Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-октябры № 757                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун              калкын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө"             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын            11-сентябрындагы № 520 токтомуна толуктоолорду                           киргизүү тууралуу      "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭ-Син  жана  суу  сактагыч  куруудан келтирилген зыяндарды компенсациялоожөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын   Мыйзамына   толуктоолорду    жанаөзгөртүүлөрдү  киргизүү  тууралуу"  Кыргыз  Республикасынын 2006-жылдын24-февралындагы № 64 Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Жалалабат облусунун Токтогул районунун  калкын  колдоо  боюнчаайрым  чаралар  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын11-сентябрындагы № 520 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:     - аталышы,  1  жана  3-пункттары "Токтогул району" деген сөздөрдөнкийин тийиштүү жөндөмөлөрдө "жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылы" де-ген сөздөр менен толукталсын:     - жогоруда аталган токтом  менен  бекитилген  Жалалабат  облусунунТоктогул районундагы суу чарба объектилерин каржылоо боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигининатайын фонду жөнүндө жободо:     - аталышы жана 12-пункт "Токтогул району"  деген  сөздөрдөн  кийин"жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылы" деген сөздөр менен толукталсын;     - 10-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Энергетикабоюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Моно-полияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агент-тиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.     - бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги"деген  сөздөр  тийиштүү  жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Экономикажана финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;     - 12-пункттун  биринчи  абзацы  "объектилер" деген сөздөрдөн кийин"өндүрүш имараттары жана курулмалар,  жерди өздөштүрүү жана  жакшыртуу"деген сөздөр менен толукталсын.     Премьер-министр                                            Ф.Кулов