдоо;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатында билимди жайылтуу;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн материалдык ресурстардын резервдерин түзүүгө, жайгаштырууга, сактоого жана толуктоого жетекчилик кылуу;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатында мамлекеттик эксперттөөнү, көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдарда калкты коопсуз райондорго эвакуациялоого, материалдык жана маданий баалуулуктарды жайгаштырууга жана тийиштүү туруктуу жайгашкан орундарга кайтарууга же сактоого даярдоо, ошондой эле калктын жашоо турмушун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдар жөнүндө статистикалык отчетторду жүргүзүү, авариялардын жана кыйроолордун себептерин текшерүүгө, ошондой эле авариялардын жана кыйроолордун себептерин жоюу боюнча чараларды иштеп чыгууга катышуу;
б) жогорку даярдыктагы режимде:
- айлана-чөйрөнүн абалын контролдоону күчөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын пайда болушун жана алардын кесепеттерин болжолдоо;
- керек болгон учурда бирдиктүү тутумдун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын стационардык башкаруу пункттарындагы күнү-түнү бою күзөтүн киргизүү;
- болжолдонуп жаткан өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз топтоо, иштеп чыгуу жана бирдиктүү тутумдун башкаруу органдары менен күчтөрүнө берүү, калкка алардан сактануунун жолдорун жана ыкмаларын кабарлоо;
- өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунун жана өөрчүшүнүн алдын алуу, алар пайда болгон учурда зыяндардын жана чыгымдардын көлөмүн азайтуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда уюмдардын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин жогорулатуу боюнча оперативдүү чараларды көрүү;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча аракеттенүүнүн планын жана башка документтерди тактоо;
- керек болгон учурда бирдиктүү тутумдун күчтөрүн жана каражаттарын өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууга даярдыкка келтирүү, оперативдүү топторду түзүү жана алардын аракет кылуунун сунуш кылынган аймактарына баруусун уюштуруу;
- керек болсо өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн түзүлгөн материалдык ресурстардын резервдерин толуктоо;
- керек учурда эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүү.
в) өзгөчө кырдаал режиминде:
- айлана чөйрөнүн абалын үзгүлтүксүз контролдоо, чыккан өзгөчө кырдаалдардын өсүшүн жана алардын кесепеттерин болжолдоо;
- аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле калкка өзгөчө кырдаалдардын пайда болгондугу жөнүндө кабарлоо;
- өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди уюштуруу жана бирдиктүү тутумдун күчүн жана каражаттарын ар тараптуу камсыз кылуу, аларды жүргүзүү учурунда коомдук тартипти сактоо, ошондой эле керек болгон учурда белгиленген тартипте коомдук уюмдарды жана калкты пайда болгон өзгөчө кырдаалдарды жоюуга тартуу;
- өзгөчө кырдаалдар зонасындагы абал жана аны жоюу боюнча иштин жүрүшү жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз топтоо, анализдөө жана алмашуу;
- өзгөчө кырдаалдарды жана анын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жана менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдардын үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана колдоо;
- өзгөчө кырдаалдарда калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
29. Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" Мыйзамынын 3-статьясында каралган жагдайлар боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда бирдиктүү тутумдун тийиштүү тутумчаларынын башкаруу органдары жана күчтөрү үчүн өзгөчө кырдаал режими белгиленет.
Өзгөчө кырдаалдар режиминде бирдиктүү тутумдун башкаруу органдары жана күчтөрү мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүнүн өзгөчө укуктагы режимин эске алуу менен иштешет.
30. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өзгөчө кырдаалдардын төмөндөгүдөй классификациясына ылайык ишке ашырылат:
объектилик (1-даражадагы оордук) объект кайсы уюмдун карамагында болсо ошол уюмдун күчү жана каражаттары менен;
- жергиликтүү (2-даражадагы оордук) - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (айыл өкмөттөрүнүн) күчү жана каражаттары менен;
- райондук (3-даражадагы оордук) райондун аткаруу бийлигинин органдарынын күчү жана каражаттары менен;
- облустук (4-даражадагы оордук) - облустун жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын күчү жана каражаттары менен;
- республикалык (5-даражадагы оордук) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган күчтөр жана каражаттар менен;
- трансчегаралык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча.
Аталган күчтөр жана каражаттар жетишсиз болгон учурда белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын күчтөрү жана каражаттары тартылат.
31. Трансчегаралык өзгөчө кырдаалды жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат.
32. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга тартылган күчтөргө жана каражаттарга жетекчиликти жана алардын өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчилери ишке ашырат.
Өзгөчө кырдаалдар зонасына биринчи болуп келген функциялык жана аймактык тутумчалардын, объектилик, ыктыярдуу сактоочу кошуундардын жана коомдук бирикмелердин, жарандык коргонуунун коомдук бөлүмдөрүнүн, сактоочу кызматтын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын жетекчилери өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчисинин ыйгарым укугун өзүнө алышат жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, пландарда көрсөтүлгөн же өзгөчө кырдаалдарды жоюу ыйгарым укугуна кирген мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жетекчилери дайындаган өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчилери келгенге чейин ал милдетти аткарат.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчилери аймагында өзгөчө кырдаал чыккан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан уюмдар менен макулдашуу боюнча өзгөчө кырдаалдар зонасынын чектерин, аны жоюу боюнча иштердин тартибин белгилешет, ошондой эле авариялык-сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү боюнча чечимдерди чыгарышат.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчилердин чечими эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаган болсо өзгөчө кырдаалдар зонасындагы бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болот.
33. Зарыл шартта өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштардын жетекчилери төмөндөгү маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу:
- эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүүгө;
- өзгөчө кырдаалдын зонасындагы уюмдардын ишин токтотууга;
- өзгөчө кырдаалдар зонасындагы объекттерде жана уюмдардын аймактарында авариялык-сактоочу жумуштарды жүргүзүүгө;
- өзгөчө кырдаалдар зонасына адамдардын баруу мүмкүндүгүн чектөөгө;
- өзгөчө кырдаалдар зонасындагы уюмдардын мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктан башка материалдык ресурстарынын резервин белгиленген тартипте брондон чыгарууга;
- өзгөчө кырдаалдар зонасындагы уюмдардын байланыш жана кабарландыруу каражаттарын, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө штаттан тышкаркы жана коомдук авариялык-сактоочу, анын ичинде ыктыярдуу кошуундарды, ошондой эле авариядан-сактоочу жумуштарды жүргүзүү үчүн аттестацияланганын тастыктаган документтери бар болгон учурда аталган кошуундардын курамына кирбеген сактоочуларды тартууга;
- кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө калкты, ошондой эле сактоочу эмес айрым жарандарды авариялык-сактоочу жумуштарды жүргүзүү үчүн ыктыярдуу негизде тартууга;
- өзгөчө кырдаалдардын өөрчүшү жана аларды жоюу боюнча жумуштардын жүрүшү менен шартталган керектүү чараларды көрүүгө.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчилери зарыл шартта алар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга тезинен кабарлайт.
34. Бирдиктүү тутум ар бир деңгээлде тийиштүү бюджеттердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо боюнча максаттуу программаларды каржылоо жана уюмдардын туруктуу иштешин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюунун иш-чараларын каржылоо менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан өзгөчө кырдаалдар зонасындагы уюмдардын каражаттарынын, аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын каражаттарынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, камсыздандыруучу фонддордун жана башка булактардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Аталган каражаттар жетишсиз болуп калган учурда аткаруу бийлигинин республикалык органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча резервдик фондунун каражаттарынан белгиленген тартипте бөлүштүрүп берүү өтүнүчү менен кайрыла алышат.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин оперативдүү түрдө жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча максаттуу финансылык резервден белгиленген тартипте пайдалана алат.
35. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу учурунда кечиктирилгис жумуштарды камсыз кылуу үчүн багытталган мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды брондон чыгаруу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
36. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызматына жүктөлгөн өрттүн алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча иштерди уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актылар менен аныкталат.
Токойлордогу өрттү өчүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
37. Аймактарында өзгөчө кырдаалдар пайда болгон мамлекеттерге эл аралык гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген тартипте көрсөтүлөт.
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 22-августундагы N 475 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 23-октябрындагы
N 746 токтому менен
бекитилген
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана
жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө
ЖОБО