Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-ноябры N 792
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы N 1895-III "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтому
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 29-глава төмөнкүдөй мазмундагы 295-1-статья менен толукталсын:
"295-1-статья. Сепаратисттик ишмердүүлүк
(I.) Сепаратисттик ишмердүүлүк, башкача айтканда мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, анын ичинде андан аймактын бөлүгүн бөлүп алууга же мамлекетти дезинтеграциялоого күч колдонуу жолу менен багытталган жосун, ошого тете ушул сыяктуу жосунду пландаштыруу жана даярдоо, аны жасоого көмөктөшүү, ага азгыруу, ага тете эле коомдук же диний бирикмелердин же сепаратисттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө байланыштуу ишин токтотуу тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген башка уюмдун ишин уюштуруу, жетектөө, катышуу, -
ондон он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2. 299-статьясынын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "(1) Улуттук, расалык же диний душмандыкты козутууга, улуттук ар-намысты басынтууга багытталган иш-аракеттер, ошого тете жарандардын динге мамилелери, региондук, улуттук же расалык белгилери, ошондой эле туулган жана жашаган жери боюнча алардын бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалоо, эгер бул жосундар элдин алдында же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен жасалса, -
экиден беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эң аз айлык эмгек акынын бир жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө айып салуу же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алуу менен, же болбосо бирден үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти