Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-ноябры №817 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча концепцияны бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 602"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасындатехникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык структуралык кайратүзүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетинаткаруучунун Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2006-жылга иш-чаралардынпланын бекитүү тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттержана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонун натыйжаларынтаануу боюнча тиркелген концепция (мындан ары -Концепция) бекитилсин. 2. Бул Концепция Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышканмамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонуннатыйжаларын таануу тармагында өкмөттөр аралык, эл аралык ведомстволораралык макулдашууларды, келишимдерди жана башка документтерди иштепчыгуу үчүн негиз болоору белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышканмамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонуннатыйжаларын таануу боюнча концепцияны көњүлгө жана колдонуугаалышсын. 4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы № 317 токтому менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча концепция 1. Жалпы жоболор Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары -КМШ)катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештиктиырастоонун натыйжаларын таануу боюнча бул концепция (мындан ары -Концепция) Кыргыз Республикасында экспорттук-импорттук операцияларүчүн ыњгайлуу климат түзүү, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгөсалуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишкеашыруу, адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосунун, денсоолугунун коопсуздугун камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо максатындаиштелип чыкты. Продукциянын коопсуздугун камсыздоо проблемасын чечүүкоординацияланган эл аралык техникалык-экономикалык жана финансылыксаясаттын, эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүннегизинде ишке ашырылууга тийиш. Концепция КМШга жана ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү илимий-техникалык жана соодалык-экономикалык кызматташтык тармагында кабылалышкан документтердин (1992-жылдын 13-мартындагы Стандартташтыруу,метрология жана сертфикаттоо тармагында макулдашылган саясат жүргүзүүжөнүндө макулдашуу, 2006-жылдын 19-майындагы Евразия экономикалыкшериктештигине (мындан ары - ЕврАзЭС) мүчө мамлекеттердин рынокторундапродукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгисин колдонуу жөнүндөмакулдашуу), ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердинСтандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттераралык кењешинин (КМШнын МАК), Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС),Экономикалык Кызматташуу Уюмунун (ЭКО), ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралыккењешинин жигердүү ишмердигинин негизинде ишке ашырылат. Концепция КМШга катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр мененшайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча ишти жөнгө салуучөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги максаттарын, принциптеринжана багыттарын аныктайт. КМШга катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештиктиырастоонун натыйжаларын таануу боюнча мамлекеттик саясаттын максаттарытөмөнкүдөй: эркин соода зонасын түзүүдө КМШга катышкан мамлекеттердин жанабашка чет өлкөлөрдүн соодалык-экономикалык, илимий-техникалыккыызматташуусундагы тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүндүк берүүчү жалпынормативдик-техникалык жана метрологиялык камсыздоону сактоо жанаандан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн аймактарынаата мекендик продукцияны тоскоолдуксуз алып кирүү үчүн шарттардытүзүү; улуттук нормативдик укуктук базаны эл аралык эрежелер мененнормаларга, ошондой эле импортчу өлкөлөрдүн эрежелерине жананормаларына ылайык келтирүү. КМШга катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештиктиырастоонун натыйжаларын таануу боюнча ишти жүргүзүүнү мамлекеттикжөнгө салуу төмөнкүдөй милдеттүү принциптердин негизинде ишкеашырылууга тийиш: соодада ашыкча тоскоолдуктарды жаратууга жол берилбестик; жөнөкөйлөштүрүлгөн, так жана түшүнүктүү жол-жоболорду белгилөө жанаарыз берүүчүнүн алардан өтүшүнө мөөнөттөрдү жана чыгымдардыминималдаштыруу; далилдик база бар болсо жана продукцияны ташууда жана сактоодопайда болгон кемчиликтер жок болсо кошумча талаптарды жана сыноолордукиргизүүгө жол берилбестик, ошондой эле мамлекеттик жана башка ыйгарымукуктуу органдар тарабынан аракеттердин кайталанбашы; таануу боюнча ишти жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө салуу маселесибоюнча маалыматка эркин жеткиликтүүлүктү камсыздоо. Концепция узак мөөнөттүү келечекке эсептелген. Концепция эњ маанилүү багыттарды аныктайт, алар: ишканаларда 9000-сериядагы эл аралык ИСО стандарттарынын жана башка системалардыннегизинде сапаттын менежменти методун киргизүү жолу менен продукциянынкоопсуздугун камсыздоо, КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка четөлкөлөрдүн шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча өз арабайланышта иштөөлөрүнүн негизги принциптерин белгилөө. 2. КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча иштеринин принциптери, максаттары, милдеттери жана негизги багыттары 2.1. Шайкешикти ырастоонун натыйжаларын таануунун принциптери Шайкешикти ырастоонун натыйжаларын таануу тармагында өз арабайланышта иштешүүнүн принциптери Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигиндеги мамлекеттердин негиз түзүүчү документтерине,стандартташтыруу, метрология, шайкештикти ырастоо жана бултармактардагы ишти аккредитациялоо боюнча өкмөттөр аралык жанаведомстволор аралык көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашууларгатаянат жана ар кыл багыттардагы кызматташуунун өзгөчөлүгүн эске алууменен конкреттештирилүүгө тийиш. Шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу тармагында өз арабайланышта иштешүүнүн негизги принциптери: конкреттүү программалар жана долбоорлор боюнча биргелешкен иштергекатышуунун ыктыярдуулугу; биргелешкен ишке катышуучулардын тењ укуктуулугу жана алардынкызматташтыгынын өз ара пайдалуулугу; эл аралык укуктун нормаларын сактоо жана мурда кабыл алынганмилдеттенмелерди аткаруу; кызматташтыктын уюштуруу формасын тандоо эркиндиги. 2.2. Шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануунун максаттары жанамилдеттери Концепция КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүнкоопсуз продукция жаратуу жана рынокко чыгаруу боюнча макулдашылган иш-аракеттерин белгилөөгө багытталган жана төмөнкүлөргө шарттарды түзөт: атаандаштыкка жарактуу продукциянын экспортун көбөйтүүгө жана анысатуу рыногун кењейтүүгө; КМШга катышкан мамлекеттерге жана башка чет өлкөлөргө экспорттолчупродукция үчүн техникалык тоскоолдуктарды жоюу жагындагы иштикоординациялоого; КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүнпродукциянын коопсуздугун камсыздоо боюнча стандарттарын жананормативдик укуктук базасын жалпы кабыл алынган эл аралык жанарегиондук нормаларга, анын ичинде ЕС өлкөлөрүндө кабыл алынгандарга,ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында түзүлгөн Соодадагытехникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жоболорун эске алууменен шайкеш келтирүүгө; продукциянын жана сапаттын менежментинин системасынын эл аралыкстандарттардын талаптарына шайкештигин ырастоо, ошондой элеаккредитациялоонун улуттук системаларын, шайкештикти ырастоо боюнчаоргандарды жана сыноочу лабораторияларды түзүү жана өз ара таануутармагында биргелешкен иштерди жүргүзүүгө. Бул Концепциянын негизги милдеттери төмөнкүдөй: КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүнишканаларында эл аралык ISO 9000, 14000, QS 9000 жана рыноктукэкономикада натыйжалуу ишти камсыздоонун манилүү шарты болгон башкасериядагы стандарттардын негизинде сапатты башкаруунун принциптеринжана методдорун киргизүү; шайкештикти ырастоо боюнча органдарды жана сыноочу (өлчөөчү)лабораторияларды аккредитациялоо тармагындагы эрежелерди (жол-жоболорду) эл аралык стандарттардын негизинде шайкеш келтирүүгө жанапродукциянын жана сапаттык системалардын шайкештигин ырастоонун,ошондой эле продукцияны, заттарды жана материалдарды гигиеналык,ветеринардык, фитосанитардык жөнгө салуунун жана каттоонуннатыйжаларын өз ара таанууну камсыздоого. Улуттук жана мамлекеттер аралык башка илимий-техникалык жанаэкономикалык программаларды аткаруу менен бирге Концепциянынмаксаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу өнөр жайлык өндүрүштүнөсүшүн, экспорттук-импорттук иштин жанданышын камсыздайт жана КМШгакатышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн экономикаларындакризистүү абалдарды жоюуга мүмкүндүк берет. 2.3. Шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча иштиннегизги багыттары Шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча иштин негизгибагыттары төмөнкүдөй: аккредитациялоо, шайкештикти ырастоо, сыноолорду жанатекшерүүлөрдү метрологиялык камсыздоо, сапаттын системаларын түзүү,продукциянын коопсуздук проблемасын чечүүдө илимий, техникалык,эмгектик жана финансылык ресурстарды пайдаланууну оптималдаштыруутармагында макулдашылган саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, экспорттукөбөйтүү; аккредитациялоо системаларын, шайкештикти ырастоо системаларын,сертификаттоонун жана аккредитациялоонун, сыноолордун жанатекшерүүлөрдүн натыйжаларын өз ара таанууну камсыздоонун негизиндеөнөктөргө ишенимди жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу; продукциянын коопсуздугун камсыздоо жана шайкештикти ырастоотармагында өз ара байланышта иштөөнүн уюштуруучу инфраструктураларынжана иштиктүү формаларын түзүү; КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет мамлекеттердинпродукциянын коопсуздугу тармагындагы стандарттарын, санитардыкнормаларын жана нормативдик укуктук базаларын эл аралык стандарттардыжана нормаларды, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында түзүлгөнМакулдашуунун соодадагы техникалык тоскоолдуктар бөлүгүнүн жоболорунэске алуу менен шайкеш келтирүү; метрология боюнча негиз түзүүчү нормативдик документтердинструктурасын жана мазмунун эл аралык жана мамлекеттер аралыкдокументтерге шайкеш келтирүү; эталондук базаны өркүндөтүү; эл аралык негизги салыштырууларды жүргүзүүгө катышуу; продукциянын коопсуздугу, анын эл аралык стандарттардынталаптарына шайкештигин ырастоо тармагында маалыматтык камсыздоонужана маалымат алмашууну өркүндөтүү; продукциянын коопсуздугунун жана шайкештикти ырастоонуннатыйжаларын таануунун илимий-техникалык, укуктук, экономикалык жанасоциалдык проблемалары боюнча эл аралык конференцияларды,симпозиумдарды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү. Ошондой эле сертификациялык жана метрологиялык инфраструктуралардытүзүүнүн жана иштетүүнүн макулдашылган нормативдик жана укуктукбазасын иштеп чыгуу, продукцияны долбоорлоодо, иштеп чыгууда,өндүрүүдө, кураштырууда жана тейлөөдө 9000 жана 14000 ИСО сериясындагыэл аралык стандарттарга ылайык жалпы методологияны иштеп чыгуу дазарыл, анын ичинде: сапаттык системаларга карата талаптар; продукцияны, сапат жана өндүрүш системаларын сертификаттоо боюнчаоргандарга жана эксперттерге карата эл аралык же улуттук талаптар; арыздарды берүүнүн, аларды кароонун жана продукцияны, сапат жанаөндүрүш системаларын сертификаттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуунунжол-жоболору; ишканалардын, уюмдардын, сертификаттоо боюнча органдардын, сыноочулабораториялардын сапатынын менежменти системаларына баа берүү жол-жоболору; шайкештик жөнүндө сертификаттарды жана декларациялардыжасалмалоодон сактануунун формалары жана методдору; шайкештик жөнүндө сертификаттарды жана декларацияларды көрсөтүүнүнжана пайдалануунун тартиби; ишканаларга шайкештик сертификаты жөнүндө маалымдоонун тартиби; сапаттын жана өндүрүштүн менежменти системаларындааккредитацияланган органдар жүргүзүүчү баа берүүнү өз ара таануунунэрежелери жана жол-жоболору; ишканалардын сапаттык менежмент системаларын кайталап баалоонун(инспекциялык контролдун) жол-жоболору; шайкештикти баалоого катышкан персоналдын компетенттүүлүгүн таануужол-жобосу; продукциянын негизги түрлөрүнүн коопсуздугун жана атаандаштыккажарактуулугун жогорулатууну илимий-техникалык камсыздоо; сертификациялык инфраструктуралардын улуттар аралык тармагынтүзүүнүн жана каржылоонун тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде: сапаттын менежменти системалары боюнча консалтингдик уюмдардын иштартибин белгилөө; стандарттарды которуу жана легалдаштыруу, эл аралык стандарттардыколдонуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, шайкештикти ырастоо, сапаттынжана өндүрүштүн сапатын менежменттөө системаларын сертификаттоонун,тийиштүү консалтингдик тейлөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнчабаа саясатын иштеп чыгуу. 3. КМШга катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таанууну камсыздоонун саясий, экономикалык жана социалдык натыйжасы КМШнын жана ДСУнун алкактарында кењири эл аралык кызматташтыкка,анын ичинде шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнчакызматташтыкка катышуу эл аралык шериктештикте өлкөнүн беделинжаратууга жакшы таасир тийгизет. КМШ өлкөлөрүнө жана башка чет өлкөлөргө экспорттолчу продукцияүчүн техникалык тоскоолдуктарды жоюу тармагындагы иштикоординациялоону жана ага байланыштуу маалыматты майнаптуу пайдалануу,анын ичинде шайкештикти ырастоонун натыйжалары таанылышын камсыздоо,продукциянын коопсуздугун жана атаандаштыкка жарактуулугун арттырууКМШга катышкан мамлекеттердин, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынынжана башка чет өлкөлөрдүн экономикаларындагы кризистүү жагдайлардыболтурбоого шарт түзө алат. Концепцияны ишке ашыруу ар бир КМШ мамлекетинин жана башка четөлкөлөрдүн улуттук экономикаларынын туруктуу өнүгүүсүнүн, өз арапайдалуу эл аралык байланыштардын жана эл аралык сооданын өнүгүшүнөкызмат кылат жана адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүнжашоосунун, ден соолугунун коопсуздугун камсыздоого, айлана-чөйрөнүкоргоого орчундуу салым кошууга тийиш.