КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-ноябры №819 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды чечүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө Кыртыш алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн жерлердин начарлоо жанатурак жайлык фонддун бузулуу тенденциясын эске алып, КыргызРеспубликасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суукаптоого байланышкан проблемаларды комплекстүү чечүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги министрликтердин, администрациялык ведомстволордун,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кыртыш алдындагы суулардын жанареспубликанын аймагын суу каптоонун дењгээлин азайтуу боюнча иш-аракеттерин координациялоо боюнча жооптуу мамлекеттик орган болупаныкталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте КыргызРеспубликасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суукаптоо проблемасын чечүү боюнча 2007-2010-жылдарга карата улуттукпрограмманы иштеп чыксын жана аныкталган тартипте КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары менен бирдикте коллектордук-дренаждык системалардыкалыбына келтирүү жана кыртыш алдындагы суулардын дењгээлин төмөндөтүүбоюнча биринчи кезектеги жумуштарды каржылоонун булактарын жанатартибин 2006-жылдын ноябрынын аягына чейин аныктасын; Кыргыз Республикасынын Адинистрациялык жоопкерчилик жөнүндөкодексине эксплуатациялоочу уюмдардын, ишканалардын жана жекеадамдардын коллектордук-дренаждык тармактардын техникалык абалы,эксплуатацияланышы, бузулганы үчүн жоопкерчилигин караштырганөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнчечиминин долбоорун аныкталган тартипте киргизсин; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен бирдикте коллектордук-дренаждыктармактарга инвентаризация жүргүзсүн жана алардын ведомстволуктаандыктыгын аныктасын; - тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин алдында гидромелиорациялык экспедиция түзүү жөнүндөмаселени карасын жана 2006-жылдын 1-декабрына чейин КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун аныкталган тартиптекиргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жанакурулуш боюнча мамлекеттик агенттик: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги жана Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсызмүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдиктеколлектордук-дренаждык тармактар жайгашкан жерлерди турак жай жанабашка курулуштарды куруу үчүн бөлүп берүүнүн себептерин аныктасын,мындай эреже бузууларга жол берген күнөөлүү кызмат адамдарын жазалообоюнча сунуштарды киргизсин; - бузулган коллектордук-дренаждык тармактарды калыбына келтирүүгөкөрсөтмөлөрдү берсин жана алардын аткарылышына катуу контролдууюштурсун; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары менен бирдикте калктуу конуштарды курууну,реконструкциялоону жана кењейтүүнү курулуштун генералдык пландарынажана райондогу курулушту пландоонун схемаларына катуу ылайык ишкеашырсын; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мененбирдикте инженердик коммуникациялардын корулуучу зоналарында жерлердинбөлүп берилишин болтурбоо максатында жер участокторду бөлүп берүүнүнтартибин аныктасын. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин,калктуу конуштарын жана аймактарын суу каптоо проблемасын чечүү боюнча2007-2010-жылдарга карата улуттук программаны каржылоо булактарынаныктасын; - кыртыш алдындагы суулардын дењгээли көтөрүлүшүнүн себебинаныктоо боюнча илимий изилдөөчү жумуштарды жүргүзүү жана алардынсебептерин жоюу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу үчүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстарбоюнча мамлекеттик агенттикке республикалык бюджеттен 2,5 млн. сомбөлүүнү караштырсын; - калктуу конуштарды жана аймактарды суу басуу проблемасын чечүүгөинвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чарбакерсубьекттердин жетекчилерине коллектордук-дренаждык тармактынтехникалык абалы жана алардын эксплуатацияланышы үчүн жекежоопкерчилик жүктөлсүн. 6. Бул токтомду аткаруунун жүрүшү 2007-жылдын апрелинде КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынБиринчи вице-премьер-министри Д.Т.Үсөновго тапшырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов