Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 31-октябры №749
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«24-мартты улуттук майрамдоо күнүнүн 1 жылдыгына жана Кыргыз
Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу
мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире
иштелип чыккан долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык
«Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 19-октябрындагы № 1331-
III токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. «24-мартты улуттук майрамдоо күнүнүн 1 жылдыгына жана Кыргыз
Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан
долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби
жана маалыматтык саясат боюнча комитети жана Конституциялык мыйзамдар,
мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, соттук-укуктук реформа жана адам
укуктары боюнча комитети менен бул мыйзам долбоорун биротоло жеткире
иштеп чыгууда мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр менен
толуктоолорду колдосун.
3. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын юстиция министри бул мыйзам долбоорун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүњүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Ф. Кулов