Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-ноябры № 769 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун чет өлкөлүк кредиттери боюнча милдеттенмелерин реструктуралаштыруу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-августундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тездетилген экономикалык өсүшүнжана мамлекеттик бюджеттин кирешесин камсыз кылуу боюнча конкреттүүиш-аракеттер программасынын биринчи кезектеги милдеттерин ишке ашыруу,ошондой эле "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердиккоомунун (мындан ары - "Кыргызстандын УЭТ" ААКсы) финансылык абалынжакшыртуу жана компаниянын чет өлкөлүк кредиттери боюнча кредитордуккарызынын өсүшүнө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - "Кыргызстандын УЭТ" ААКсынын 2006-жылдын 30-июнуна карата четөлкөлүк кредиттери боюнча карызын реструктуралаштырсын; - "Кыргызстандын УЭТ" ААКсы менен төмөнкүдөй шарттарда карыздыккаражаттарды кайтаруу боюнча карыздык милдеттенмелерди тариздесин: Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн кредити (грант-1) боюнча,2002-жылдын 30-августундагы № 21-02 карыздык милдеттенме, 2030-жылдын1-октябрына чейин карызды жоюунун биротоло мөөнөтү белгиленсин; Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн кредити (грант-2) боюнча,2002-жылдын 20-августундагы № 18-02 карыздык милдеттенме, 2030-жылдын15-октябрына чейин карызды жоюунун биротоло мөөнөтү белгиленсин; Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн кредити (грант-3) боюнча,2002-жылдын 20-августундагы № 20-02 карыздык милдеттенме, 2030-жылдын1-августуна чейин карызды жоюунун биротоло мөөнөтү белгиленсин; Азия өнүктүрүү банкынын кредити -1 боюнча, 2002-жылдын 20-авгус-тундагы № 7-02 карыздык милдеттенме, 2030-жылдын 15-сентябрына чейинкарызды жоюунун биротоло мөөнөтү белгиленсин; СФР кредити боюнча, 2002-жылдын 20-августундагы № 14-02 карыздыкмилдеттенме, 2030-жылдын 15-октябрына чейин карызды жоюунун биротоломөөнөтү белгиленсин; МАР кредити боюнча, 2002-жылдын 20-августундагы № 1-02 карыздыкмилдеттенме, 2015-жылдын 15-сентябрына чейин карызды жоюунун биротоломөөнөтү белгиленсин; Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун2006-жылдын 30-июнуна карата 26124198,61 АКШ доллары (негизги сумма),348779,28 АКШ доллары (капиталдаштырылган проценттер) суммасындагы мөө-нөтү кечиккен карызы жана 2006-жылдын 1-июлунан 2009-жылдын 15-январыначейин салынган 2659658,14 АКШ доллары суммасындагы проценттери төмөнкү-дөй шартта капиталдаштырылсын жана өзүнчө карыздык милдеттенме менентаризделсин: проценттик ставка - жылдык 4 процент; мөөнөтүнөн өткөн төлөмдөр үчүн проценттер - жылдык 8 процент; 2002-жылдагы карыздык милдеттенмеге киргизилген капиталдаштырылганпроценттердин жоюлбаган калдыгынын мөөнөтү жана төлөө шарттары бекитил-ген графиктерге ылайык жүргүзүлөт; - кредиттин негизги суммасы жана проценттерге карата карызды жоюубоюнча 2,5 жылга, негизги сумманын жана проценттердин баштапкы төлөпберүү күнү 2009-жылдын 15-январынан тартып белгилөө менен кийинкигекалтырылсын; - кредит боюнча карызды толугу менен жоюу мөөнөтү 2030-жылдын15-декабрына чейин белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-августундагы №349 токтомунун редакциясына ылайык) 2. "Кыргызстандын УЭТ" ААКсы: - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ал-дындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте бирайлык мөөнөттө бул токтомдун 2-пунктунда аталган шарттарда карыздыкмилдеттенмелерди түзсүн; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ал-дындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна бул токтомдун ат-карылышы жөнүндө жыл сайын маалымат берип турсун; - компаниянын дебитордук карызын төмөндөтүүгө контроль жүргүзсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов