Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 11-ноябры № 788
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жалпы орто билим берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Б.М.Мур-
зубраимов, М.Т.Мамасаидов, А.Ш.Марипов тарабынан демилге кылынган "Жал-
пы орто билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
2006-жылдын 11-ноябры № 20-57/37
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Жалпы орто билим берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин депутаттары Б.М.Мурзубраимов, А.М.Марипов,
М.Т.Мамасаидов тарабынан демилге кылынган "Жалпы орто билим берүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл
алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен макул-
дук берет.
Мамлекеттик тилдеги Мыйзам долбоорунун 1-статьясында:
- биринчи абзацтагы "алганха" деген сөз "алдынча" деген сөзгө ал-
маштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "жана" деген сөз "-" деген белгиге алмаштырыл-
сын.
Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын "жалпы билим берүүчү мектеп-ин-
тернет" деген аныктаманы камтыган 11-статьясын алып салууну сунуштай-
быз, анткени бул аныктама ушул эле статьянын төртүнчү абзацында берил-
ген.
Мыйзам долбоорунун 7-статьясынын төртүнчү абзацын "Билим берүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-статьясына ылайык кел-
тирүү зарыл, ага ылайык башка мамлекеттердин жарандарын Кыргыз Респуб-
ликасынын билим берүүчү уюмдарында окутуу, кайра даярдоо жана квалифи-
кациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн мамлекеттер
аралык макулдашуулар, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы же
айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча ишке ашырылат.
Мыйзам долбоорунун II главасынын 9-статьясында "Адистештирилген
окуу жай" (тармактар боюнча) деген түшүнүктү конкреттештирүүнү сунуш
кылабыз;
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-стать-
ясына ылайык колледж, техникум, училища кесиптик орто билим берүү уюм-
дарына кирет, алар аталган Мыйзамдын 21-статьясына ылайык кесиптик орто
билим берүү программасын ишке ашырат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоо-
рунун 9-статьясынын экинчи бөлүгүндө жалпы билим берүүчү программаларды
ишке ашыруучу уюмдардын тизмесинен жогоруда аталган уюмдарды алып салу-
уну сунуштайбыз.
10-статьянын төртүнчү абзацында "уюмдаштырган" деген сөздү
"түзүлгөн" деген сөзгө алмаштырууну сунуш кылабыз;
Долбоордун 10-статьясынын бешинчи абзацын алып салууну сунуш кыла-
быз, анткени Мыйзамдын бул долбоору жалпы орто билим берүү системасынын
иштешинин жана өнүгүшүнүн укуктук, уюштуруу жана финансылык негиздерин
аныктайт жана бардык билим берүүчү уюмдар үчүн аталыштарын өзгөртүүнү
макулдашуу боюнча талаптарды ушул Мыйзам долбоорунда белгилөө кабыл ал-
гылыксыз. Мындан тышкары "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында билим берүүчү уюмдардын аталыштарын өзгөртүүнү билим берүүнү
мамлекеттик башкаруунун борбордук органы менен макулдашуу каралбайт.
Мыйзам долбоорунун 12-статьясында "(12) жана "(3)" деген сандарды
алып салууну сунуш кылабыз, анткени 12 жылдык окутууга өтүү алдын ала
эсептөөлөр боюнча 1 жылга эсептегенде 130 млн. ашуун сом суммасындагы
кошумча чыгымдарды талап кылат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын
Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтары боюн-
ча 3000ге жакын мугалимдер жетпейт жана окуу процессин дагы 1 жылга
көбөйтүү мектептердин абалын кыйла терењдетет.
Ошол эле мезгилде азыркы убакта бюджеттик каражаттардын чектелүү
экендигинен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
32-статьясынын педагогикалык стажысы үчүн кошумча төлөө бөлүгү аткарыл-
бай жаткандыгын белгилейбиз. Мыйзамдын ушул статьясын аткаруу 1 жылга
эсептегенде 7 млн. ашуун сом суммасында кошумча бюджеттик ассигнование-
лерди издеп табууну талап кылат.
14-статьянын биринчи абзацында "25" деген санды "30" деген санга
алмаштырууну сунуштайбыз, анткени расмий статистикалык маалыматтар бо-
юнча жалпы билим берүүчү күндүзгү мектептердин класстарынын орточо то-
луктугу 27,8ден 29,6 окуучунун тегерегинде болот.
17-статьянын биринчи абзацында "көбөлөмөсү болсо эле" деген
сөздөрдү "тактамасы бар болсо" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз;
18-статьянын экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү," де-
ген сөздү алып салууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 токтомунун 3-пунктуна ылайык
жүргүнчүлөрдү акысыз жана жењилдетилген ташууга байланыштуу автотранс-
порт ишканаларынын албай калган кирешелерин компенсациялоону жерги-
ликтүү кењештер тарабынан ишке ашыруу сунуш кылынган.
19-статьянын экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш-
тайбыз:
"Жалпы орто билим берүүчү уюмдардын окуучулары республиканын кал-
кын медициналык жардам менен камсыздоонун мамлекеттик гарантияларынын
программасы боюнча медициналык тейлөө менен камсыздалат жана үй-бүлөлүк
врачтар топторуна же үй-бүлөлүк медицина борборуна бекитилет".
Анткени, "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
9-статьясына ылайык билим берүү дењгээлине жана менчигинин түрүнө (мек-
тепке чейинки жана жалпы башталгыч, негизги жана орто билим берүү прог-
раммасын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары)
карабастан билим берүү иш-аракетин жүргүзүү үчүн лицензиянын болушу та-
лап кылынат, ошондуктан Мыйзам долбоорунун 20-статьясынын биринчи
бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, ага ылайык окуучуларга ко-
шумча билим берүү тиешелүү лицензия алгандан кийин менчиктин бардык
түрлөрүндөгү жана формаларындагы жалпы билим берүүчү уюмдарда ишке ашы-
рылат.
Долбоордун 51-статьясында жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучула-
рына келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык толтурула тургандыгы каралгандыгын эске алуу менен, ошондой эле
кайталоолорду болтурбоо максатында Мыйзам долбоорунун 23-статьясынын
жетинчи абзацын алып салууну сунуш кылабыз.
25-статьянын үчүнчү абзацын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси-
нин 70-статьясына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, ага ылайык орун кото-
руштуруу деп жумуш берүүчү кызматкерге мурдагы ишин башка жердеги жу-
мушчу орунга, ошол эле жердеги ушул уюмдун башка структуралык подразде-
лениесине тапшырышы, башка механизмди же агрегаттагы ишти тапшырышы
эсептелет, бирок бул эмгек функциясын жана эмгек келишиминин колдонуу-
дагы шарттарын өзгөртпөөгө тийиш. Орун которуштуруу кызматкердин макул-
дугусуз жүргүзүлөт. Орун которуштуруу өндүрүштүк, уюштуруучулук же эко-
номикалык себептер менен негизделиши керек.
Мыйзам долбоорунун 26-статьясынын аталышында "жүк милдет" жана
текст боюнча "түйшүк милдет" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөрдү
"иш убактысы" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырууну су-
нуштайбыз, бул маселенин мањызын кыйла так аныктайт.
Ошондой эле кайталоолорду болтурбоо максатында жана долбоордун
26-статьясынын үчүнчү абзацында тарифтик ставкалардын өлчөмдөрү жана
педагогикалык иш-аракет үчүн кошумча төлөмдөр менен үстөктөрдү белгилөө
тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгын
көњүлгө алуу менен көрсөтүлгөн статьянын акыркы абзацын алып салууну
сунуштайбыз.
Анткени Мыйзамдын бул долбоору преамбулага ылайык жалпы орто билим
берүү системасынын иштешинин жана өнүгүшүнүн укуктук, уюштуруучулук жа-
на финансылык негиздерин аныктайт, ошондой эле башка мыйзамга шилтеме
жасоо максатка ылайыксыз деп эсептөө менен Мыйзам долбоорунун 27-стать-
ясынын үчүнчү бөлүгүндөгү ", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-
гиленген учурлардан тышкары" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Ошондой эле, Мыйзам долбоорунун 27-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө
негизги иштеген жери жалпы билим берүүчү уюм болуп саналган, жогорку
педагогикалык билими бар педагогикалык кызматкерлерди мөөнөттүү аскер-
дик кызматка чакыруудан адистиги боюнча иштеген бүткүл мезгилге кийин-
киге калтыруу карала тургандыгын белгилей кетүү керек. Бирок, бул кате-
гориядагы адамдар "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей
аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын VI
бөлүмүндө каралбагандыгын белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 29-статьясынын биринчи абзацын "билим берүү
башкармалыгы" деген сөздөрдөн кийин "эмгек жана социалдык жактан коргоо
жагындагы мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча" деген
сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-статьясына ылайык мый-
зам актыларынын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдүк Кыргыз Рес-
публикасынын Прокуратурасы тарабынан анын компетенциясынын чектеринде
ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 38-статьясында мый-
замдарды аткарууну контролдоо маселелерине тиешелүү нормаларды алып са-
луу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 44-статьясында:
- экинчи бөлүктүн жетинчи абзацы "юридикалык жана жеке жактардан"
деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен
2000- жана кийинки жылдарда чыгарылган окуу китептери" деген сөздөр ме-
нен толукталсын;
- экинчи бөлүктүн тогузунчу абзацы "билим берүү уюмдары" деген
сөздөрдөн кийин ", ата-энелердин каражаттарынан тышкары" деген сөздөр
менен "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки жа-
на мектептен тышкаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу
базасын колдоого ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомун
күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-июнундагы № 465 токтомунун негизинде толукталсын.
Мыйзам долбоорунун 45-статьясынын тогузунчу абзацын алып салууну
сунуштайбыз, анткени мектеп кызматкерлеринин тарифтик ставкаларына
үстөктөрдү белгилөө жалпы билим берүүчү уюмдарды каржылоонун булагы бо-
луп саналбайт.
Мыйзам долбоорунун 45-статьясынын он биринчи абзацында "ошондой
эле керектөө взностору" деген сөздөрдү жана Мыйзам долбоорунун
49-статьясын алып салууну сунуш кылабыз, анткени "Билим берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык билим берүүнү
уюштуруунун негизги принциптеринин бири ар бир жарандын мамлекеттик жа-
на муниципалдык окуу жайларында акысыз башталгыч жана негизги билим
алышы, ошондой эле акысыз жалпы орто билим алышы болуп саналат.
Ошондой эле, Мыйзам долбоорунун статьяларынын номерлерин иретке
келтирүүнү сунуштайбыз.
Премьер-министри Ф.Кулов