Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-октябры № 753 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен эс алуу зонасын куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90 жана 92-статьяларына ыла-йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, эс алуу зонасын куруу үчүн Кыргыз Респуб-ликасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмойнок айыл өкмөтүнүнсуу фондунун жерлерине таандык жайыттарынан "Аламүдүн" капчыгайындагыаянты 0,28 га жер участкасын 49 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдала-нууга Н.Кулмурзаевге берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы: - берилген участкага Н.Кулмурзаев тарабынан экологиялык экспертизажүргүзүүнү жана "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөрүчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ор-дун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтомуменен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуу-ларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданын ордунтөлөшүн камсыздасын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри Ф.Кулов