Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 21-ноябры №808
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
112-статьясынын 3-пунктуна толуктоо киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.О.Мукашев
тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
112-статьясынын 3-пунктуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук бе-
рилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 21-ноябры №17-3/245
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
112-статьясынын 3-пунктуна толуктоо киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты М.О.Мукашев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-
публикасынын Салык кодексинин 112-статьясынын 3-пунктуна толуктоо кир-
гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетек-
чиликке алып төмөнкүдөй эскертүүлөрдү эске алуу менен анын кабыл алууга
болот деп эсептейт:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун аталышындагы "Салык
кодексинин 112-статьясынын 3-пункту" деген сөздөр "Салык кодекси" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-статьясынын биринчи абзацы "№7" деген белги жана сандан кийин
", 92-ст." деген сөз жана сан менен толукталсын;
- долбоордун 1-статьясынын экинчи абзацындагы "жана андан ары
текст боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине "маданият жана спортту
уюштуруу" деген түшүнүктү киргизүү керек.
Премьер-министр Ф.Кулов