Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-ноябры № 815                                                                                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                                               Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба      техникалары түрүндө берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн          карыздарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап                  төлөтүүлөрдү кайра баштоо тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335токтомунун редакциясына ылайык)                                        Кыргыз    Республикасынын   Өкмөтү   менен   Япония   Өкмөтүнүн ортосундагы  Япония  Өкмөтүнүн гранттарынын  Утурлама  фондуларында акча  каражаттарды  топтоо боюнча Алмашуу  ноталарынын  6-пунктунда баяндалган    Япония    Өкмөтүнүн    алдындагы    милдеттенмелердин аткарылышын  камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү токтом кылат:          1.    Кыргыз    Республикасынын    Экономика    жана    финансы министрлигинин  алдындагы Экономиканы өндүрүүнүн мамлекеттик  фонду Япония  Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба техникалары түрүндө берилген  кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды  айылдык  товар өндүрүүчүлөрдөн  мажбурлап  төлөтүүлөрдү  сот  жана   укук   коргоо органдары аркылуу кайра баштасын.          2.    (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)          3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси  жана  кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.                    Премьер-министр                                    Ф.Кулов