Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 6-ноябры №762
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду жөнүндө", "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Конституциялык {*мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу":26952},
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын {*Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу":26953},
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
{*Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу":26954} жана
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
{*Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу":26955}
Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы №179
токтомунун редакциясында)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясынын негизинде
жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №
272 буйругун аткаруу максатында, ошондой эле аталган буйрук менен беки-
тилген Кыргызстандын экономикасынын тез жана сапаттуу өсүшүн камсыздоо-
чу стратегиялык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өлкөнүн
финансылык активдерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселеле-
рин изилдөө боюнча жумушчу комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин
жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам долбоорлоруна макулдук
берилсин:
- "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу";
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу";
- "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралуу";
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралуу".
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри Ф.Кулов