Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-октябрындагы № 737 токтому менен бекитилген Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2006-2008-жылдарга "Кайрылман" МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга көмөк көрсө-түү боюнча 2006-2008-жылдарга "Кайрылман" мамлекеттик программасы (мын-дан ары - Программа) теги боюнча кыргыз иммигранттарын Кыргыз Республи-касынын аймагына кабыл алуу жана легалдаштыруунун шарттарын түзүү боюн-ча мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруунун негизги чараларынаныктайт. Программаны жүзөгө ашыруу этностук кыргыздардын тарыхый мекенинекайтып келүү процессин жөнгө салууну, көчүп келип жатышкан этностуккыргыздар үчүн "кайрылман" статусун аныктоо менен Кыргыз Республикасы-нын ченемдик укуктук базасына өзгөртүү киргизүүнү, алар үчүн каттоонун,жарандыкты алуунун жана документтештирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибининшарттарын түзүүнү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагындарационалдуу жайгаштырууну жана алардын социалдык-экономикалык жактанкөнүшү үчүн шарттарды түзүүнү болжолдойт. Аргасыз көчүп келип жаткандардын абалы өзгөчө тынчсызданууну туу-дурат. Коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуу менен мурдагы жашаган жерлериненкысмакка алынышып, алар жашоого бир кыйла жагымдуу шарттагы өлкөлөргөкетишүүдө. Жањы жерге келген соњ, укуктук статусунун аныкталышына жанажарандыганын өзгөрүшүнө байланыштуу кыйынчылыктарга туш болушуп, иммиг-ранттар жумушка орношо алышпайт, билим алууга, медициналык тейлөөгө жа-на мамлекеттик кепилдиктеги социалдык пособиелерге толук жете алышпайт. Кыргызстан өзүнүн көзкарандысыздыгын алган учурда анын чегиненсырткары жашаган кыргыздар да ушундай шарттарда калышкан. Тажикстандагыжарандык согуш жана Өзбекстандан түпкү элден башка көптөгөн жашоочулар-дын кетүүнү каалагандары республиканын, көбүнчө Ош, Жалалабат жана Чүйоблустарына кыргыздардын массалык көчүп келүүлөрүнө алып келди. Азыркы кырдаалды талдоо 2005-жылдын жаз-жайында Миграция боюнча эларалык уюмдун колдоосун-да Иммиграция фондусунун демилгеси менен этностук кыргыздар-иммигрант-тарга колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө өз иш-аракеттерин өкмөттүк эмес уюмдартарабынын этностук кыргыздарга республикалык каттоо жүргүзүлгөн, анынжыйынтыгы боюнча республикага туруктуу жашоого 22805 адам көчүп келген,алардын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандыгын 2034 адам алды. Көчүпкелгендердин негизги агымын Тажикстан Республикасынан жана Өзбекстанданкелгендер түзөт. Ушул эле учурда чет өлкөлөрдөн этностук кыргыздардынкөчүп келүү процесси токтогон жок жана өсүү тенденциясына ээ. Ошону ме-нен бирге көчүп келүү уюшкан мүнөздө болбостон, көбүнчө стихиялык мү-нөзгө ээ. Көпчүлүк учурларда этностук кыргыздар Кыргызстанга мурдагыжарандыгынан чыгууда чечилбеген маселелери менен келишүүдө. Мамлекеттикчегарадан өтүү жана каттоого туруу тартибин бузуу менен этностук кыр-гыздар республиканын аймагына келүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу ме-нен Кыргызстанга келип жатышкан адамдардын категориясына түз эле өтүпкалышат. Анын натыйжасы катары жыйырма мињге жакын мекендештерибиздинКыргызстандын аймаганда легалдуу статусу жок, Кыргыз Республикасынынжарандыгын алууда жана жергиликтүү жамаатка интеграцияланууда кыйынчы-лыктарга дуушар болушууда. Көчүп келгендердин социалдык жана экономикалык адаптацияланышынынмеханизмдеринин жоктугу жана бул тармакта мыйзамдык базанын жетиксизди-ги көчүп келишкен-этностук кыргыздарга Кыргыз Республикасында жашоосу-нун жагымдуу шарттарына толук өлчөмдө кепилдик берүүгө мүмкүнчүлүк бер-бейт. Ушуга байланыштуу, Программа көчүп келишкен-этностук кыргыздарга"кайрылман" статусун берүү менен жашоого жагдайлуу шарт түзүүнү болжол-дойт. "Кайрылман" статусунун башкы мазмуну - көчүп келген-этностук кыр-гыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин убактылуу ле-галдуу статус берүү болуп саналат, бул болсо аларды документтештирүү,каттоо жана эсепке алуу боюнча негизги маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүкберет, ошондой эле эмгекке, билим алууга, жүрүү эркиндигинин укуктарынишке ашырууга кепил болот. Программанын максаттары жана ишке ашыруу механизмдери Программанын максаттары жана милдеттери этностук кыргыздардын Кыр-гыз Республикасынын аймагына кайтып келүү процессин тартиптештирүүгө,аларды документтештирүүгө жана республиканын аймактары боюнча рационал-дуу жайгаштырууга багытталган. Программанын негизги максаты чет өлкөлөрдөн келип жатышкан этнос-тук кыргыздардын жергиликтүү жамаатка интеграцияланышына жагымдуу шарт-тарды түзүү болуп саналат. Программанын негизги милдеттери төмөнкүлөрболуп саналат: 1. Улуттук миграциялык мыйзамды өркүндөтүү. 2. Көчүп келишкен-этностук кыргыздар үчүн "кайрылман" статусункиргизүү жана бул статусту киргизүүгө байланыштуу маселелер боюнча мый-зам дењгээлинде комплекстүү чараларды ишке ашыруу. 3. Жеке турак-жай курулуштары үчүн жер участокторун берүү, ошондойэле аларды компактуу жайгаштырган жерлерде окутуу, маданий, социалдыкжана экономикалык көнүү борборлорун түзүү менен "кайрылман" статусу барадамдар үчүн ар жылдагы иммиграциялык квоталарды аныктоо. 4. Чет өлкөдө жашашкан этностук кыргыздардын компакттуу жашаганжерлеринде мурдагы жарандыгынан чыгуу боюнча документтерди туура толту-руу эрежелерин, ар жылдагы белгиленген иммиграциялык квоталарга ылайыкКыргыз Республикасынын аймагына легалдуу кирүүнүн жана андан кийинкидокументтештирүүнүн шарттары жана тартибин түшүндүрүү менен маалыматтыккампанияны жүргүзүү, ошондой эле иммигранттардын укуктук билимдерин жо-горулатуу, окутуучу борборлорду түзүү, семинарларды өткөрүү, маалымдамаматериалдарды жарыялоо, телевидение жана ЖМКлар аркылуу маалымат кампа-нияларын өткөрүү. 5. Этностук кыргыздарды убактылуу жайгаштыруучу борборлорду түзүүүчүн жайларды бөлүү, аларды ондоо, жабдуу жана штаттык бирдиктер мененкомплектөө. 6. Көчүп келген - этностук кыргыздарды Кыргыз Республикасынын ай-магында легалдаштыруу үчүн зарыл документтердин пакетин даярдоого көмөккөрсөтүү. 7. "Кайрылман" статусу бар адамдарга укуктук жана социалдык-эконо-микалык колдоо көрсөтүү. Программаны каржылоо Программаны каржылоо донорлук жана Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында тыюу салынбаган башка финансылык каражаттарды тартуунун эсеби-нен ишке ашырылат. Программаны бюджеттик каржылоонун көлөмү тийиштүүфинансылык жылга бюджеттик мыйзамды түзүүдө жыл сайын такталып турат. Күтүлүүчү натыйжалар Программаны ишке ашыруу көчүп келген - этностук кыргыздардын жекыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктарын ишке ашыруу боюнчашарттарды мыйзамдык дењгээлде бекемдөөгө, ошондой эле этностук кыргыз-дардын тарыхый мекенине көчүп келишин жөнгө салуунун иштиктүү механизм-дерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.