Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-ноябры № 768 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча келүүчү 70 млн. юань суммасындагы айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык) Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо, ошондой эле Кытай Эл Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча сатып алынган айыл чарбатехникаларын өз убагында бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын 70 млн. юань сум-масындагы каражатына сатып алынган айыл чарба техникаларын республика-нын облустары боюнча бөлүштүрүү N 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. N 1 тиркеме орусча редакцияда берилген 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары: - товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн "Мамлекет тарабынан товардык жана финансылык жардам катарындаалынган же тартылган мамлекеттик кредиттердин эсебинен салып алынганминералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдүкоргоо каражаттары жана башка материалдык-техникалык ресурстар түрүндөтовардык кредиттерди берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүүжобону бекитүү тууралуу" 2000-жылдын 15-ноябрындагы N 670 токтому мененбекитилген Типтүү жобого бекем ылайык айыл чарба техникаларын алуучу-ларды аныкташсын; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининЭкономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна кредиттик-күрөөлүк доку-менттерди тариздөө үчүн протоколдук чечимдерди беришсин. 3. Кубаттуулугу 50 ат күчүнөн ашык тракторлорду алууга артыкчылык-туу укук тракторлорду сатуу наркынын 50 процентине чейинки өлчөмүндөбаштапкы взносторду атайын депозиттик эсепке которушун гарантиялоочуукуктук статусуна карабастан төлөөгө жөндөмдүү агротехникалык сервистикборборлорго, айыл чарба кооперативдерине жана үрөнчүлүк чарбаларына,ошондой эле айылдардагы башка чарбакер субъекттерге бериле тургандыгыбелгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигименен бирдикте Алмашуу каттарына кол коюу датасына карата эки өлкөнүнулуттук валютасынын орточо алмашуу курсуна ылайык айыл чарба техникала-рынын баасын бекитсин; - айыл чарба техникаларын кийинки сатып алуу үчүн Кытай Эл Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн грантынын кайтарылуучу каражаттарын топтоо макса-тында атайын депозиттик эсеп ачсын. 5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининЭкономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жогоруда көрсөтүлгөн техни-каларды N 2 тиркемеге ылайык шарттарда бөлсүн. 6. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы айыл чарба техникаларынтовардык кредит катарында алышкан айылдык товар өндүрүүчүлөргө алардыкийин сатуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын линиясыбоюнча келген айыл чарба техникаларына запастык бөлүктөрдү жооптуу сак-тоочу болуп аныкталсын. 7. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги менен бирдикте айыл чарба техникасын алышкан чарбакерсубъекттерге аларды кийин сунуштоо үчүн айыл чарба техникаларына запас-тык бөлүктөрдүн тизмесин бир жумалык мөөнөттө аныктасын; - Алмашуу каттарына кол коюу датасына карата эки өлкөнүн улуттуквалютасынын орточо алмашуу курсуна ылайык айыл чарба техникаларына за-пастык бөлүктөрдү сатуу наркын аныктасын жана Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлигине бекитүүгө берсин; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининЭкономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен айыл чарба техникала-рына запастык бөлүктөрдүн сакталышы үчүн жоопкерчиликти, аларга муктажсубъекттерге кийин сатуу тартибин жана укугун кароочу Макулдашууну та-риздесин. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы айылдык товар өндүрүүчүлөргө бул айыл чарба техникалары берил-ген учурдан тартып бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелген суммасын төлөөбоюнча милдеттенмени токтотулду деп эсептесин. 9. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине Кыргыз Республикасынын Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте 20проценттик рентабелдүүлүктү эске алуу менен агротехникалык сервистиккызматтар тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө көрсөтүлүүчү кызмат-тардын наркын бир айлык мөөнөттө аныктоо сунуш кылынсын. 10. Агротехникалык сервистик борборлорго жана башка жогорудакөрсөтүлгөн айыл чарба техникаларын алуучуларга ушул токтомдун 9-пунк-туна ылайык белгиленген баалардын өлчөмүнөн ашпаган наркта калкка агро-техникалык сервистик кызматтарды көрсөтүү сунушталсын. 11. Келген айыл чарба техникаларын жайгаштырууга, аны бажылык та-риздөөгө, түшүрүүгө жана монтаждоого, сактоого байланышкан "Кыргызре-сурстары" мамлекеттик ишканасынын чыгымдары жана башка ички чыгымдарушул токтомго N 2 тиркемеде көрсөтүлгөн баштапкы взносторунун каражат-тарынын эсебинен жабыла тургандыгы белгиленсин. N 2 тиркеме орусча редакцияда берилген 12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иште-түүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов