Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 21-ноябры № 805
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591, 2025-жылдын 29-январындагы № 45 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаарын келечектүү өнүктүрүү боюнча топтолгон проблемаларды чечүү, борбордун калкынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү, Бишкек шаарынын башкы планына жана Кыргыз Республикасынын борборун план ченемдүү, гармониялуу өнүктүрүүгө байланыштуу шаар курулуш иштерине бардык субъекттердин кызыкчылыктарын мамлекеттик дењгээлде укуктук жактан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз илим-изилдөө шаар курулуш долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жана анын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Бишкек шаарынын мэриясы: - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте Бишкек шаарынын Башкы планында аныкталган Бишкек шаарынын жана шаар айланасындагы зонасынын чегаралардагы шаардын чегинин долбоорун 2008-жылдын 1-январына чейин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин; - Бишкек шаарынын Мамлекеттик шааркурулуш кадастрын электрондук версияда иштеп чыксын; - курулушту ишке ашырууда Бишкек шаарынын бекитилген Башкы планын катуу жетекчиликке алсын. 21. Бул токтомдун 1, 2-пункттары жер мунапысынын объектилерине жайылтылбайт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
|