Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 8-ноябры №770 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ «2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун 16-статьясына ылайык жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын негизинде, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Жарандардын өз арабарып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ӨзбекстанРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин. 2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосунажиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри мыйзам долбоору КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын МЫЙЗАМЫ 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жјнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо Тууралуу 1-статья. 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Жарандардынөз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ӨзбекстанРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргаз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарабыаталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектіү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө өзбек тарабына билдирсин. 3-статья. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаӨзбекстан Республикасынын Өкмөтү, эки бир тууган мамлекеттин ортосундагы мамилелерди андан ары терењдетүүгөжана эки мамлекеттин жарандарынын ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүүгөумтулгандыктарын билдиришип, Түбөлүк достук жөнүндө 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы мененӨзбекстан Республикасынын ортосундагы келишимдин жоболорун жетекчиликке алышып, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара барып-келүү тартибин жана шарттарын жөнгөсалуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья 1. Бул Макулдашуунун № 1 жана № 2 тиркемелеринде белгиленген жарактуудокументтердин ээлери болуп саналган Тараптардын мамлекеттеринин жарандарыТараптардын мамлекеттеринин аймактарына 60 суткага чейин мөөнөткј визасызкирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө жана убактылуу болууга укуктуу. 2. Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына 60 суткадан ашык мөөнјткј кирүүгөжана болууга ниеттери бар Тараптардын мамлекеттеринин жарандары Тараптардынмамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипке ылайык визалардытариздешет. 2-статья 1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялыкөкүлчүлүктөрүнүн жана -консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардынөкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери болуп саналган жана жарактуу дипломатиялыккызматтык жана улуттук паспортторго ээ болгон Тараптардын биринин мамлекетининжарандары өлкөнүн аймагына киргенден кийин аккредитацияны Тараптардынмамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипке ылайык тариздешет жанааккредитация мөөнөтүнүн ичинде визасыз болушат. 2. Бул статьянын 1-пунктунун жоболору аталган категориядагы жарандар экинчиТараптын мамлекетинин аймагында расмий түрдө болгон учурда алар менен кошожашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялына жана бойго жете элек балдарына)карата дагы таратылат. 3-статья Тараптар эл аралык каттоолор үчін ачылган өткөрүү пункттары аркылуу жарактуужана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык тиешелүү түрдөтаризделген, чегарадан өтүүгө укук берүүчү документтерге ээ болгон Тараптардынмамлекеттеринин жарандарын үчүнчү өлкөлөргө өткөрүүгј милдеттенишет жанаТараптардын компетенттүү органдары үчүнчі өлкөлөргө чыгууга тыюу салганадамдардын үчүнчі өлкөлөргө чыгышын болтурбоого зарыл чараларды көрүшөт. 4-статья Тараптар бири-бирине ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуу чөйрјсү боюнчамаселелер, анын ичинде адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн жана ээлерининжарандыгын тастыктаган колдонуудагы документтер, аларды берүү жана пайдалануутартибиндеги өзгөрүүлөр, Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында чет элдикжарандардын болуу эрежелери, ошондой эле тиешелүү мыйзам актылары жјнүндөмаалымдап турушат. Тараптар жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуунун №1 жана№ 2 тиркемелеринде белгиленген документтердин тизмелерине өзгјртүүлөрдү киргизүүжөнүндө чечимдерди кабыл алууга укуктуу. Ошону менен бирге, жањы документтер киргизилсе же колдонуудагы документтергеөзгјртүүлөр киргизилсе, Тараптар жогоруда аталган документтер же өзгөртүүлөркүчүнө киргенге чейин 30 суткадан кеч эмес дипломатиялык каналдар аркылууалардын үлгүлөрүн алмашат. 5-статья Тараптар бул Макулдашууга кол коюлгандан кийин ушул Макулдашуунун № 1 жана №2 тиркемелеринде белгиленген документтердин үлгүлөрүн дипломатиялык каналдараркылуу алмашат. 6-статья Визаларды берүү үчүн консулдук жыйымдардын тарифтик чендерин Тараптар ушулМакулдашуунун № 3 тиркемесине ылайык өз ара шарттарда аныктайт. 7-статья Тараптар өз ара шарттарда төмјнкү адамдарды визаларды берүү үчүн консулдукжыйымдарды төлөөдјн бошотот: Тараптардын ортосундагы келишимдерге ылайык илим, техника, билим берүү,маданият, искусство жана спорт тармагындагы алмашуу иретинде бара жатканадамдарды; Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга тењделген адамдарды, 1жана 2-топтордогу майыптарды - тиешелүү күбөлүктөрдү кјрсөткөн учурда; 16 жашка чейинки жана 60 жаштан өйдөкү жарандарды; Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан билим берүүмекемелеринде, курстарда билим алган адамдарды - чакырып жаткан билим берүүмекемелеринин расмий өтүнүчтөрүнүн негизинде. 8-статья Бул Макулдашуунун аракети тараган эки Тараптын тењ мамлекеттеринин жарандарыТараптардын биринин мамлекетинин аймагана мамлекеттик чегарадан јткөрүү үчүнбелгиленген јткөрүү пункттары аркылуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына ылайык мамлекеттик чегарадан өтіүгө зарыл болгон жол-жоболордусактоо менен кирүүгө, чыгууга жана транзит менен өтүүгө укуктуу. Мамлекеттик чегара аркылуу јткөрүі пункттарынын тизмелери өзүнчө макулдашууменен аныкталат. 9-статья Тараптардын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагандаболгон убакта бул Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын жана эрежелерин сактоогомилдеттүү. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында кызматтык иштери боюнча болушканТараптардын биринин мамлекетинин жарандарын бир жерге убактылуу каттоо жанакаттоодон өткөрүү Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынанушул Макулдашуунун № 1 жана № 2 тиркемелеринде белгиленген документтердин,ошондой эле кызматтык жана ишсапар күбөлүктөрүнүн негизинде пошлиналарды жанажыйымдарды алуусуз ишке ашырылат. Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында болуусу жагымсыз депсаналган экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарын киргизүүдөн баш тартуу жеалардын болуу убактысын чектөө укугуна таасирин тийгизбейт. 10-статья Мамлекеттик чегаранын атайын бөлүнгөн участкасында Тараптардын мамлекеттеритарабынан жүктјлгөн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан Тараптардын бирининмамлекетинин аскер кызматкерлеринин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы боюнчакирүү, транзит менен өтіү жана чыгуу тартибин Тараптардын компетенттүү органдарыушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган атайын протоколдун негизиндеаныкташат. Тараптардын компетенттүү органдары дипломатиялык каналдар аркылуу ноталардыалмашуу жолу менен аныкталат. 11-статья Өзгөчө учурларда (улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же жарандардын денсоолугуна коркунуч туудурулса, анын ичинде өзгөчө шарттарда ж. б.) Тараптар булМакулдашуунун же анын айрым-бйр жоболорунун колдонулушун убактылуу токтотууукугун өз аркасында сактайт. Бул учурда кызыкдар Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарын өзмамлекетинин аймагына визасыз киргизүүгј, чыгарууга, убактылуу болтурууга жанатранзит менен өткөрүүгө тиешелүү чектөөлөрдү коюшу мүмкүн, ал бул тууралуужогоруда аталган чектөөлөр кічүнө киргенге чейин 72 саат мурун дипломатиялыкканалдар аркылуу билдирет. 12-статья Бул Макулдашууну колдонуунун натыйжасында келип чыккан маселелерди Тараптаркењешмелерди жана сійлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечишет. 13-статья Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болупсаналган жана Макулдашуунун 16-статьясында белгиленген тартипте күчүнө кирүүчүатайын Протоколдор менен таризделет. 14-статья Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы катышуучуболуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарынажана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. 15-статья Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмјтүнүнортосундагы Жарандардын јз ара барып-келүүлөрү жөнүндө 2000-жылдын 2-июлундагымакулдашуу бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып өз күчүн жоготот. 16-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ичкижолжоболорду Тараптар аткаргандыгы жөніндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүалынган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири бул Макулдашуунунколдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптын расмий билдирүүсүн алганкүндөн тартып 90 күн өткөнгө чейин колдонулат. Ташкент шаарында 2006-жылдын 3 октябрында эки түп нускада, ар бири кыргыз,өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоо максатында орус тилиндеги текстпайдаланылат. Кыргыз Республнкасынын Өзбекстан РеспублнкасынынӨкмөтү үчүн ¦ Өкмјтү үчүн Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга № 1 ТИРКЕМЕ Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен јтүі, жіріү жана убактылуу болуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕСИ 1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык паспорту; 2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту; 3. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту; 4. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту; 5. төрөлгөњдүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жјнүндө маалыматтарбар вкладыш болгон учурда); 6. Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк. Эскертіү; Кыргыз Республикасынын жарандарынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторунунээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары чегара аркылуу чет өлкөгө чыгуубаракчасын милдеттүү түрдј толтуруусуз өтүшөт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылкы үлгідөгү паспортторунун(пластикалык ID-карталардын) ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандарычегара аркылуу мамлекеттик чегарадан өткјндүгү жөніндө белгилерди коюу үчүнвкладыш (дата-штамп) болгон учурда өтүшөт. Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга № 2 ТИРКЕМЕ Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Өзбекстан Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕСИ 1. Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык паспорту; 2. Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорту; 3. Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын күбөлүгү; 4. төрјлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жөнүндө маалыматтарбар вкладыш болгон учурда); 5. Өзбекстан Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк. Эскертуу: Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чейинки бойго жете элек жарандары чегарааркылуу Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын күбөлүктјрү жебелгиленген тартипте бойго жете элек жарандар жјнүндө маалыматтар киргизилгената-знелеринин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору, же болбосо,төрөлгөндүгү жөнүндј күбөлүк боюнча өтүшөт. Өзбекстан Республикасынын 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагы жанаколдорунда Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорттору бар болгон жарандарыөлкөнүн аймагынан өз алдынча, ээрчитип жүргөн адамдарсыз чыгууга укуктуу. Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндј Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтінүн ортосундагы макулдашууга №З ТИРКЕМЕ Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарына визаларды даярдоо үчүн консулдук жыйымдардын тарифтик чендери Алты айга чейин -10 АКШ доллары; Бир жылга чейин - 20 АКШ доллары; Визаларды узартуу үчүн жыйымдар визаларды даярдоо үчүн , алынган чендер боюнча алынат. Эскертүү: Визаларды даярдоодо консулдук жыйымдарды алуу менен катар Тараптардынмамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык накталай чыгымдардын ордун толтуруунунэсебине айрым-бир суммалар дагы алынышы мүмкүн.