Сравнение редакций…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-ноябры № 765
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер
кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу
белгилери менен камсыздоо тартиби жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-январындагы
№ 15 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин мыйзамдарга ылайык
келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын
аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери менен камсыздоо тар-
тиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-январын-
дагы № 15 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бир айлык мөөнөттө
Аскердик кийим формасын, айырмалоочу белгилерин жана шаймандарын кийүү-
нүн жана тагынуунун бирдиктүү эрежелерин иштеп чыксын. белгиленген тар-
типте бекитсин жана ишке киргизсин.".
Премьер-министр Ф.Кулов