(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-декабры № 831
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык
бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын
аудитинин жыйынтыктары
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын
республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз Республика-
сынын Эсептөө палатасыныны аудитинин жыйынтыктары Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-декабрындагы № 552 токтому менен бекитилген
2005-2007-жылдарга жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өсүшкө
көмөктөшүү программасында кабыл алынган өлкөнү өнүктүрүү параметрлерине
2005-жылы жетишилбегендигин көрсөткөндүгүн белгилейт, атап айтканда:
- ИДПнын реалдуу өсүшүнүн белгиленген дењгээли камсыз кылынган
эмес. Анын үстүнө, 2005-жылы ИДП 0,6%ке төмөндөгөн (негизинен өнөр жай
өндүрүшүндө 12,1%ке жана айыл чарбасында 4,2%ке төмөндөөдөн улам);
- инфляциянын темптерин кармоонун белгиленген дењгээли камсыз кы-
лынган эмес. Инфляция 4,9%ти түзгөн же белгиленген максаттан 0,2%ке
ашып кеткен.
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү бюджеттик багыттарды 100,7
процентке аткаруу менен 17126,0 млн. сом көлөмүндө аткарылган. Мында
бюджеттин кирешелерине "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык
бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган жана
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 26-статьяларына ылайык бюд-
жеттин тартыштыгын жабуу булактары болуп саналбаган 171,8 млн. сом тыш-
кы гранттарды кошууга жол берилген.
Кирешелердин түшүшүнүн реалдуу көлөмү 16954,2 мињ сомду, ал эми
киреше бөлүгүнүн аткарылышы 99,7 процентти түзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин жана Кыр-
гыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында катталган эко-
номикалык иш-аракеттердин субъекттеринин саны жөнүндө эсепке алуу маа-
лыматтарында 45,3 мињ бирдикке айырма бар экендиги белгиленген.
Киреше булактарына карата 1533,5 млн.дон ашуун сом кем түшкөн.
Өндүрүштө акциздик салыктар боюнча божомол 93,6 процентке аткарыл-
ган. Аткарылбагандыгынын, ошондой эле өткөн жылдын дењгээлине карата
түшүүлөрдүн азайышынын себеби ликер-арак ичимдиктерин чыгаруудан салык-
тын 15,4 млн. сомго кем түшүшү, өндүрүш көлөмдөрүнүн төмөндөшүнөн жана
зергер буюмдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн акциз салыгынын
нөлдүк ставкасын белгилешинен улам келип чыккан.
Акциз салыгынын эсептик жоготуулары алдын ала маалыматтар боюнча
зергер буюмдарын өндүрүүгө ставканын өзгөрүшүнүн кесепетинен 1390,6 мињ
сомду түздү.
Салыктык башкаруудагы жана продукцияларды акциз маркаларын албас-
тан сатып алуудагы кемчиликтерге байланыштуу 8,0 млн. сомго, анын ичин-
де "Апогей-Алко" ЖЧКсында - 2,0 млн. сом, "Аязмар-Күнтуу-Алко" ЖЧКсында
- 1,9 млн. сом, "Азат-Алко" ЖЧКсында - 4,1 млн. сом акциз салыгынын тө-
лөнбөй калышына жол берилген.
Туура эмес салыктык башкарууга же Салык кодексинин 165-статьясын
бузуу менен салыкты чыгарылган продукция боюнча эмес, сатып өткөрүүнүн
көлөмүнөн эсептөөгө байланыштуу ушул мезгилге чейин "Ак-Жалгасын-Алко"
ЖЧКсы 2003-жылдан бери 2,7 млн. сомго, "Аязмар-Күнтуу-Алко" ЖЧКсы - 1,8
млн. сомго, "Азат-Алко" ЖЧКсы - 2,0 млн. сомго акциздик салыкты төлөгөн
эмес.
Кем түшүү 2734,4 млн. сомду, же болжолдук көрсөткүчтүн 90 процен-
тин түзүп, божомол 303,0 млн. сомго кем аткарылган. Чарбакер субъект-
тердин бюджетке карызы 2006-жылдын 1-январындагы абал боюнча негизги
суммалар жагынан 1319,1 млн. сомду түздү, бул жылдын башына караганда
479,6 млн. сомго (57,1%) көп. Салык органдарына карыздардын негизги
үлүшү КНСке - 63,9% (689,2 млн. сом) жана пайдадан салык - 18,4%ке
(198,0 млн. сом) туура келет.
2005-жылдын ичинде Борбордук казыначылык тарабынан Салык кодекси-
нин 45- жана 63-статьяларына ылайык салык жана башка төлөмдөр боюнча
691,2 млн. сомго бюджеттен ашыкча төлөмдөрдү кайтарууга (зачет) 463
уруксат берилген, бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 173,2
млн. сомго кыскарышына алып келген. Алсак, республикалык бюджеттен са-
лык төлөөчүлөрдүн салыктар боюнча ашыкча төлөгөндүгүнүн эсебине 101,3
млн. сом суммасында орду толтурулган, анын ичинде "Кыргызстан аба жол-
дору" улуттук авиаташуулар" ачык акционердик коому боюнча - 9,0 млн.
сом, "Резлов" ЖЧКсы - 6,0 млн. сом, "Тевиз" ЖЧКсы - 4,2 млн. сом, дип-
ломатиялык өкүлчүлүктөр жана башка уюмдар боюнча - 82,1 млн. сомду
түзгөн.
Мындан тышкары жөнгө салынуучу кирешелерге КНСти ашыкча
төлөнгөндүгүн эсептөөдө КНСти туура эмес ажыратууга байланыштуу респуб-
ликалык бюджеттин кирешелеринин коромжусу 71,9 млн. сомду түзгөн.
Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 16920,0 млн. сом суммасында
же 94,6 процентке аткарылган.
2005-жылы социалдык коргоо статьялары боюнча чыгымдарды каржылоо
(атайын каражаттарды эсепке албаганда) 10164,6 млн. сомду же такталган
пландын 99,9 процентин түзгөн. Отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн жалпы чы-
гымдарда социалдык коргоо статьялары боюнча чыгымдардын салыштырма сал-
магы 66,3 процентти түздү.
"Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын атайын каражаттарды
пайдалануу бөлүгүндө казыначылык системасын айланып өтүү менен аны бу-
зууга жол берилген. Алсак, казыначылык системасын айланып өтүү менен
2042,8 мињ сом, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги-
нин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы боюнча - 52,6 мињ сом, Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Иммиграциялык фонду (облус-
тук органдар) - 127,9 мињ сом, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим
жана жаштар саясаты министрлиги (ведомстволук мекемелер) - 93,7 мињ
сом, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай
министрлигинин алдындагы Агрардык өнүктүрүү департаменти - 49,3 мињ
сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги (облустук орган-
дар) - 19,3 мињ сом чыгымдашкан.
2005-жылдын акырына карата 1359,2 млн. сомго дебитордук жана 393,8
млн. сомго кредитордук карыздардын топтолушуна жол берилген.
Республикалык бюджеттин 2005-жылы мамлекеттик бюджеттин саламат-
тыкты сактоо секторуна учурдагы чыгымдар ИДПга карата 1,9 процент
дењгээлинде калды, ал эми атайын каражаттарды кошпогондо ИДПга карата
0,8 процент же орточо мөөнөттүк болжолдоо параметрлеринде каралган мам-
лекеттик бюджеттен саламаттыкты сактоого чыгымдардын ИДПга карата 2,4
процентке чейин көбөйүшү сакталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 20-февралындагы № 53
"Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы стационардык мекемелеринде-
ги оорулардын тамактануусуна жана медикаментоздук дарылоосуна чыгымдар-
дын нормалары жөнүндө" токтомунун талаптары аткарылган эмес. Бир күндө
бир оорулууга тамактануунун нормасы 56 сом жана дары-дармектик дарылоо
45 сомду түзө турган болсо, тамактанууга 42 сомдон 53,8 сомго чейин жа-
на дарылоого 30 сомдон 38,5 сомго чейин каралган. Каржылоого каражат-
тардын жетишсиздиги 5,6 млн. сомду, анын ичинде тамактанууга 2,6 млн.
сомду, дары-дармектерге 3,0 млн. сомду түздү.
Норма боюнча соттолгон бир кишиге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 7-июнундагы N 323 "Эркиндигинен ажыратууга соттолгон, ошон-
дой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө изоля-
торлорунда жана камак үйлөрүндө турган адамдарды суткалык күтүүнүн че-
немин, аны колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токто-
муна ылайык суткасына 36,93 сомду түзсө, иш жүзүндө чыгымдар 20,79 сом-
ду түзгөн же талап кылынган норма 18,1 млн. сомго кем каржыланган.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин дарылоо ме-
кемелеринде кармоону талдоо дарылоонун бир учуру мамлекетке Коргоо ми-
нистрлигинин системасында 6,3 мињ сомго тура тургандыгын көрсөттү, мын-
да бир жатак-күнгө чыгымдар 371 сомду түзөт. Бир врач жумасына эки оо-
рулууну жана 13 жатак-күндү тейлейт. Демек, дарылануунун мынчалык саны-
на жана жатак-күндөргө 105 врачты күтүү рентабелдүү эмес.
"Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясын бузуу менен Чүй жана Та-
лас облустарынын республикалык бюджетке 104,4 млн. сом карызы бар экен-
дигине карабастан, облустардын бюджеттерине 4,0 млн. сом өлчөмүндө ссу-
далар берилген.
"Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясын бузуу менен Чүй облусунун
жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттери тарабынан өз ара эсеп-
тешүүлөр боюнча берилген 145,7 млн. сом суммасындагы каражат республи-
калык бюджетке которулган эмес. Ошентсе да социалдык абалдын оордугун
эске алуу менен республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге карал-
ган гранттар толук көлөмдө каржыланган.
Облустардын бюджеттери "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укук-
тардын негизги принциптери жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башка-
руунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык тийиштүү дењгээлдеги кењештер тарабынан бекитилүүгө
тийиш. Бирок, соњку эки жылдан бери облустук кењештердин жоктугунан
улам облустук мамлекеттик администрациялар облустук бюджеттерди өздөрү
бекитишет. Башкача айтканда, облустук бюджеттердин мыйзамсыздыгы ачык
көрүнүп турат.
2004- жана 2005-жылдардын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика
жана финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын башкы китебиндеги
баланстын отчеттук маалыматтарынын дал келбегендиги 2005-жылдын жыйын-
тыктары боюнча жолдо келаткан реалдуу сумма 0,3 млн. сом болсо, азыр
жолдо келе жаткан (бир күндүн ичинде которулууга тийиш болгон) накталай
сумма 17,4 млн. сом өлчөмүндө экендигин көрсөтүп турат.
2005-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга келип
түшкөн 937,2 млн. сом суммасында каражаттан Кыргыз Республикасынын Эко-
номика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал-
дар министрлигине 567,5 мињ сом гана каржылаган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-июлундагы № 564
токтому менен атайын эсептерди тейлөө менен байланышкан чыгымдарды жа-
буу үчүн иш жүзүндө келип түшкөн атайын каражаттардан атайын эсептер
боюнча эсептик-кассалык тейлөө үчүн бюджеттик мекемелерге акы төлөө
өлчөмү (0,5%) бекитилген, ал 9,8 млн. сомду түздү. Түшкөн каражаттардан
бул максаттарга 2,8 млн.сом гана пайдаланылган, ал эми 7,0 млн. сом
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук
казыначылыгы тарабынан бюджеттин башка чыгымдарын жабууга жумшалган.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин "Бюд-
жеттик мекемелерди каржылоо учурунда жылдык отчеттор боюнча эсептердеги
товардык-материалдык байлыктардын нормадан ашык запастарын жана кара-
жаттардын калдыктарын кошуп эсептөөнү жүргүзүү тартиби жөнүндө"
2001-жылдын 6-июнундагы № 146-б нускамасын бузуу менен 2005-жылдын ая-
гына карата 15 бюджеттик мекемеде жалпы суммасы 30,3 млн.сом болгон
эсептердеги товардык-материалдык байлыктардын нормадан ашык запастарын
жана каражаттардын калдыктарын кошуп эсептөө жүргүзүлгөн эмес.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Мыйзамды бузуп, Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук
агенттиги сметалык багыты болбогон атайын каражаттар боюнча 358,0 мињ
сом суммасындагы чыгымдарды жүргүзгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча
мамлекеттик агенттиктин Материалдык резервдер фонду 17737,8 мињ сомду
2005-жылдын республикалык бюджетине кошпостон чыгымдаган.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мын бузуп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ка-
раштуу Мамлекеттик өрт кызматы башкы башкармалыгы 17306,2 мињ сомго то-
вардык-материалдык баалуулуктарды сатып алган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мигра-
циялык кызмат департаментинде атайын каражат болуп саналбаган 244,0 мињ
сом суммасында уруксат боюнча берилген атайын каражаттардын калдыгы
бар, алар республикалык бюджетке келип түшүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин структуралык
подразделениеси - өзүнүн ишин толук чарбалык эсепте жүзөгө ашыруучу
субъект болуп саналган Дипломатиялык сервиске 2005-жылга республикалык
бюджетте 7800,0 мињ сом суммасында каражат каралган. Мында казыначылык-
та аталган структураны тейлөөчү эсеп жок, ал эми Дипломатиялык сервиске
бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-
нистрлигинин борбордук аппараты өзү каалагандай пайдаланат.
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги таш
көмүр казып алуу тармагынын объекттерине 23500,0 мињ сомду каржылаган,
мында акциялардын мамлекеттик үлүшү ушундай суммага көбөйө тургандыгы
эске алынган, бирок акциялардын мамлекеттик үлүшүн көбөйтүү жөнүндө ма-
селе азыркы учурга чейин козголо элек.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 16-декабрындагы
буйругуна ылайык "Центерра Голд Инк" корпорациясынын акцияларынын бир
бөлүгүн сатуудан алынган каражаттар Кедейликти кыскартуунун борбордош-
турулган фондун (ККБФ) түзөт жана республикалык өнүктүрүү бюджетинин
атайын бөлүгү катары классификацияланат. Бирок алар бюджеттин киреше
бөлүгүнө кошпостон чыгаша бөлүгүнө киргизилген, бул бюджеттин тартышты-
гын көрсөтүлгөн каражаттарды каржылоо суммасына көбөйтөт.
Жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен калкка узак мөөнөттүү ссуда
берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы №
339-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитекту-
ра жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы Турак жай ку-
рулуш мамлекеттик департаментине "капиталдык салымдар" статьясы боюнча
туракжай курууга же аны экинчи рыноктон сатып алууга 82,0 млн. сом,
анын ичинде ссудаларды тейлөөгө 4,2 млн. сом акысыз бөлүнгөн.
Кедейликти кыскартуунун борбордоштурулган фондунан (ККБФ) каражат-
тар толук бөлүнгөнүнө карабастан, долбоордун милдеттери аткарылган эмес
жана максатка - 300 үйбүлөнү жањы турак үй менен камсыз кылууга жети-
шилген эмес. Утурлама аудит күнүнө карата бул үй-бүлөлөргө карыз 54,2
млн. сомду түзөт.
2005-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
тышкы карызы 1882,5 млн. АКШ долларын (77738,1 млн. сомду) түзгөн. Дүй-
нөлүк практикада кабыл алынган тышкы карыздын ИДПга, экспортко, бюджет-
тин кирешелерине карата кооптуу көрсөткүчтөрү жана бюджеттин кирешеле-
рине карата тышкы карызды тейлөөнүн көрсөткүчү жогорулаган (5 көрсөт-
күчтүн ичинен 4ү аткарылган эмес).
"Кумтөр" кенинин акцияларын сатуудан келип түшкөн 106,5 млн. кана-
далык доллар, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги прин-
циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен, бюджеттин
киреше бөлүгүнө киргизилген эмес жана Кыргыз Республикасынын тышкы ка-
рызын кыскартуунун орточо мөөнөттүү стратегиясына ылайык тышкы карызды
тындырууга жумшалган эмес.
Кредиторлордун Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоко-
лунда каралган, 46,8 млн. АКШ доллары суммасындагы карызды 2005-жылдын
31-декабрына чейинки мөөнөттө кайра структуралаштыруу жөнүндө Түрк Рес-
публикасы менен. Макулдашууга кол коюу боюнча милдеттенмелер аткарылган
эмес.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караш-
туу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду (ЭӨМФ) көз салган чарба
жүргүзүүчү субъекттердин карызынын мөөнөтү өтүп кеткендигинен улам,
2005-жылы мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен 1979,0 мињ АКШ
доллары төлөнгөн, бул 81,7 млн. сомго эквиваленттүү.
1991-жылдын 16-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ка-
рызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- жана 8-статьяларын
бузуу менен, 1993-жылдан 2001-жылга чейинки мезгилде "Жибекжолу" АКсы,
"Куранды" БИсы, "Жылдыз" АК, "Алатоо" ГРК, "НАП КАЖ" АК ("Дебис Аэрофи-
нанс жана Дебис Аэрокрафт Лизинг" компаниялары), "Кыргызкерекжараксою-
зу" боюнча "Гузель Иш Проселен Санайи ве Тижарет А.Ш." фирмасына, жеке
карыздарды алууга мамлекеттик кепилдиктер берилген. Аталган карыз алуу-
чулар алынган кредиттерди кайтаруу боюнча милдеттемелерин аткарбаган-
дыктары, карыздарды тындыруу жана мамлекеттик бюджеттен 2,4 млрд. сом-
дон ашык өлчөмдөгү карыздарды төлөө боюнча кепилдин жоопкерчилигине
алып келди. ЭӨМФ маалыматтарына ылайык, 2005-жылдын 31-декабрына карата
абал боюнча бюджетке болгону 66,5 млн. сомдун орду толтурулган.
2004-жылы "Кайрат" АКБнын 100% акциясы "Казакстан эл банкы" АКсы
тарабынан менчиктештирилгенине карабастан, бюджеттин азыркы убакка че-
йин жалпы көлөмү 150,0 млн. сом проценттерди төлөө боюнча милдеттенме-
лери бар.
2005-жылы бөлүнгөн кредиттерди толук эмес өздөштүрүүнүн кесепети-
нен төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан 339,3 мињ АКШ доллары, алардын ичи-
нен аяктоо мөөнөтүн узартуунун кесепетинен - 10 долбоор боюнча 75,3 мињ
АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттин каралбаган чыгашаларына жол берилген.
2006-жылдын 1-январына карата өздөштүрүлбөгөн кредиттер жана заем-
дор боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын атайын эсеп-
теринде 9120792,56 - АКШ доллары, 17878704,09 - улуттук валюта (сом ме-
нен) жана 671779,92 "евро" түрүндөгү калдыктар бар, алар "Кыргыз Рес-
публикасынын казыначылыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамын бузуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
эсебинде консолидацияланган эмес.
Айрым бир долбоорлор баштапкы бекитилген чыгымдарды негиздемесиз
көбөйтүп финансылык отчет беришкен.
Мисалы, наркы 19,5 млн. АКШ доллары турган, аяктоо мөөнөтү
2005-жылдын 31-декабры болгон, бирок 2006-жылдын 30-июнуна чейин узар-
тылган "Саламаттык сактоо секторун реформалоо - 2" долбоору менен план-
далган сарптоолор отчетто 1412,0 мињ АКШ долларына ашырылып көрсөтүл-
гөн.
Долбоорлор аяктаганына карабастан наркы 5,0 млн. немис маркасында-
гы "Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшүү - 2" жана наркы 6,1 млн.
евро "Энеликти жана балалыкты коргоо - репродукциялык саламаттык III"
долбоорлорун ишке ашыруудан экономикалык жана социалдык пайдаларга же-
тишилген жок.
Долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында курулбай турган 115 суу менен
камсыз кылуу системаларын долбоорлоого 1,5 тен 2,0 млн. АКШ долларына
чейин чыгымдалган.
2005-жылдын 31-декабрына карата финансылык отчетто үнөмдөлгөн
358,4 мињ АКШ долларын чагылдырууда "Консультанттардын кызмат
көрсөтүүлөрү жана окутуу" компоненттери боюнча 818,4 мињ АКШ доллары
жана Ош шаарында жолдорду калыбына келтирүүдө 80,6 мињ АКШ доллары
ашыкча чыгымдоого жол берилген.
"Алматы-Бишкек жолун калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруунун
жүрүшүндө өткөрүп берүү мөөнөтүнүн үзгүлтүккө учураганынан улам объек-
тилердин өз убагында берилбешинин кесепетинен, консультантка төлөп
берүү подрядчыларга бышманаларды колдонуунун эсебинен эмес, кредиттин
каражатынын эсебинен 350,6 мињ АКШ долларына көбөйгөн.
2005-жылы 738,9 млн. сомго бюджеттик ссудалар жана чет элдик кре-
диттер жоюлган.
2006-жылдын 1-январына карата мөөнөтүнөн өтүп кеткен карыздар
4872,4 млн. сомду, анын ичинде бюджеттик ссудалар боюнча - 1096,3 млн.
сомду жана чет элдик кредиттер боюнча - 3776,1 млн. сомду түздү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн заем алуучуларынын бюджеттик ссудалар жана
чет элдик кредиттер боюнча карызы 17243,6 млн. сомду, анын ичинде ссу-
далар боюнча - 2045,1 млн. сомду, чет элдик кредиттер боюнча - 15198,5
млн. сомду, агроөнөр жай комплексиники тийиштүү түрдө 1317,2 млн. сом-
ду, 794,2 млн. сомду жана 523,0 млн. сомду түздү.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын бузулуп, мурда
алынган суммалар боюнча карыздар бар туруп ссудаларды берүүгө жол бе-
рилген.
Тариздөөдө жетишпестиктер болгон учурларда да ссудаларды берүүгө
жол берилген. Айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн төлөө мүмкүнчүлүгү
жетиштүү иликтенбестен 2,9 млн. сомго карыздарды которууга жол берил-
ген.
10 кредиттик иш боюнча тариздөөдө жана 1,7 млн. сомго дан
өсүмдүктөрүнүн уруктарын процентсиз товардык кредит түрүндө берүүдө
жерге күбөлүктөрдүн, айыл чарба жерлерин берүү тууралуу актылардын же
жер участокторун ижаралоого келишимдердин көчүрмөсү болгон эмес.
Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын табыштоосу
боюнча райондордун айрым жетекчилеринин жакын туугандары тарабынан
862,3 мињ. сомго товардык кредиттерди аштык дан түрүндө алган фактылар-
га жол берилген.
Күрөөлүк камсыздалбастан 8564,0 мињ. сомго товардык кредиттер бе-
рилген.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караш-
туу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан 2840,6 мињ сомго
айрым чарбалык субъекттер боюнча болгон карыздарды жоюуну токтото туруу
жөнүндө өз алдынча чечимдерди кабыл алууга жол берилген.
ЭӨМФ уруксаты боюнча консигнатор-ишканалар тарабынан карыз чарба-
лык субъектилерден 122,0 млн. сомго консигнацияга товарлар алынган,
алардын ичинен болгону 57,9 млн. сом же 47,4 проценти гана жоюлган.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караш-
туу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан Кыргыз Республи-
касы Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы № 196 Жарлыгынын эмгек
акы төлөө бөлүгү бузулуп, фонддун кызматкерлерине 22,5 млн. сом
өлчөмүндө эмгек акы төлөөгө жол берилген.
"Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджетинин атка-
рылышы тууралу аудиттин отчетунун жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Эсептөө палатасынын сунуштарында көрсөтүлгөн кемчиликтерди
жоюу жана тийиштүү финансылык тартипти камсыз кылуу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруудагы кемчиликтерди жоюу
боюнча ишти күчөтсүн;
- республикалык бюджет боюнча жүгүртүүдөгү кассалык акчанын сакта-
лышын камсыздоо боюнча милдеттенме такай бузулуп жатканына жана ресурс-
тар жок туруп чыгымдарды каржылоо болуп жатканына көњүл бурсун;
- долбоорлор боюнча береселердин жана проценттердин негизги сумма-
сын төлөөдө мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгымына алып келип жаткан
мөөнөттү кечиктирүүгө жол бербесин;
- консолидацияланган фонддон каражаттарды тартууга жана дебитордук
жана кредитордук карыздын түзүлүшүнө жол бербесин;
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономика-
лык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы кара-
ма-каршылыктардын жоюлушун камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2005-жылга бюджеттин ат-
карылышын аудиттөөдө аныктаган финансылык эреже бузууларга жол берген-
дик, мурда алынган кредиттер боюнча карызы барларга ссудаларды берген-
дик, ошондой эле бюджеттик каражаттарды башка максатка пайдалангандык
үчүн Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри финансылык
эреже бузууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аныкталган тартипте сунуштарды киргиз-
син.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-
гыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте:
- ЦАБСиР ЖАКнын жана "Жибекжолу" АКнын карыздары боюнча республи-
калык бюджетке келип жаткан карыздык оорчулукту азайтуу мүмкүндүгүн ка-
раштырсын;
- "Кайрат" сериясындагы мамлекеттик карыздык милдеттенме (МКМ) бо-
юнча мамилелерди жөнгө салсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-
пекциясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясы:
- жүргүзүлүп жаткан салыктык текшерүүлөрдүн сапаты начар экенин
карашсын ("Микадо-Трейдинг" ЖчК, "Неофлекс" ЖчК);
- салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча алынган суммаларды
бюджеттен кайра төлөөгө контролду күчөтүшсүн жана салыктык жана бажылык
администрациялоонун натыйжалуулугун арттыруу боюнча чара көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МБИнин аймактык
бөлүмдөрүнүн начальниктеринин ээлеген кызматтарына ылайыктуулугун ка-
раштырышсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 385
"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатууга
мамлекеттик монополияны камсыздоого көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар
жөнүндө" токтомун аткаруу боюнча чара көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-
теринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери финансылык
тартипти камсыздоо жана бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы
боюнча жооптуу кызмат адамдарына ведомствого таандык мекемелерде план-
дан тышкаркы чыгымдарды каржылоого бюджеттик каражаттарды пайдаланган-
дык үчүн тийиштүү чараларды колдонушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн матери-
алдарында көрсөтүлгөн, ашыкча каржыланган каражаттардын республикалык
бюджетке кайра алынышын камсыздасын;
төмөнкүлөрдү республикалык бюджеттин кирешесине кириштесин:
- 15 бюджеттик мекеме боюнча 2005-жылдын аягына карата 30,3 мињ
сом нормативден тышкаркы запастарды жана калдык каражаттарды;
- атайын каражаттарды казыналык системасын аттап пайдаланган бюд-
жеттик мекемелер боюнча 2042,8 мињ сомду;
- Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарга контролдук боюнча агенттиги
сметалык арналышы жок пайдаланган 385,0 мињ сомду;
- Кыргыз Республикасынын ТИМинин Миграциялык кызмат департамента-
нин эсебинде турган 244,0 мињ сомду;
- 2005-жылдын отчету боюнча жергиликтүү бюджеттерден республикалык
бюджетке берилчү каражаттардын кириштелишин аныкталган тартипте камсыз-
дасын;
- тышкы карыздын абалын аныктоочу беш индикатор боюнча кризистик
чектерди жакшыртуу боюнча чара көрсүн;
- бюджеттик мекемелер атайын эсептер боюнча кассалык эсептешүүнү
тейлегендик үчүн которуучу каражаттардын максаттуу пайдаланылышын кам-
сыздасын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдорун аткаруу боюн-
ча чара көрсүн:
- "Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы стационардык мекеме-
леринде оорулууларды тамактандырууга жана медикаменттик дарылоого сарп-
тоолордун нормасы жөнүндө" 2001-жылдын 20-февралындагы N 53;
- "Эркинен ажыратылгандарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин тергөө изоляторлорунда жана камак үйлөрүндө
адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, сутка-
лык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү
жөнүндө" 2000-жылдын 7-июнундагы № 323.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- 4872,4 млн. сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссудалар жана кредиттер
боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды жоюу боюнча чара көрсүн;
- "Жылдыз" АКсы үчүн 10,3 млн. немец маркасына, "Ала-Тоо" МРКга
9,0 млн. немец маркасына, "НАП КАЖ" АКсына 3,1 млн. долларга, Кыргыз
керектөөчүлөр союзунун 1,5 млн. АКШ долларга кредит боюнча болгон ка-
рыздарын бюджетке кайтарсын;
- мыйзамдарды бузуу менен ссуда түрүндө республикалык бюджеттен
бөлүп берилген 21,7 млн. сомду бюджетке кайтарсын;
- мурда кабыл алынган 2,8 млн. сомго карыздарды жоюуну токтото ту-
руу жөнүндө чечимдери жоюулсун жана алардын жоюлушун камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы
N 196 Жарлыгын бузуу менен фонддун кызматкерлерине төлөп берилген 22,5
млн. сомду бюджетке кайтарсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги
республикалык бюджеттен каржылангандыгына байланыштуу Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-майындагы № 236-б буйругунун көмүр
тармагынын субъектилеринин акцияларынын мамлекеттик үлүшүн 23,5 млн.
сомго көбөйтүү бөлүгүн аткаруу боюнча чара көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Коргооминдин система-
сынын дарылоо мекемелериндеги врачтардын 105 бирдигин кармоо зарылчылы-
гын карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте
сунуштарды киргизсин.
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги толук чарбалык
эсепте турган дипсервисти республикалык бюджеттин эсебинен кармоо за-
рылчылыгын кайра карасын жана бул түзүмдүк подразделениенин каржыланы-
шын мыйзамдарга ылайык келтирсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Товар-
дык-материалдык баалулуктарды мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын бузуу менен 17,3 млн. сом суммасына товар-
дык-материалдык баалулуктарды сатып алуу фактысы боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө
каршы башкы башкармалыгынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-
рулуш боюнча мамлекеттик агенттик бүтө элек курулуш боюнча 54,2 млн.
сом карыздын түзүлүшүнө жол берген Мамлекеттик турак жай курулуш депар-
таментинин кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын.
12. Кыргыз Республикасынын Эсептик палатасынын материалдары Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жана республикалык
бюджетин орчундуу жоготууларга учураткан чечимдерди кабыл алууга тиеше-
си бар кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо
үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
13. Кыргыз Республикасынын Эсептик палатасына республикалык бюд-
жеттин аудити жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосу-
на берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган
аудит объектисинин кызмат адамдарына жана кызматкерлерине администраци-
ялык санкцияларды колдонууга карата сунуштарды киргизүү сунушталсын.
14. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри Ф.Кулов