Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 22-ноябры №813 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНК ЈМЈТІНІН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карабастан«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана КыргызРеспубликасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалдытурукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомунун айрым жоболорун КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялармамлекеттик агенттигинин жетекчилиги өз учурунда аткарбагандыганын натыйжасындаКыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу жагдайкайрадан курчуп кетти. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине жалпы жарандык паспорттордуалуудагы көптөгөн кыйынчылыктар тууралуу жарандардан даттануулар жана арыздаразыр деле түшүп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жанатехнологаялар мамлекеттик агенттигинин ишти жетиштүү түрдј уюштурбагандыгынан2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттордун бланктары жакынкы күндөрүтүгөнөт. 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттордун бланктарынын келиши булпроблеманы чече албайт. Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоогобайланыштуу жагдайды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздообоюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жанатехнологиялар мамлекеттик агенттигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылсын. 2. Иштеги кетирилген кемчиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигининдиректору Кенжетаев Амангелди Шакировичке ээлеген кызматынан бошотууга чейиндисциплинардык катуу жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине өтінүч кат берилсин. 3. Тјмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандыкпаспорту ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинекатышуучу мамлекеттердин аймактарына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, ал жердежүрүү жана болуу үчүн 2006-жылдын 25-декабрынан тартып колдонууга киргизилетургандыгы; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандыкпаспорту ЕврАзЭС өлкөлөрүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинекатышуучу мамлекеттерди кошпогондо өлкөнүн аймагына кирүү, чыгуу, транзит мененөтүү, ал жерде жүрүү жана болуу үчүн 2007-жылдын 25-декабрынан тартып колдонуугакиргизиле тургандыгы. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жанатехнологиялар мамлекеттик агенттиги: - 2006-жылдын 25-ноябрынан тартып 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандыкпаспортторду персонификациялоону баштасын; - «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндјгү дипломатиялыкжана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүүжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун бир эле мезгилдеалардын үлгүлөрүн берүү менен 2007-жылдын 10-мартына чейин белгиленген тартиптекиргизсин; - 2006-жылдын 20-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдиктеКыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандыкпаспортун тариздјөнүн, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби женүндө нускаманыиштеп чыксын жана бекитсин; - жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык паспорттордун, ошондой эле КыргызРеспубликасынын жаранынын паспортунун керектүү санынын эсептерин эске алуу менен2006-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган 2007-жылга республиканын калкын паспорттоштуруунун планын киргизсин, мындамектептердин жана атайын орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн паспорт мененкамсыздоого өзгөчө көњүл бурсун. 5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: - 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттордун үлгүлөрүн алганданкийин белгиленген тартипте аларды чет мамлекеттерге кабарлоо үчүн жиберсин; - Кыргыз Республикасынын жарандары кыйла көбүрөөк барган чет мамлекеттердиныйгарым укуктуу органдары менен алар жањы паспорттордун үлгүлөрүн алган учурдантартып көрсөтүлгөн мамлекеттерге баруу мүмкүнчүлүгүнө чейин мөөнөттөрдүболушунча кыскартуу мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн; - 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту бар Кыргыз Республикасынынжарандары чет мамлекеттерде болгондо талаш-тартыштуу жагдайларды болтурбоомаксатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялармамлекеттик агенттиги менен бирдикте жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу 2006-жылдын үлгүсүндјгү жалпы жарандык паспорттору менен барууга мүмкүн болгонөлкөлөрдүн тизмеси жана мөөнөттөрү тууралуу республиканын калкына маалыматберсин; - ЕврАзЭС өлкөлөрүндө жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинекатышуучу мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына 2006-жылдынүлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2006-жылдын 25-декабрынан тартып беребаштасын; - ЕврАзЭС өлкөлөрүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучумамлекеттерди кошпогондо чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынынжарандарына 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2007-жылдын 25-февралынан тартып бере баштасын. 6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: - ЕврАзЭС өлкөлөрүнө жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинекатышуучу мамлекеттерге чыгуучу Кыргыз Республикасынын жарандарына 2006-жылдынүлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2006-жылдын 25-декабрынан тартып беребаштасын; - ЕврАзЭС өлкөлөрүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучумамлекеттерди кошпогондо чет мамлекеттерге чыгуучу Кыргыз Республикасынынжарандарына 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2007-жылдын 25-февралынан тартып бере баштасын; - жарандын 1994-жылдын үлгүсүндјгү паспортун жарандын 2004-жылдынүлгүсүндөгү паспортко (ID-карточка) алмаштыруу зарылдыгы жөнүндө калк арасындатүшүндүрүү иштерин активдештирсин. 7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерининнегизинде улуттук паспортторду ташууну үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөмаксатында «Спецсвязь» мамлекеттик ишканасын тез арада каржыласын; - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мененбирдикте 2007-жылга паспортторду ташууну уюштуруу жана акы төлөө булагын аныктообоюнча 2006-жылдын 10-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунасунуш киргизсин. 8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов