Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 21-ноябры № 810
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары З.С.Эсена-
манов, С.И.Урманаев, О.М.Артыкбаев, К.К.Ташиев тарабынан демилге кылын-
ган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду-
нун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 21-ноябры № 17-10/248
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары З.С.Эсенаманов, С.И.Урманаев, О.М.Артыкбаев,
К.К.Ташиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык ко-
дексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алып төмөнкүдөй негиздер боюнча
аны кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 1-февралындагы № 32 "Кыргыз
Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги-
зүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык ставкалар төмөндөтүлгөн жана салыктардын
айрым түрлөрү жоюлган. Мында, жогоруда аталган иш-чараларды компенсаци-
ялоо чарасы катары салыктардын айрым түрлөрү боюнча ставкалар, анын
ичинде транспорт каражаттарынан салыктын ставкасы үч эсеге жогорулатыл-
ган.
2006-жылдын январь-сентябры үчүн транспорт каражаттарынын ээлери-
нен салык боюнча түшүүлөр 123,6 млн. сомду түзгөнүн же өткөн жылдын
(39,3 млн. сом) ушундай мезгилине салыштырмалуу үч эседен көбүрөөк
өскөнүн белгилеп кетүү керек. Ушундан улам "Кыргыз Республикасынын Са-
лык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын сунушталган долбоорун кабыл алуу бюджеттин киреше бөлүгүнүн
40 млн. сомго жоготуусуна алып келет.
Мындан тышкары, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Салык кодек-
синде каралгандардан башка дагы кошумча жењилдиктерди берүү Кыргыз Рес-
публикасынын Салык саясатын өркүндөтүү концепциясына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-ию-
нундагы № 410-II токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 29-майындагы № 255 токтому менен бекитилген) карама каршы
келет Салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн жекече салыктык
жењилдиктерди берүү максатында салык мыйзамдарына тез-тез өзгөртүү кир-
гизүү салык системасынын туруктуулугун үзгүлтүккө учуратуу менен аны
администрациялоодо кыйынчылыктарды түзөт жана салык түзүмүнүн
бүтүндүүлүгүн бузат, ал эми салык оорчулугу бир салык төлөөчүлөр тобу-
нан башкага өтүүчү салыктык жењилдиктер системасы экономиканын тармак-
тарынын ортосунда салык оорчулугун тењ эмес бөлүштүрүүнү күчөтөт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин бул долбоорун кабыл алуу
максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов