Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-ноябры № 815 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба техникалары түрүндө берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап төлөтүүлөрдү кайра баштоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Япония Өкмөтүнүн гранттарынын Утурлама фондуларында акча каражаттарды топтоо боюнча Алмашуу ноталарынын 6-пунктунда баяндалган Япония Өкмөтүнүн алдындагы милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өндүрүүнүн мамлекеттик фонду Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба техникалары түрүндө берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап төлөтүүлөрдү сот жана укук коргоо органдары аркылуу кайра баштасын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын I - августундагы № 334 " Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча заемдук каражат алышкан Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана гранттык жардамды башкарууну жакшыртуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 1-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов